Парламенттин басма сөз кызматы «салтуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигин сунуштаган мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгы жөнүндөгү маалыматты четке какты.
Парламенттин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин редакциясы менен байланышып, парламент 9-октябрда «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл албагандыгын билдирди.
Талкуудан кийин дароо башталган добуш берүүнүн ал мыйзам долбооруна тиешеси жок, бул депутаттардын өзүлөрүнүн арасында да адашууларды жаратты.
«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандырууга» тыюу сала турган мыйзам долбоорунун демилгечиси, парламентарий Курманбек Дыйканбаев Kloop.kgге берген 9-октябрдагы маегинде анын мыйзам долбоору парламеттин биринчи окуусунда кабыл алынгандыгын айткан.
«Ооба, кабыл алынды. Ал үчүн 64 депутат добуш берди», — деген депутат.
Бирок, парламенттин басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, анда депутаттар мыйзам долбоору үчүн эмес, а Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРКнын) Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү үчүн добуш беришкен.
«Дыйканбаевдин мыйзам долбоору күн тартибинде алтынчы турган, а андан кийин токтом кеткен. Мыйзам долбоору добуш берүүгө багытталгандыгын жарыялашып, анан дароо эле токтом боюнча добуш берүүгө коюшса керек. Демилгечи да жаңылып калган болушу мүмкүн», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.
Басма сөз кызматтын өкүлү Дыйканбаевдин мыйзам долбоору боюнча биринчи окууда добуш берүү ушул аптанын ичинде боло тургандыгын кошумчалады.
«Басмырлоочу» мыйзам долбоор
Мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштайт.
Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.
Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.
«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.
«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.
Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөрдү (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.
«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.
«Субъективдүү терминдер»
9-октябрда парламенттеги талкуунун жүрүшүндө депутаттар документ белгилүү бир түшүндүрмөгө ээ эмес субъективдүү терминдердин бар экендигин белгилешкен – депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, аларга «жакшы пикир калтыруу» термини да кирет.
«Канчалык деңгээлде жакшы пикир? А мүмкүн терс пикирдир? Адамдын субъективдүү мамилесин аныктоо өтө кыйын болот. Бизге мыйзам жазып чыгуу жеңилирээк болот. Бирок аларды соттор кантип ишке ашырышат?», — деп суроо салган Осмонов.
Парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева Осмоновдун айткандарын колдоду – анын айтымында, «жакшы пикир калтыруу» терминин каалагандай түшүндүрүүгө болот.
«Андан сырткары мен биздин милициянын салттуу эмес сексуалдык ориентациядагы адам аныктала турган болсо дайыма эле туура аракеттерди көрбөй тургандыгын жакшы билем. Чынында алар өтө катуу мамиле кылышат. Аны биз баарыбыз билебиз», — деди депутат.
Адам укуктары боюнча парламенттик комитеттин башчысы, депутат Наталья Никитенко мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы адам укуктарына терс таасирин тийгизет деп эсептейт.
Кесиптештеринин пикири менен консервативдүү көз караштагы депутат Турсунбай Бакир уулу макул болгон жок — ал мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү «салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап калууга жардам берет» деп эсептейт.
Депутат Тынчтыкбек Шайназаров болсо экинчи окууга карата «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге жакшы пикир калтыруу» үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, парламентарий Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, депутаттар ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүнүн канын донордук кан катары пайдаланууга тыюу салуу каалоолорун айтышты.
«Алар көпчүлүк учурларда гепатит жана башка оорулар менен оорушат. Бир катар депутаттар аларга бала асырап алууга тыюу салууну да сунушташты. Андан сырткары пропагандага мамлекеттик бюджеттен акча коротпоо демилгелери да айтылды», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде «жакшы пикир жаратуу» кандай жол менен аныктала тургандыгын жана «салттуу эмес сексуалдык байланыштардын» эмне экендигин түшүндүрүп бере алган эмес.
«Салттуу мамилелер — бул Кудай эркек менен аялды жаратты, салттуу үй-бүлө, аялы менен күйөөсү, бул салттуу. Табигый үй-бүлө — бул коомдун уясы. Анда биздин каада-салттарыбызды сактоо укугу бар. Ал эми бир жыныстуу үй-бүлө куруу биздин кыргыз коому үчүн өөн нерсе», — деген ал.