Видео: Кыргызстандан барган мигрант расизмге каршы көргөзмөдө экспонат катары катышты

Кыргызстандык Илхамжан Абдукахаров Москвада өткөн Exhibit көргөзмөсүнө жандуу экспонат катары катышкан. Перформанстын өзү расизм көйгөйүнө көңүл бурууга багытталган.

Түштүк-африкалык сүрөтчү Брэт Бэйлинин  Exhibit B көргөзмөсү Москвада 14-октябрда аяктады. Ал перформанстын катышуучулары — негизинен Африкадан келгендер — расизм көйгөйүнө көңүл бурдуруу үчүн жандуу экспонаттар катары өзүлөрү турушкан.

Москвада жашаган кыргызстандык Илхамжан Абдукахаров белгисиз адамдар тарабынан 2007-жылы Орусиянын борборунда өлтүрүлгөн аталаш бир тууганынын эскерип, көргөзмөгө катышуучу катары кошулган.

«Ага 7 жыл мурун кечинде жаш балдардан турган топ кол салган. Аны сабап, бычак менен сайгылап кетишкен. Ал ошол жерде эле дароо каза болгон», — деди Абдукахаров Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, Exhibit B көргөзмөсүнө катышуу ал үчүн «өтө оор болду» — «жандуу экспонаттар» 100 мүнөт бою кыймылсыз туруулары керек.

«Көргөзмөнүн алдында көнүгүүлөрдү жасоо үчүн бизде 30 мүнөттөй убакыт болду. Режиссёр Бретт Бейли күн сайын бизди даярдап турду — психологиялык даярдык жана 10 мүнөттөй физикалык көнүгүүлөр. [...] Бреттин аркасы менен мен жаңы ыкка, перформанс искусствосуна үйрөндүм», — деди Абдукахаров.

Видео: Би-би-синин Exhibit B көргөзмөсү тууралуу сюжети

Ал көрүү контактары аркылуу көрүүчүлөр менен сүйлөшүү ага адамдардын реакциясын байкоого мүмкүнчүлүк берип, а өзү процесстен руханий ырахаттануу алгандыгын айтты.

«Биринчиден, менде адамдардын экспонаттарга кандай мамиле жасап, кандай кабыл алып жаткандыктарын байкоого мүмкүнчүлүк болду. Экинчиден, эң башкысы, көрүүчүлөр мени ыйлоого аргасыз кылышты. Көргөзмөдөн кийин руханий ыракаттануу гана аласыңар», — деди Абдукахаров.

Айтымында, ал Москвадагы «Театре doc» театрындагы «Акын опера» долбоорунда иштейт.

Чуулуу көргөзмө

Exhibit көргөзмөсү дүйнөнүн бир нече шаарында өткөн.

Уюштуруучулардын өзүлөрүн перфоманста экспонаттар катары Түштүк Африканын тирүү адамдары пайдаланылып жаткандыгын айтышып, алардын бир нече жолу расизмге айыпташкан.

Бирок сүрөтчү Бретт Бейли сындап жаткандар анын көргөзмөсүндө болбогондуктарын, анын толук маанисин барып көргөндө гана түшүнүүгө боло тургандыгын айтып келет.

«Эгер силер мойнуна чынжыр илинген кара денелүү аялды көрүп турсаңар — аны кара денелүү аялдын сексуалдык объектиси катары стереотиптин кайталанышы деп эсептөөгө болот. Бирок чынында ал стереотипти сындоо. Аны сүрөттөр аркылуу эмес, перформанс аркылуу гана түшүнүүгө болот», — деген Бейли Би-би-синин видеосунда.