Алматы менен анын чет жакаларындагы аймактын жашоочулары — Ысык-Көлгө баарынан тез-тез келип турган чет элдик туристтер — Кыргызстандын чиновниктери көлгө келчү жолду кыскартуу боюнча үч жолу аракет көргөндүктөрүн билишпесе керек.
Алматылык Карабаевдердин үй-бүлөсү эс алууга жыл сайын Ысык-Көлгө келишет. Чаң баскан шаардан чыгып, көл жээгинде күнгө кактанып, салыштырмалуу таза аба менен ыракаттануу үчүн алар бир нече күнгө Кыргызстандын берметин көздөй жөнөшөт.
Келген сайын аларга алгач Бишкекке чейин 4 саат жүрүп, андан ары Чолпон-Атаны көздөй жөнөөгө туура келет — жалпы жонунан жол 8-10 саттык убакытты алат.
Үй-бүлө башчысы Асылбек Карабаев абанын температурасы 40 градус Цельсияга чейин жетип, сезон кызып турган кезде жол жүрүү жүргүнчүлөргөн гана эмес, айдоочуга да кыйын болоорун айтат.
«Биз жайында жана жолдун дал жаман бөлүгү аркылуу барабыз. Анда өтө чарчаганың аз келгенсип, бүт жерге МАИ кызматкерлери туруп алышып, адамдын убактысын алып токтото беришет», — деп даттанды Асылбек.
Анын айтымында, Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолу оңдолгондон кийин анын кээ бир бөлүктөрү кыйла эле жакшы болуп калган, бирок жалпысынан жолдун узактыгынан улам адамды «чарчатып жиберет».
Карабаев Кыргызстандын бийлиги Алматы-Чолпон-Ата унаа жолуна альтернативдүү каттамдарды даярдап койгондуктарын билчү, бирок алардын арасында Ысык-Көлдүн курорттук борборуна чейин бир сааттын ичинде барууга мүмкүн боло тургандыгы бар экени оюна да келген эмес.
«Эгер ошондой жакшы жол болсо, анда эң сонун болмок. Бир сааттын ичинде учак менен учуп барууга гана мүмкүн болсо керек. Эгер андай жол болсо Алматынын баары Ысык-Көлгө барып эс алмак», — деди ал.
Каражаттын жетишсиздиги
Кыргызстандын бийлиги альтернативдүү жана кыскараак жол куруу маселесин бир нече жолу ойлонуштурушкан — жалпысынан ал боюнча үч долбоор бар. Бирок аларды ишке ашыруу боюнча көрүлгөн бардык аракеттер натыйжасыз болгон — долбоорлор каражаттын жетишсиздигинен улам токтотулган же аягына чейин бүткөрүлбөгөн бойдон калган.
Алматыдан Ысык-Көлгө чейин келчү альтернативдүү жол куруу боюнча алгачкы аракет 2004-жылы көрүлгөн, анда Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстанга 1 млн. АКШ долларын бөлгөн.
Сунушталган Алматы-Узангаш-Кемин-Чолпон-Ата каттамы учурдагы жолдон эки эсеге кыска болушу керек болчу.
Кыргыз чиновниктери бөлүнгөн миллион долларга болжолдуу техникалык-экономикалык негиздөө долбоорун иштеп чыгышкан, бирок жолдун курулушун башташкан эмес.
Кыргыз чиновниктери болгон акчанын бардыгын болжолдуу техникалык-экономикалык негиздөө версиясына жумшашып, анын үстүнөн иштөөнү токтотушкан, анткени толук долбоор менен дизайнды иштеп чыгууга кошумча дагы каражат керек болгон.
«Түбөлүк тоңуп турган тилкедеги» долбоор
Кийинки жолу эки жылдан кийин, 2006-жылы аракет кылып көрүшкөн. Анда премьер-министр болуп турган Феликс Кулов 117 чакырымга созулган жолдун курулуш долбоорун сунуштаган.
Анда Алматы-Каскелен-Чырпыкты-Чолпон-Ата каттамы учурдагы жолду төрт эсеге кыскартаары болжолдонгон.
Долбоорду казакстандык «Еркiн ТрансСервис» транспорттук компаниясы ишке ашыруусу керек болчу.
Бирок жыйынтыгында жолду куруп башташкан эмес, а долбоорду токтотуп коюшкан. Ага жолдун түбөлүк тоңуп турган тоо тилкеси аркылуу өткөндүгү себеп болгон, деп билдиришти Kloop.kgге Кыргызстандын Транспорт министрлигинен.
«Себептердин бири каттамдын Иле-Алатау мамлекеттик-улуттук паркынын аймагы аркылуу өткөндүгү болгон. Ал жолдун курулушу жагымсыз экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн», — деп жооп берди мекеме расмий жөнөтүлгөн сурамга.
«Kyrgyz Concept» туристтик компаниясынын ээси жана мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев жолду Куловдун долбоору боюнча курууда «өнүккөн» технологияларды колдонуу зарылдыгын, антпесе «сапатсыз» болуп калаарын айтууда.
«Мен ал жолдун курулушуна эч качан ишенген эмесмин, азыркыга чейин ишенбейм. [...] Ал адамдардын жыргалчылыгына чоң зыян алып келе турган таң каларлык демилге болгон, акчалардын изи коррупциялык жол менен жашырылып, чоң ысырапкорчулук болуп, экологиялык система бузулган», — деп эсептейт Үмөталиев.
Бирок Транспорт министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Кубанычбек Мамаевдин айтымында, ал долбоор боюнча жол курулушуна акча жумшалган эмес.
«Еркiн ТрансСервис» жол курула турган аймакты айланып учуп гана көргөн», — деди Мамаев.
Каатчылык тоскоол болгон
Дагы бир ийгиликсиз аракет Кыргызстан менен Казакстан жолду Көк-Ойрок ашуусу аркылуу салган 2007-жылы жасалган. Анда унаа жолу: Алматы-Каскелен-Кемин-Чолпон-Ата каттамы боюнча кетет деп болжолдонгон.
Ал жолдун акча төлөнмө болуп, андан улам кирешелүү болоору пландалган. Бирок бир жылдан кийин башталган дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын айынан долбоорду токтотушкан, анда Казакстан көбүрөөк жабыр тарткан.
«Вечерний Бишкек» гезити жазгандай, анда куруучулардын ашуу аркылуу 50 чакырымга чукул гана жол салуу иши калган болчу.
Бирок, Мамаевдин айтымында, бир дагы долбоорду практика жүзүндө ишке ашырып башташкан эмес — куруучулар жолдорду салып баштамак тургай, аны асфальт төшөөгө да даярдашкан эмес.
«Бардык долбоорлор боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздөө вариантын аныктоо гана жүргүзүлгөн. Болжолдуу дизайн да, болжолдуу техникалык-экономикалык негиздөөнүн оптималдуу варианты да акча талап кылат: ээлеген жердин аянты, буза турган жердин аянты жана экологиялык зыян. Бардыгы тең толук экспертизадан өтүшү керек», — деп билдирди Мамаев.
Анын айтымында, учурда Алматыдан Чолпон-Атага келчү альтернативдүү жолду курууну долборлоо боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөй эле, андай иштер алдыдагы пландарда да жок.
«Жол салуу үчүн инвестор керек. [...] эч кандай иштер жүрбөй эле, ал планда да, өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясында да жок», — деди Мамаев.
Үмөталиевдин пикиринде, учурда жол куруу боюнча ишке ашырууга мүмкүн болгон татыктуу сунуштар жок.
«Жол куруп башташ үчүн технологиялык жаңылыктарды максаттуу пайдалануу менен олуттуу негизделген сунуш болушу керек, андай сунуш жок болсо, анда ага акча сарптап кереги жок», — деп эсептейт экономист.
Экономика тармагы боюнча дагы бир эксперт Искендер Шаршеев эгер унаа жолду кура турган болушса Казакстандан Ысык-Көлгө келген туристтердин саны 60 пайызга чейин көбөйө тургандыгын айтты.
Анын эсептөөчү боюнча, жолдун өзүнө 350 млн. АКШ доллары керектелет — бул жөнөкөй жолдун курулушуна караганда кымбатыраак болот, анткени аны тоолуу аймак аркылуу салуу керек болот. Аны менен катар Шаршеев жолдун өзүн 10 жылдын ичинде актаарына ишенет.
«Ысык-Көлгө келип жаткандардын жарымынан көбү — бул казакстандыктар. Болгондо да алар негизинен үч күнгө келишет. Күнүнө алар 200 доллардан 1000 долларга чейинки каражат сарпташат», — дейт экономист.
«Ысык-Көлгө тезирээк барып турмакмын»
Алматынын жашоочусу Алена Зинченко жыл сайын Ысык-Көлгө келип эс алат. Туристтердин аздыгынан улам ал көлдүн түндүк жээгине караганда түштүк жээгине барганды жакшы көрөт.
«Ысык-Көлдү аябай жакшы көрөм, жыл сайын барам. Укмуштуудай жаратылыш, таза көл жана таза аба, йога менен алектенүүгө андан өтөрү жок», — дейт Алена.
Жогоруда айтылгандай жолдун курулушунун ыктымалдыгы жөнүндө уккан соң, эгер андай болго ал Ысык-Көлгө дем алыш сайын келмектигин айтат.
«Албетте, мен кубанмакмын, мүмкүн Ысык-Көлгө тез-тезден барып турмакмын. Дем алыш сайын барып турса болот», — деп сүйүндү Зинченко.
А азырынча андай жол жок болгондуктан, Алена Ысык-Көлгө бир жайда көп болсо эки гана жолу келет.
Каттамдардын бардык карталары Транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан берилди.
Сүрөт: Mzximvs VdB, Flickr.com.
Автор: Нуржамал Жаныбекова