Инфографика: 22 жылдын ичинде Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» акцияларынын үлүшү кандай өзгөргөн

Кыргызстан канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен жаңы келишим түзүүгө даярданууда. Ага ылайык, эки тарап тең биргелешкен «Кумтөр» ишканасынын акцияларынын бирдей үлүшүнө ээ болушат.

1992-жылы Кыргызстандын бийлиги «Кумтөр» алтын кенинде ошондой эле аталыштагы алтын өндүрүү ишканасын түзүү боюнча канадалык «Камеко» компаниясы менен макулдашууга кол койгон.

1992-жылдагы макулдашуу боюнча, Кыргызстан «Кумтөрдүн» акцияларынын үлүшүнүн 67 пайызына ээ болгон, а «Камеконун» үлүшү акциялардын 33 пайызын түзгөн.

Өнөктөштөр ортосунда акцияларды мындай бөлүшүү «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү тууралуу макулдашууга кол коюлган 2003-жылга чейин уланган.

Алгачкы «пайдасыз келишим»

Николай Танаев, 2002-2005-жылдардагы Кыргызстандын премьер-министри. 2003-жылдагы макулдашууну көпчүлүк учурда анын урматына «танаевдики» деп аташат.
Николай Танаев, 2002-2005-жылдардагы Кыргызстандын премьер-министри. 2003-жылдагы макулдашууну көпчүлүк учурда анын урматына «танаевдики» деп аташат.

2003-жылдагы ишкананын түзүмүн өзгөртүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен «Камеконун» «Кумтөрдөгү» акцияларынын бардыгы тең «Комеконун» туундусу болгон канадалык «Центерра Голд» компаниясына өткөн.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын бийлиги мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасынын атынан «Центеррадан» акциялардын 33 пайызын, «Камеко» — 67 пайызын алган.

10 жылдан кийин 2003-жылдагы ал макулдашууну «пайдасыз» жана «коррупциялык схемаларды» камтыган деп аташат — мындай корутундуну Кыргызстандын бийлиги тарабынан жалданган юридикалык «Мушкат Консалтанс» компаниясы менен «Барлев Инвестигэйтив» аудитордук фирмасы чыгарган. Ошондой эле ал фирмалар өз корутундусунда акциялар башкача: «Кыргызалтын» — 28,8 пайыз, «Камеко» — 58,5 пайыз болуп бөлүштүрүлгөндүгүн жазган.

Ал компаниялардын толук отчетуна ылайык, Кыргызстандын бийлиги ал макулдашуу үчүн «Камеко» компаниясынан 2002-жылы 4 млн. доллар алган — аны менен катар ал акчанын которулгандыгы ал кезде каржы министри болуп турган Болот Абилдаев тарабынан ырасталган.

Кийинчерээк ал акчалар «Барлев» менен «Мушкат» тунгуч президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү менен байланыштырган «Экерд Лимитед» деген оффшордук компания тарабынан эсептен чыгарылып кеткен.

Сатыктын жүрүшүндөгү Кыргызстандын үлүшүнүн «желиши»

Сатыктын жүрүшүндө Кыргызстандын Центеррадагы үлүшү 33 пайыздан 15,66 пайызга чейин желген. Сүрөт Centerra Gold Inc сайтынан алынды.
Сатыктын жүрүшүндө Кыргызстандын Центеррадагы үлүшү 33 пайыздан 15,66 пайызга чейин желген. Сүрөт Centerra Gold Inc сайтынан алынды.

2004-жылы «Центерра» Торонтодогу фондулук биржада акцияларын сатыкка кое тургандыгын билдиргенден соң Кыргызстандын үлүшү экинчи жолу өзгөрүүгө дуушар болгон — анын жүрүшүндө «Центерра» 16 млн. жөнөкөй акцияларды сатыкка койгон, алардын 7,5 миллиону «Кыргызалтынга» тиешелүү болгон.

Акцияларды сатуунун жыйынтыктары боюнча, Кыргызстандын бюджетине 83,4 млн. АКШ доллары түшкөн, бирок аны менен катар «Кыргызалтындын» «Центеррадагы» акцияларынын үлүшү 15,66 пайызга чейин, а «Камеконуку» — 52,68 пайызга чейин желген.

«Мушкат» жана «Барлев» компанияларынын маалыматтары боюнча, үлүштөрдүн желиши башкача болгон: «Кыргызалтын» — акцияларын 16,1 пайызда, а «Камеко» 58,5 пайызда сактап калган.

Кийинчерээк ал акциялардын сатылышын да «Кыргызстан үчүн пайдасыз» деп аташат:

«Мамлекеттик комиссия «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү боюнча мындай пайдасыз келишимдерди түзүү ошол кезде Кыргыз Республикасын жетектеп турган адамдардын жеке кызыкчылыктарына байланыштуу деп божомолдоодо», — деген корутунду чыгарган 2013-жылдын башындагы иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын бийлиги.

2009-жылдагы түзүм өзгөртүү

Игорь Чудинов, 2007-2009-жылдардагы Кыргызстандын премьер-министри. Ал 2008-2009-жылдардагы «Центерра» менен болгон сүйлөшүүлөргө жооптуу болгон. Сүрөттүн автору: Michał Koziczyński
Игорь Чудинов, 2007-2009-жылдардагы Кыргызстандын премьер-министри. Ал 2008-2009-жылдардагы «Центерра» менен болгон сүйлөшүүлөргө жооптуу болгон. Сүрөттүн автору: Michał Koziczyński

2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келген Кыргызстандын жаңы бийлиги бир нече жыл бою «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашууларды кайра карап чыгууга аракет кылган.

Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшүн көбөйтүүгө болгон алгачкы аракет 2007-жылы болгон, бирок парламенттин таркап кеткендигине байланыштуу ал аягына чейин чыкпай калган — ал кездеги пландарга ылайык, кыргыз бийлигинин үлүшү акциялардын 30,6 пайызына чейин көбөйүшү керек болчу.

Кийинчерээк, 2008-жылы, парламенттин депуттары жана «Кыргызалтындын» ошол кездеги башчысы Алексей Елисеевдин күчү менен «Кумтөрдүн» эсептери камакка алынган, бул «Центерранын» жетекчилигин долбоордогу үлүштөрдү кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого аргасыз кылган.

2009-жылдын апрелине карата «Центеррадагы» акцияларды бөлүштүрүү боюнча жаңы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстандын үлүшү акциялардын 32,74 пайызына чейин көбөйгөн.

2009-жылдын соңунда күчүнүн баарын өзүнүн башкы ишмердүүлүгүнө — уран өндүрүүгө топтоо үчүн «Камеко» «Центеррадагы» үлүшүн толугу менен сатып жиберген.

Кыргызстан өзүнүн 32,74 пайызы менен «Центеррадагы» акциялардын эң ири «кармоочусу» болуп калган — калган компаниялар учурда 6 пайыздан ашпаган пакеттерге ээлик кылышат.

Жаңы макулдашуу боюнча пландар

2012-жылы Кыргызстан менен «Центерра» 2003чү жана 2009-жылдардагы макулдашууларды кайрадан карап чыгуу тууралу жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган. Ал сүйлөшүүлөр «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен бир нече жолу чоң митингдерди уюштурган оппозицянын нааразычылыктарынын фонунда жүргөн.

Кыргыз бийлиги мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин режимдери «пайдасыз» келишимдерди түзүшкөн, андан улам алтын өндүрүү компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан 32,74 пайызга чейин кыскарган деп билдирген.

Эки жылга созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен «Центерра» үлүштөр 50-50 пайыздан теңме-тең бөлүштүрүлө турган биргелешкен ишкана түзүү тууралуу макулдашышкан.

«Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытовдун акыркы билдирүүсүнө ылайык, сүйлөшүүлөрдүн акыркы бөлүгү 2014-жылдын октябрынын аягында Бишкекте өтөт.

«Биз акыркы сүйлөшүүлөрдү жакынкы убактарда Бишкекте өткөрүүнү пландап жатабыз, анда биргелешкен ишкана түзүүгө байланышкан акыркы маселелер чечилет», — деп жазган КирТАГ агенттиги Мамытовдун айткандарын.