Канада соту Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларынын жарымынан көбүн камакка алды

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту Кыргызстандын «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясы ээлик кылган «Центерра Голддогу» 77 млн. акциясынын 47 миллионун камакка алды.  Камакка алуунун себеби — Кыргызстан бийлигинин «Станс Энерджи» фирмасына 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүдөн баш тарткандыгында.

Акциялардын камакка алынгандыгы туураалуу маалымат 14-октябрь күнү каржы компаниялары менен бизнес фирмалардын пресс-релиздерин туш-кушка жөнөтүү менен алектенген Bussiness Wire маалымат агенттиги тарабынан таркатылды.

Пресс-релиздеги маалыматтарга ылайык, акциялар Кыргызстандын бийлиги «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү компенсацияны «төлөй албагандыгынан же төлөөдөн баш тарткандыгынан» улам камакка алынган. Ал чет элдик фирма Кутесай II кенинде казуу иштерин улантуу укугу үчүн кыргыз бийлиги менен узакка созулган соттук териштирүүлөрдү улантып келген.

Пресс-релизде мындар ары Кыргызстан «Центеррадагы» камакка алынган 47 млн. акиясын «сата албайт, кожоюндук кыла албайт, алмаштыра албайт, ээлеп ала албайт же күрөөгө кое албайт» деп жазылган.

Жалпысынан Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу канадалык «Центерранын» акцияларынын 77 млн. ашыгына, болжол менен 33 пайызына ээлик кылат. Өз кезегинде «Центерра» «Кумтөр» алтын кенинде алтын өндүргөн «Кумтөр» компаниясына толугу менен ээлик кылат.

Акцияларын камактан чыгаруу үчүн эми Кыргызстан «Станс Энерджиге» 118 млн. доллар төлөп бериши керек — компания болсо кыргыз бийлиги компенсацияны төлөп бергенге чейин макулдашуунун мөөнөтүн узартууга болгон күчүн жумшай турганын жазган.

«Азыркы учурда бизде алдыга жылуудан башка альтернатива жок, азырынча биз компенсация төлөтүп алуу маселесин өзүбүздүн пайдабызга чечтирүүнүн жолундабыз», — деп жазылган «Станс Энерджинин» президенти Родни Ирвиндин айткандары.

Эки жылдык соттук териштирүүлөр

Кыргыз бийлигинин «Станс Энерджи» менен талашып-тартышуусу 2012-жылдан бери уланып келет — териштирүүлөр «Станс Энерджи» Кутесай кенинде казуу иштерин жүргүзүү укугун «иштетүү долбоору жок» алган деп Кыргызстан компанияны сотко бергенден кийин башталган.

Ал уруксат берилгенден кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Учкунбек Ташбаевге каршы кылмыш ишин козгогон.

Ташбаев ага тагылган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес жана сотто «Станс Энерджи» иштетүү долбоорун өз убагында бергендигин билдирген — бирок анын бул билдирүүсүнө карабастан Бишкектин Биринчи май райондук соту 2014-жылдын июнунда ага карата 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

«Станс Энерджи» Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко Кыргызстандын өкмөтүнө карата жооптуу доо арыз жөнөткөн — компания соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан маалда кенди иштете албай тургандыгын айтып даттанган.

Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы сот үстүбүздөгү жылдын июлунда казуу иштеринин токтотулгандыгынан улам компания кенди иштете албай калгандыгы үчүн Кыргызстан «Станс Энерджиге» 118 млн. доллар төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.

Бирок анда вице-премьер Тайырбек Сарпашев өкмөттүн атынан Кыргызстандын бийлиги ал акчаларды төлөп бербей тургандыгын, соттун чечими боюнча даттануусун улантаарын билдирген болчу.