Атамбаев «Центерранын» акцияларын канадалык биржадан чыгарып кетүүнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев «Центерра» компаниясынын активдерин канадалык биржадан чыгарып кетүүнү же «кыйла чечкиндүү чараларды» көрүүнү сунуштады. Ал бул билдирүүсүн Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларынын бир бөлүгү камакка алынгандан кийин жасады.

20-октябрда президенттин басма сөз кызматы Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акцияларынын камакка алынышы боюнча Атамбаевдин билдирүүсүн жарыялады.

14-октябрда Онтарио провинциясынын Жогорку соту Кыргызстандын «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. АКШ долларын төлөп берүүдөн баш тарткандыгынан улам Кыргызстандын «Центеррадагы» 77 млн. акциясынын 47 миллионун камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ал чет элдик фирма Кутесай II кенинде казуу иштерин улантуу укугу үчүн кыргыз бийлиги менен узакка созулган соттук териштирүүлөрдү улантып келген.

Президент канадалык соттун чечимине нааразы болуп, «Центерранын» акцияларын Торонтодогу канадалык биржадан чыгарып кетүү же «кыйла чечкиндүү чараларды» көрүүнү сунуштады. Азырынча Атамбаевдин «кыйла чечкиндүү чаралар» сөзү менен эмнени айткысы келгендиги түшүнүксүз.

«Канаданын сотторунда Кыргызстан үчүн чыгашалуу чечимдерге алып келген Centerra Gold inc. акцияларынын тегерегиндеги түрдүү оюнчулардын чайкоочулугу Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын менчиги болуп  эсептелген «Кумтөр» алтын кенин иштетүүгө карата мамилени кайрадан карап чыгууну талап кылууда», — деп жазылган президенттин билдирүүсүндө.

Атамбаев кыргыз бийлиги менен «Центерранын» өкүлдөрү Кыргызстандын алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасындагы үлүшүн көбөйтүү тууралуу бир жыйынтыкка келе албай жаткандыктарын белгилеген.

«Тилекке каршы канадалык азыркы өнөктөштөр болгон Centerra Gold inc. менен өз ара пайдалуу консенсуска жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын кийинки аракеттери азыркы күндө  биз каалаган жыйынтыктарды бербей жатат», — деп жазылган билдирүүдө.

Бирок өткөн аптада, 13-октябрда, мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасынын башчысы Токон Мамытов сүйлөшүүлөр аяктап калганын жана тараптар үлүштөр теңме-тең бөлүштүрүлө турган биргелешкен жаңы ишкана түзүү боюнча макулдашкандыктарын билдирген.

«Кыргызалтын» — Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларына кожоюндук кылган мамлекеттик ишкана.

Акцияларды камакка алуу төлөп берүүгө түрткү болчу кадам

Кыргыз бийлиги менен «Станс Энерджи» компаниясынын ортосундагы соттук териштирүүлөр 2012-жылдан бери уланып келет. Териштирүүлөр «Станс Энерджи» Кутесай II кенинде казуу иштерин жүргүзүү укугун «иштетүү долбоору жок» алган деп Кыргызстан компанияны сотко бергенден кийин башталган.

«Станс Энерджи» компаниясына кенди иштетүүгө уруксат берилгенден кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Учкунбек Ташбаевге каршы кылмыш ишин козгогон.

Ташбаев ага тагылган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес жана сотто «Станс Энерджи» иштетүү долбоорун өз убагында бергендигин билдирген — бирок анын бул билдирүүсүнө карабастан Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

«Станс Энерджи» Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко Кыргызстандын өкмөтүнө карата жооптуу доо арыз жөнөткөн — компания соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан маалда кенди иштете албай тургандыгын айтып даттанган.

Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы сот үстүбүздөгү жылдын июлунда казуу иштеринин токтотулгандыгынан улам компания кенди иштете албай калгандыгы үчүн Кыргызстан «Станс Энерджиге» 118 млн. доллар төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.

ирок анда вице-премьер Тайырбек Сарпашев өкмөттүн атынан Кыргызстандын бийлиги ал акчаларды төлөп бербей тургандыгын, соттун чечими боюнча даттануусун улантаарын билдирген болчу.

Жакында эле Кыргызстандын «Центеррадагы» акциялары камакка алынгандан кийин «Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытов өлкө бийлиги канадалык соттун чечими боюнча даттана тургандыгын билдирген.