Нью-Йорк университетинин кыргызстандык студенти Аида Сулова бир жарым жылдан бери Бишкектеги таксилердин ички жасалгаларын сүрөткө тартып келет.
Аида Сулова коомдук активист жана АКШнын ири жеке жогорку окуу жайы — Нью-Йорк университетинин студенти.
Ал 2013-жылдын май айынан тарта Бишкектеги таксилердин жүргүнчүлөр отурчу орундуктарын сүрөткө тартып баштаган.
Анын айтымында, «таксинин арткы отуруучу жайлары — бул өзүнчө бир ички дүйнө».
Сулова бир нече жыл мурун Бишкектин булганышына каршы багытталган «Жил-был пакет» деген акцияны демилгелегенден кийин белгилүү болуп калган.
Акциянын алкагында ал шаар тургундарын пластик пакеттердин ордуна көп жолу колдонууга ылайыкташтырылган дизайнерлик эко-баштыктарды пайдаланууга чакырган.
Сүрөттөрдүн бардыгы тең Аида Сулованын «Фэйсбуктагы» сүрөтальбомунан алынды.