Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши — «эки балээнин бирин тандоо» экенин билдирди. Аны менен катар ал интеграциядан кийин инфляция болуп, баалардын өсүшү ыктымалдыгын кошумчалады.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин төртүнчү жыйынында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен «эки балээнин бирин тандай тургандыгын» билдирди.

Андан сырткары өлкө башчысы интеграциялык биримдикке кирүүдө инфляция болуп, биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөргө болгон баалардын өсүшү ыктымалдыгын мойундады.

«Эгер биз биримдикке кирбесек, анда бизде жогоруда айтылган тобокелдиктердин бардыгынын начарлаган варианты болот. Кулак баштан садага. Биз биримдиктин башка катышуучулары менен бирдей укуктарга ээ болуу үчүн интеграцияга башыбызды жогору көтөрүп, азыр кирүүгө милдеттүүбүз», — деп жазган «Вечерний Бишкек» президенттин айткандарын.

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүнүн алдындагы бажы төлөмдөрүнүн жогорулашына даярданууда

Президент өлкөнүн Орусия, Беларусь жана Казакстан тараптан түзүлгөн Евразиялык экономикалык мейкиндик менен Бажы биримдигине кирүүдөн башка жолу жок экенин бир нече жолу билдирген.

Буга чейин, Кыргыз Республикасын туруктуруу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев учурда өлкөнүн Бажы биримдиги менен Евразия экономикалык биримдигине кириши «өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн приоритеттүү» экенин билдирип, Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картасынын бардык пункттары аткарылгандыгын кошумчалаган.

Премьер Жогорку Кеңештин депутаттары менен парламенттик фракция лидерлерин Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан бардык мыйзамдарды бир пакет менен кабыл алууга чакырган.

Тема боюнча: Кыргызстан ББга киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: Административдик айып пулдар жогорулайт
Тема боюнча: Кыргызстан ББга киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: Техникалык кароо кайтып келип, бажы төлөмдөрү өзгөрөт

Аны менен катар Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчиси Олег Панкратов «Азаттык» радиосуна берген маегинде бир катар товарлар боюнча тарифтик сүйлөшүүлөр Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр менен азыркыга чейин уланып жаткандыгын билдирген.

Кээ бир товарлардын бааларынын азыртадан эле көтөрүлүп жаткандыгы байкалууда. Аларга 2014-жылдын 22-сентябрында бажы төлөмдөрүнүн алгачкы жогорулашынан кийин орточо 1000 АКШ долларына кымбаттаган автоунааларды киргизсе болот. Бажы төлөмдөрүнүн экинчи жолу жогорулашы 2015-жылдын башында күтүлүүдө.

Кыргызстандын Улуттук банкынын билдирүүлөрү боюнча, 2014-жылдын алгачкы эки карталында инфляция 8,5 пайызды түзгөн.