Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын «коррупциялык имиджине» жалпыга маалымдоо каражаттары күнөөлүү экенин билдирди. Анын айтымында, бийлик коррупция менен күрөшүүгө болгон аракетин жумшоодо, бирок маалымат каражаттары «терс нерселер тууралуу гана» жазып жатышат.

Атамбаев бул тууралуу 27-октябрда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин IV жыйында билдирди — айтымында, инвесторлор Кыргызстанга анын «коррупциялык имиджи» үчүн келбей жатышат, деп билдирди «Вечерний Бишкек» гезити президентке шилтеме жасап.

Өлкө башчысынын пикиринде, бийлик коррупция менен күрөшүүдө «кыйла алдыга жылганы» менен ЖМКлар «бийликти каралап», «терс нерселер тууралуу гана жазып жатышат».

«Кыргызстандын Африка өлкөлөрүнө салыштырмалуу чыныгы балээ катары эсептелген коррупциялык образы үчүн ЖМКларга ыраазычылык билдирүү керек. Бир дагы өлкөдө маалымат каражаттары бийликти биздегидей каралабайт. Алар Кыргызстанда баары жаман, коррупция өнүгүп жатат деп жазышат. Бул өлкөнү, чындыкты сыйлабоо болуп эсептелет!» — деп жазган «Вечерний Бишкек» Атамбаевдин айткандарын.

Президент ЖМКларды «калпы» жана «бийликти адилетсиз каралагандыгы» үчүн айыптады. Аны менен катар ал «жалган маалыматтарды кыскартуу керектигин» кошумчалады — азырынча Атамбаев бул сүйлөмдү кандай мааниде айткандыгы белгисиз.

КирТАГ агенттигинин маалыматы боюнча, президент жаңылыктар басылмаларынан «объективдүү гана маалыматтарды» жазуусун өтүндү.

«А биздин өлкөнүн имиджинин ушундай экендигине журналисттерибиз күнөөлүү. Алар менин ушинтип тез-тез айтканыма таарынып жатышат, бирок бул чындык. Мен көпчүлүгүндө ынсап пайда болуп, объективдүү маалыматтарды жазып калышат деген үмүттөмүн», — деп жазган агенттик президенттин айткандарын.

Коррупцияга каршы күрөшүү Атамбаевдин 2011-жылы президенттик кызматка киришип жаткандагы билдирген башкы максаттарынын бири болгон. Анда коррупцияны жок кылуу үчүн болгон укуктарын пайдалана тургандыгын убадалаган.

«Бүгүнкү күндө криминал төбөлдөрүнүн көбү кармалышты. Эртеби, кечпи кылмышкерлердин бардыгы жазаланат. Коррупция — бул бизди ичибизден чиритип жаткан башкы көйгөйүбүз. Мен бул көрүнүштү жок кылуу үчүн болгон укуктарымды пайдаланам», — деп билдирген ал 2011-жылдын декабрында.