Энергетика министрлигинин башчысы Кубанычбек Турдубаев эгер бийлик кошумча электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашууларга жетишпесе Кыргызстанда 18:00дөн 23:00гө чейин маал-маалы менен өчүрүүлөр боло тургандыгын билдирди.

Турдубаев мамлекет коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо маселесин чечкенге чейин маал-маалы менен өчүрүүлөр боло тургандыгын билдирди. Ал өчүрүүлөр электр түйүндөрү жүктөлгөн жерлерде болорун белгиледи.

«Бул болбой калды дегенде. Биз муну импорттолчу электр энергиясын эсептебестен чыгарганбыз», —деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы министрдин айткандарын.

Турдубаев өкмөт электр энергиясын импорттоо боюнча Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал өкмөт электр энергиясын жылуулук үчүн пайдаланууга тыюу салбастыгын, а маал-маалы менен өчүрүүдөн баш тартуу электр энергиясынын алынып келинишине жараша акырындап ишке аша тургандыгын билдирди.

Чет өлкөлөрдөн алынып келинчү электр энергиясынын көлөмү тууралуу маалымат бир нече күндүн ичинде болот, деп жазган «Тазабек» агенттиги Турдубаевге шилтеме жасоо менен.

27-октябрь күнү эртең менен чоңдугу боюнча Кыргызстандын экинчи шаары — Ошто — электр энергиясына 6 сааттык чектөө киргизилгендиги белгилүү болду.

Орусиянын мамлекеттик «Газпром» корпорациясы Жамбыл ГРЭСине 330 млн. куб метр газ жеткирээрин убадалагандан кийин, 25-октябрда, президент Алмазбек Атамбаев Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу тапшырмасын берген.

«Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө «Газпром» компаниясы кабыл алган чечимди эске алуу менен Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын жеткирүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берди», — деп жазган басма сөз кызматы.

Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам жаралган.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү — Кыргызстандын жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыгынын башкы көрсөткүчү болуп эсептелет.

Учурда анда керектүү суунун 75 гана пайызы бар — бийлик мындай көрсөткүчтү суунун тартыш болгондугу менен түшүндүрүүдө.

Өз кезегинде энергетика министри бүгүн, 27-октябрда 2011-2012-жылдары Токтогул суу сактагычында суу көп болуп, бекер эле агызылганын мойнуна алды — анын айтымында, ал жылдары суу өтө көп болуп, электр энергиясын Казакстанга экспорттоого да жеткен.

«Сабатсыз саясат жүргүзүлгөн, ал сууну бекер агызбай, азыркыдай суу аз болгон жылдарга калтырып койсо болмок», — деп жазган «Вечерний Бишкек» анын айткандарын.