Ошто электр жарыгы түнкү саат 12ден эртең мененки 6га чейин өчөт. Мындай чара энергетикалык жана газ каатчылыгынын фонунда электр энергиясын керектөөнү азайтуу үчүн көрүлүүдө.

Азырынча маал-маалы менен өчүрүү жеке үйлөрдүн жашоочулары үчүн гана киргизилүүдө, деп билдирди 24.kg агенттиги Оштун райондук электр түйүндөрүнүн директору Данияр Сыдыковго шилтеме жасап.

Анын айтымында, өчүрүүлөр түнкүсүн — түнкү саат 12ден эртең мененки 6га чейин — болот.
«Электр энергиясын керектөөнүн белгиленген минимуму аткарылбай жатат. Сууктун түшүшү менен керектөө кыйла жогорулайт. Калк арасында аргасыздан өчүрүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө, ал тууралуу жергиликтүү ТВ аркылуу билдирүү тараттык», — деп жазган 24.kg Сыдыковдун айткандарын.

Чоңдугу боюнча Кыргызстандын экинчи шаары — Ош — бир эле маалда энергетикалык каатчылык менен бирге газ каатчылыгына да дуушар болууда.

Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам келип чыккан, өз кезегинде ал өлкөнүн жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыгынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Учурда суу сактагычта керектүү суунун 75 гана пайызы бар.

Ошто газ каатчылыгы 2014-жылдын апрелинен бери уланып келүүдө —анда Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирүүдөн баш тартып, 60 миңден ашык абонент көгүлтүр отунсуз калышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндөгү куттуктоо сөзүндө түштүктөгү энергетикалык каатчылык 2016-жылга чейин созулушу ыктымалдыгын билдирген.

Аны менен катар өлкө башчысы үстүбүздөгү жылдын жаз айларында «Кыргызгазды» сатып алган орусиялык «Газпром» корпорациясы өлкөнүн түштүгүн элект энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу үчүн 20 млн. АКШ долларын бөлүп бергендигин айткан.

24-октябрда президенттин басма сөз кызматы «Газпром» Казакстандын Жамбыл ГРЭСине бир куб метрин 165 долларлык баада 330 млн. куб метр газ жеткирээрин, өз кезегинде ал Кыргызстанга берилет деп болжолдонуп жаткан электр энергиясынын өздүк наркын кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын билдирген.

«Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө «Газпром» компаниясы кабыл алган чечимди эске алуу менен Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын жеткирүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берди», — деп жазган басма сөз кызматы.

Октябрдын ортосунда Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 1 млрд. киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү боюнча казак кесиптеши Карим Масимов менен макулдашкан болчу.