Орто кылымдын рыцарларынын салгылашуулары жыл сайын өтүүчү үчүнчү тарыхый фехтование фестивалынын алкагында Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда 26-октябрда өттү.

Тарыхый фехтованиенин Бишкек жана Алматы клубдары рыцарлардын курал-жарактары менен жакынкы салгылашууларды жүргүзүү чеберчиликтери боюнча өз ара мелдеш өткөрүштү. Иш-чара 26-октябрда Кара-Жыгач токоюнда өттү.

Фестивалдын алып баруучусунун айтымында, салгылашуулар орто кылымдагы курал-жарактарды — кылыч, ай балта, чокмор, соот-шаймандар жана калкандарды колдонуу менен жүрөт.

Фестивалдын уюштуруучусу Николай Потрясов Kloop.kgге фестиваль быйыл үчүнчү жолу өтүп жатканын жана мындан ары да жыл сайын өткөрүлө тургандыгын айтты.

«Мунун бардыгы тарыхый орто кылым салгылашы деп аталат. Аны биз жыл сайын өткөрөбүз, анан өнүктүрөбүз, анткени бул эл аралык мелдеш болот. Бул азыр деле эл аралык мелдеш, бирок эмдиги жылы беш өлкөнү чакырууга ниеттенип жатабыз», — деди ал.

Тарыхый орто кылым салгылашуусу — катышуучулары орто кылымдагы курал-жарактар менен куралданышып, өз ара салгылшкан спорттун түрү. Ал тарыхый реконструкциялардын бир бөлүгү болуп эсептелет; салгылаштар болгон күчтө, чындап өтөт да, жыйынтыгына профессионалдуу калыстар баа беришет.