Чек араларды делимитациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Өзбекстан өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо процессин калыбына келтирүү тууралуу жөнөтүлгөн эки нотага жооп бербегендигин билдирди.

«Азаттык» радиосу Искандаровго шилтеме жасоо менен буга чейин Кыргызстан сүйлөшүүлөрдү улантуунун мөөнөттөрүн тактоо зарылдыгы тууралуу Ташкентке эки нота жибергендигин билдирүүдө.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон сүйлөшүүсүндө өкмөт өкүлүнүн билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Искандаровдун айтымында, акыркы жолугушуу Жалал-Абадда 14-июлдан 19-июлга чейин өткөн — анда кыргыз тарап буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой койгон.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстандын вице-премьери Абдрахман Маматалиев сүйлөшүүлөр акыркы баскычка жеткендигин айтып ишендирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1300 чакырымды түзөт — анын 320сы тактала элек.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо көйгөйлөрүнүн чечиле электиги Өзбекстан менен болгон чек арада жаңжалдарды жаратып, чек арачылар же жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы кагылышуулардын себептеринин бири болуп калууда.