«Лабрис» уюму Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугунун расмий сайты делинген bakiruulu.com сайтына тиешеси бардыгы тууралуу айтылган маалыматтарды четке кагууда. Депутат Турсунбай Бакир уулу сайттын аталышында фамилиясы пайдаланылгандыгы үчүн сотко кайрылуу ниетинде.

bakiruulu.com сайты 2014-жылдын 23-октябрында катталган. Дүйнө жүзү боюнча сайттардын катталгандыгы тууралуу маалымат берген whois.net сервисинин маалыматтарына ылайык, сайт депутат Турсунбай Бакир уулунун атына катталган.

Сайттын башкы баракчасындагы маалыматтарга ылайык, ресурс — бул «Кыргызстандын ЛГБТ-коомчулугунун расмий сайты», сайттагы социалдык түйүндөргө болгон шилтемелер ЛГБТнын укуктарын коргоо менен алектенген «Лабрис» уюмунун эккаунттарына алып барат.

Сайт тууралуу коомчулукка кечээ, 27-октябрда белгилүү болду — кичи блогдук «Твиттер» сервисинин кыргызстандык колдонуучулары дароо эле сайт боюнча кызуу талкуу башташкан.

«Сиздер силерден бир адам жашырып жаткан нерсени билишиңер керек! Чабуул — бул мыкты коргонуу экенин биз жакшы билебиз жана түшүнөбүз, ошондуктан биз тарапка жасалган чабуул башынан эле «коргонуу реакциясы» экенин, алдыда да ошол бойдон калаарын ырастайбыз», — деп жазылган сайттын башкы баракчасында.

Кийинчерээк «гейлерге каршы мыйзамдын» 28 демилгечисинин бири болуп эсептелген Бакир уулунун өзү маалымат каражаттары аркылуу сайттын түзүүчүлөрүнө карата укук коргоо органдарына кайрыла тургандыгын билдирди.

«Бул жаш балдардын шоктугу эмес, а кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш, чагымчылдык. Алар мага согуш жарыялашты, ал согушту мен кабыл алдым. [...] Алар мени ислам мыйзамдарына ылайык аракет көрүп, аларды таштар менен урат деп ойлоп жатышат, бирок мен — светтик өлкөнүн жаранымын жана кыргыз мыйзамдарынын бардык эрежелерине баш ийем», — деп жазган  «Акипресс» маалымат агенттиги депутаттын айткандарын.

Өз кезегинде ЛГБТ-коомчулугунун укуктарын коргогон «Лабрис» уюму сайттын аларга тиешеси бар экендиги тууралуу айтылган маалыматты четке какты. Ошондой эле алар өз сайты аркылуу ресурстун түзүүчүлөрүнө карата сурамдар жана арыздар менен «тиешелүү органдарга» кайрыла тургандыктарын билдиришти.

«Гейлерге каршы» мыйзам

15-октябрда парламенттин депутаттары Кылмыш жана Административдик кодекстерге, ошондой эле «Тынчтык чогулуштар жөнүндөгү» жана «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизе турган «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышкан.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратууга» тыюу салынат. Аны менен катар мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири да азыркыга чейин «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» эмнелер кире тургандыгын тактап түшүндүрүп берише элек.

Анда мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн 86 депутаттын 79у добуш беришкен.

Мыйзамдын кабыл алынышы эл аралык коомчулук тарабынан сынга алынган. Алсак, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мыйзам долбоорунун кабыл алынышына тынчсызданып жатканын билдирсе, Бириккен Улуттар Уюму кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзамды кабыл албоого чакырган болчу.

Бирок кыргыз парламентинин басма сөз кызматы АКШ элчилигинин билдирүүсүнө жооп катары мыйзам долбоору ЛГБТ-коомчулугун «басмырлабай тургандыгын» билдирген.

Басма сөз кызматы АКШда (8 штатында), Улуу Британияда, Орусияда, Молдовада, Литвада жана Латвияда кабыл алынган ушуга окшогон мыйзамдарга таянып, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эл аралык тажрыйба эске алынгандыгын баса белгилеген.