Кыргызстан менен соттук териштирүүлөрдү жүргүзүп келген «Станс Энерджи» компаниясы канадалык сотто «Центеррадагы» кыргыз акцияларынын камактагы мөөнөтүн узартууга жетишти. Мындай жол менен «Станс» 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөтүп алууга аракет кылууда.

Онтарио провинциясынын Жогорку соту Кыргызстандын «Центерра» компаниясындагы 77 млн. акциясынын 47 миллионунун камактагы мөөнөтүн узартты, деп жазылган «Станс Энерджи» компаниясынын пресс-релизинде.

«Центерра Голд» — Кыргызстанда алтын кенин иштетип келген «Кумтөр» компаниясынын 100 пайыз акцияларына ээлик кылган канадалык корпорация. Өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын 77 миллионуна (32,74 пайызына) ээлик кылат.

Пресс-релизде акциялар «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. сом компенсация төлөнүп берилмейинче камакта болору жазылган.

Камакка алуунун алкагында Кыргызстан андагы акцияларын сата албайт, кожоюндук кыла албайт, алмаштыра албайт, ээлеп ала албайт же күрөөгө кое албайт».

Акциялар 14-октябрда камакка алынган болчу.

Кыргыз бийлигинин «Станс Энерджи» менен талашып-тартышуусу 2012-жылдан бери уланып келет — териштирүүлөр «Станс Энерджи» Кутесай кенинде казуу иштерин жүргүзүү укугун «иштетүү долбоору жок» алган деп Кыргызстан компанияны сотко бергенден кийин башталган.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев камакка алынып, ага карата айыптоо өкүмү чыгарылгандан кийин «Станс Энерджи» Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко жооптуу доо арыз жолдогон.

Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы сот үстүбүздөгү жылдын июлунда соттук териштирүүлөр маалында компания кенди иштете албай калгандыгы үчүн Кыргызстан «Станс Энерджиге» 118 млн. доллар төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.

Анда Кыргызстан көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүдөн баш тарткан.

Кечээ, 27-октябрда президент Алмазбек Атамбаев эгер Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларын камакка алуу чечими күчүндө кала турган болсо кыргыз бийлиги «чечкиндүү кадамдарга» барууга даяр экенин билдирген. Азырынча президенттин «чечкиндүү чаралар» деген сөз менен эмнени айткысы келгендигин түшүнүксүз.

«Менин пикиримде, канадалык сот баарын билген, бирок бул жерде оюн жүрүп жатат. Эгер Канада тарап Кыргызстанды ушундай жолдор менен тоноосун уланта бере турган болсо, анда биз чечкиндүү кадамдарга барабыз», — деп жазган «Азаттык» радиосу өлкө башчысынын айткандарын.

Октябрдын башында мамлекеттик геология агенттиги Кутесай кенин иштетүүгө сынак жарыялай тургандыгын билдирген. Кутесай — Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан сейрек металлдар кени.