Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларын камакка алуу жөнүндөгү Онтариодогу канадалык соттун чечим боюнча Канаданын жаңы элчиси Шон Стайлга даттанып, эки өлкөнүн өкмөттөрү «Кумтөр» боюнча макулдашууларды кайрадан карап чыгуу көйгөйүн биргеликте чечиши керектигин билдирди.

Кыргызстандын президенти менен Канаданын жаңы элчисинин ортосундагы сүйлөшүү Италия, Түркмөнстан, Куба, Эстония жана Армениянын элчилери катышкан элчилердин ишеним грамоталарын алуу аземинде болду.

«Биз Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы эки тараптуу байланыштардын потенциялын бекемдегибиз келет. Анын үстүнө мен мурдараак, балким катуураактыр, канадалык ишканалар, анын ичинде «Камеко» Кыргызстандан абдан көп пайда алгандыгын айткам жана кандайдыр бир деңгээлде сиздин мамлекет Кыргызстанга кичине карыз», - деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги Атамбаевдин айткандарын.

Аны менен катар өлкө башчысы Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларынын жарымынан көбүн камакка алуу боюнча Онтарионун Жогорку сотунун чечимине ыраазы эмес экенин билдирди. Айтымында, канада бийлигинин Орусияны катуу сынга алып, ошол эле маалда москвалык соттун чечимин негиз кылып алгандыгы өлкөгө ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө.

Эки күн мурун, 27-октябрда президент «Центерранын» айланасындагы жагдай боюнча «чечкиндүү чаралар көрүлө» тургандыгын айткан. 29-октябрь күнү эртең менен юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов өлкө бийлиги «керек болсо Кумтөрдү улутташтырышы» мүмкүндүгүн билдирди.

Андан сырткары президент «Кумтөр» долбоору жөнүндө айтып келип,  кыргыз жана канада бийликтери «коррупциялык иштерге» чекит коюушу керектигин билдирди.

Өлкө башчысы мындай билдирүүлөрүн кыргыз бийлиги катышып жаткан эл аралык соттордогу соттук териштирүүлөрдүн фонунда жасады.

Алсак, 15-октябрда Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту Кыргызстан «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүдөн баш тарткандан кийин кыргыз өкмөтүнүн «Центерра Голд» компаниясындагы 77 млн. акциясынын 47 миллионун камакка алуу чечимин чыгарган.

«Станс Энерджи» Кыргызстандагы Кутесай сейрек металлдар кенин иштетүү менен алектенген.

Кыргызстандын бийлиги 2012-жылы «Станс Энерджи» компаниясына Кутесай кенин иштетүүгө тыюу салган, өкмөт мындай кадамын компания кенди иштетүүгө лицензияны тиешелүү документтерсиз алгандыгы менен түшүндүргөн.

Лицензия алуу боюнча териштирүүлөрдүн алкагында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев жоопкерчиликке тартылып, беш жылга эркинен ажыратылган — өз кезегинде Ташбаев уруксат кагазы мыйзамдын негизинде берилгендигин билдирген.

«Станс Энерджи» соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан маалда Кутесай кенин иштете албай калгандыгы үчүн кыргыз өкмөтүн айыптап, Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко кайрылган. Сот канадалык компаниянын пайдасына чечим чыгарып, Кыргызстанды 118 миллион доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кыргызстандын өкмөтү «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсацияны төлөп бербей тургандыгын жана мындан ары да өз кызыкчылыгын эл аралык соттордо коргоого даяр экенин бир нече жолу билдирген болчу.

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев менен Канаданын элчиси Шон Стайл.