Президент Алмазбек Атамбаев унаа жолдорун тосуу үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Акт Ош-Эркештам унаа жолундагы бир айга чукул созулган митингден кийин демилгеленген.

Атамбаев мыйзам долбооруна 29-октябрда кол койду, парламент аны үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аягында жыйынтыктоочу үчүнчү окуусунда кабыл алган болчу.

Мыйзамга ылайык, эгер жол тосуу 24 сааттан ашпаса жеке жактар үчүн 3000 сом өлчөмүндөгү, а юридикалык жактар үчүн 50 миң сом өлчөмүндөгү айып пул киргизилет.

Бул жаза ошондой эле жол тосууга өзүлөрү катышпай, ошол эле маалда ага «жардам кылган» адамдарга да тиешелүү болот.

«[...] жол тосууга жана (же) материалдык же башка жардам берүү максатында жол тосуу болуп жаткан жерге адамдарды, тамак-аш азыктарын ташып баруу жолу менен жол кыймылына тоскоолдук кылгандар үчүн», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Стратегиялык маанидеги жолду тосуу үчүн айып пул өлчөмү жогору: жеке жактар үчүн 5000 сом, а юридикалык жактар үчүн 70 миң сом. Андай митингдердин уюштуруучуларына эгер алар жеке жак болсо 10 миң сом жана юридикалык жак болсо 100 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Акция башталгандан тарта жол 24 саттан ашык убакытка тосулуп турган болсо 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралган.

«Аны менен катар жазанын тиешелүү түрү менен өлчөмү кылмыштуу иштин оордугуна жана кылмыш жасоонун ыгына жараша болот», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жол тосуу үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү мыйзам коррупцияга айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан Ош-Эркештам унаа жолу узак убакытка тосулгандан кийин демилгеленген.

Жол үстүбүздөгү жылдын 26-майынан 1-июлуна чейин тосулган. Бажы кызматынын билдирүүсү боюнча, стратегиялык маанидеги жолдун тосулушу өлкөгө кеминде 110 млн. сомдук зыян алып келген.

2013-2014-жылдары жолдорду тосуу нааразычылык билдирүүнүн башкы ыкмаларынын бири болгон — жолдорду тосуу тенденциясы 2013-жылдын июнунан тарта, Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен Жалал-Абадда өткөн митингден кийин өнүгө баштаган.

Анда жалал-абаддык митингдин катышуучулары көптөгөн чакырымдык унаа тыгындарын пайда кылып, Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкан. Андан соң ал ыкманы кендин улутташтырылышын талап кылган Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочулары пайдаланышкан.

Келдибековдун тарапташтары да нааразычылык билдирүүнүн ушул ыкмасын пайдаланышкан — 2013-жылдын ноябрында жана 2014-жылдын майында алар Ош-Эркештам унаа жолун тосушкан.