Орусия Кыргызстан, Армения жана Тажикстандагы өз базаларын өнүктүрөт, деп билдирди Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. Аталган үч өлкө тең Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУга) мүчө.

Мындай билдирүүсүн Шойгу 28-октябрда Орусиянын Коргоо министрлигинин Коомдук кеңешинин жыйынында билдирди, деп кабарлоодо ИТАР-ТАСС агенттиги.

«Биз чет өлкөлөрдөгү — Кыргызстан, Тажикстан, Армениядагы базаларыбызды өнүктүрүүнү улантып жатабыз. Жалпысынан, жетишээрлик активдүүлүктө өнүктүрүүдөбүз», — деп билдирди ал.

Кыргызстан, Тажикстан жана Армения Орусия тарабынан түзүлгөн ЖККУ аскердик блогунун курамына кирет. Уюмдун башкы максаты — терроризм, сырткы коркунучтар жана жаратылыш кырсыктары менен бирге күрөшүү.

Учурда Кыргызстанда Орусиянын бир авиациялык базасы бар, ал Бишкектен алыс эмес, Кант шаарында жайгашкан. 2014-жылга чейин өлкөдө дагы бир база бар болчу, бирок ал АКШга тиешелүү «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору болгон.

23-октябрда Moscow Times Москва гезити ЖККУга арналган макаласында Орусия башында турган аскердик блок «каржылоонун жетишсиздигинен жана мүчө өлкөлөрдүн максаттарды түрдүүчө көрө алгандыгынан улам жапаа чегип жатканын» жазган.

Анда Стратегиялар менен технологияларды анализдөө борборунун башчысы Руслан Пуховдун комментарийи берилген. Ал Кыргызстан, Тажикстан жана Армения альянстын өнүгүүсүнө салым кошконго караганда анын жыргалын көбүрөөк көрүп жатканын айткан.

«Бул үч өлкө тең бир нече жүздөгөн аскерден турган батальондорду бөлүп жатышат, ошол эле маалда калган мүчө өлкөлөр бир нече батальондордон турган, техника менен камсыздалган толук бригадаларды бөлүүдө», — деп жазылган макалада Пуховдун айткандары.

Бүгүнкү күндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Беларусь, Орусия, Армения, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан мүчө болуп эсептелишет.

Сүрөт: ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери

ЖККУнун мүчөлөрү жыл сайын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында окутууларды өткөрүп турушат. Андай иш-чаралардын бири — «Бузулгус достук» — үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстанда өткөн.

ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа террористтик коркунучтар күчөп турган азыркы шартта ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнашты жөнгө салуу өтө маанилүү экенин билдирген.

«Түрдүү террористтик уюмдар деструктивдүү аракеттерди жүргүзүп жаткан азыркы шартта ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнүн ортосундагы карым-катнашты жөнгө салуу өтө маанилүү», — деп билдирген Бордюжа.

Кыргызстан 1992-жылдан бери ЖККУга мүчө — мүчөлүк жөнүндөгү макулдашуунун алкагында кыргыз аскерлери Орусия менен Казакстандын коргоо министрликтеринин мекемелеринде жеңилдиктер менен окушат.