Юстиция министрлигинин башчысы Алмамбет Шыкмаматов «Азаттык» радиосуна берген маегинде Кыргызстан Кумтөр кенин улутташтырууга барышы мүмкүндүгүн билдирди. Билдирүү Кыргызстандын кенди иштетүү менен алектенген «Центерра» компаниясындагы акцияларынын камакка алынышынын фонунда жасалууда.

Шыкмаматов «Азаттык» радиосуна берген маегинде керек болсо Кыргызстан Кумтөрдү улутташтырууга барышы мүмкүндүгүн билдирген — бирок ал муну «тобокелдүү кадам» деп атаган.

«[...] биз дагы тобокелдүү кадамдарга барышыбыз керек. Тактап айтканда, алтын биздин жерде, Кумтөр бизде болгондон кийин акциябызды Канадада кармабай, керек болсо Кумтөрдү улутташтырууга чейин барышыбыз керек», — деп жазган «Азаттык» анын айткандарын.

Министрдин билдирүүсү президент Алмазбек Атамбаевдин позициясы менен окшошуп кетүүдө.

«Станс Энерджи» компаниясы менен болгон соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын «Центеррадагы» акциялары камакка алынгандан кийин Атамбаев акцияларды канадалык биржадан чыгарып кетүү зарылдыгын билдирген.

Анткен менен акыркы айларда президент эгер сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарбаса өлкө бийлиги «чечкиндүү чараларды көрүүгө даяр» деген гана билдирүү менен чектелип, кенди улутташтыруу ыктымалдыгы тууралуу ачык айткан эмес.

Азырынча Атамбаевдин «чечкиндүү чаралар» деген сөз менен эмнени айткысык келгендиги белгисиз.

АКШнын Колумбия университетинин инвестициялар боюнча эксперти Лиз Джонсон Kloop.kgге берген маегинде улутташтыруу милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болгон компенсация төлөөлөргө алып келиши мүмкүндүгүн айтты.

«Бирок андай болгондо инвестордун Арбитраждык сотко кайрылуу укугу бар жана ал жакта компенсациянын өлчөмү чечилет. Кандай болгон күндө да төлөп берүүгө туура келет. Аны менен катар төлөп бере турган сумма өлкө кенди иштетүүдөн ала турган кирешеден да көп болуп калышы мүмкүн», — деди ал.

Ал өлкөнүн бийлиги акцияларын Канададан чыгарып кете албай тургандыгын кошумчалады. Айтымында, ал акциялар учурда Торонтодогу биржада жүгүртүмдө.

«Жалгыз гана жолу: кыргыз тарап териштирип, илип ала тургудай так эмес, ачык эмес жылчыктар бар юридикалык маселелерди пайдалана алат», — деп жыйынтыктады ал.

Кыргызстандын «Центеррадагы» 77 млн. акциясынын 47 миллиону Кутесай кыргыз кенин иштетип жаткан «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүү жөнүндөгү эскертүүнүн алкагында 15-октябрда камакка алынган.

Кыргызстандын бийлиги 2012-жылы «Станс Энерджи» компаниясына Кутесай кенин иштетүүгө тыюу салган, өкмөт мындай кадамын компания кенди иштетүүгө лицензияны тиешелүү документтерсиз алгандыгы менен түшүндүргөн.

Лицензия алуу боюнча териштирүүлөрдүн алкагында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев жоопкерчиликке тартылып, беш жылга эркинен ажыратылган — өз кезегинде Ташбаев уруксат кагазы мыйзамдын негизинде берилгендигин билдирген.

«Станс Энерджи» соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан маалда Кутесай кенин иштете албай калгандыгы үчүн кыргыз өкмөтүн айыптап, Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко кайрылган. Сот канадалык компаниянын пайдасына чечим чыгарып, Кыргызстанды 118 миллион доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кыргызстандын өкмөтү «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсацияны төлөп бербей тургандыгын жана мындан ары да өз кызыкчылыгын эл аралык соттордо коргоого даяр экенин бир нече жолу билдирген болчу.

Тема боюнча: Инфографика: 22 жылдын ичинде Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» акцияларынын үлүшү кандай өзгөргөн