Коопсуздук кеңеши дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын 2020-жылга чейинки концепциясын жактырды. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин айтымында, «жапырт исламдашуу» улуттун өзгөчөлүгүнүн жоголушуна жана коомдун «маңкуртташына» алып барат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин отуруму 3-ноябрда өттү — ал дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелерине арналды.

Атамбаевдин айтымында, бийлик коомдун «радикалдык исламдашуусу» жана «элдин улуттук баалуулуктарына» каршы келген каада-салттарды таңуулоолор менен күрөшүүсү керек.

«[...] ислам элдердин руханий баалуулуктары менен келишкендикте, аларга күч менен кийлигишпей, сый көрсөтүү менен өнүгүшү керек. Ушундай шарттарда гана коомдо динчилдик менен адептүүлүк кеңири өнүгө алмак», — деп жазган «АКИпресс» агенттиги президенттин айткандарын.

Анын айтымында, улуттук каада-салттардан чектөө коомдун «маңкуртташына» жана улуттун өзгөчөлүктөрүнүн жоголушуна алып барат.

«Мен кээ бир молдолор менен саясатчыларга кайрылып, аларга төмөндөгүдөй дегим келүүдө: «Кыргыз элин андай кадамдар менен зордобогула. Кыргыз элине бөлөк кийимди, тилди, каада-салттарды таңуулабагыла! Эгер силерге кыргыз эли, жери жакпаса, силердин башка, өзүңөргө жаккан өлкөдө жашашыңарга эч ким каршы эмес», — деп билдирди Атамбаев.

Анын пикиринде, Кыргызстанда ислам «фанаттык ишенимдерсиз», кыргыз элинин улуттук каада-салттарын сактоо менен өнүгүшү керек: «Биздин ата-бабаларыбыз бекеринен ханафит мазхабын тандап алышкан эмес. Азыркы тил менен айтканда – бул толеранттуулук».

Талкуулардын жыйынтыгында, Коопсуздук кеңеши мамлекеттик диний саясаттын 2020-жылга чейинки концепциясын кабыл алды.

Ага ылайык, бийлик диний экстремизмдин алдын алып, дин тармагында сабаттуулукту жогорулатат жана диний уюмдардын ишмердүүлүктөрүнүн чектерин аныктайт.