Башкы прокуратура «Республика» фракциясынан депутат Урмат Аманбаевага каршы кылмыш ишин козгоду. Эл өкүлү мамлекетке 17 млн. сом зыян алып келген «коррупциялык схеманы» түзгөн деп айыпталууда.

Кылмыш иши тууралуу билдирүү Башкы прокуратура тарабынан 3-ноябрда таркатылды — бирок кылмыш иши 27-октябрда эле козголгон.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, Аманбаева 2009-жылы Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы бухгалтери болуп турганда «коррупциялык схема» түзгөн. Анын натыйжасында төрт жылдын ичинде «мамлекетке 17 млн. сомдук зыян» келтирилген.

«Көрсөтүлгөн жеткирүү үчүн [дары-дармектерди] көрсөтүлгөн ЖЧКга бюджеттик акча которулуп, кийин ал У.Аманбаева жана топтун башка мүчөлөрү тарабынан өздөштүрүп алынып турган», — деп билдирүүдө Башкы прокуратура.

Башкы көзөмөлдөө органы тарабынан жарыяланган «коррупциялык схемага» ылайык, Аманбаева Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору үчүн дары-дармектерди жеткирип бериши керек болгон «жалган» компания түзгөн.

Өз кезегинде ал компания Аманбаеванын башчылыгы алдында жалган тендерлерге катышкан. Фирма жеңишке жеткенден кийин ага республикалык бюджеттен кургак учукка каршы күрөшүүгө керектүү дары-дармектерди жеткириши үчүн акча бөлүнүп турган.

Бирок медикаменттер сатылып алынбай, ага бөлүнгөн каражат дары-дармектердин жеткирилгендиги жана пайдаланылгандыгы тууралуу жалган документтерге кол койгон «коррупциялык схеманын» катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп келген.

Башкы прокуратура тарабынан ачылган «коррупциялык схема»

Skrinshot-03.11.2014-184413
Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Аманбаеванын өзү жеткиликсиз болууда. Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча, учурда ал «Ош-Кардио» жеке медициналык борборунда дарыланууда.

Көзөмөлдөө органы Аманбаева Башкы прокуратуранын «бир нече жолку чакыруусун тоотпой койгонун» белгилөөдө.

Бул Башкы прокуратуранын парламент депутаттарына каршы биринчи жолу кылмыш ишин козгошу эмес. Учурда «дипломунун жасалма экендигине» байланыштуу козголгон кылмыш ишинде «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Нурлан Төрөбеков айыпталуучу катары өтүүдө.

Андан сырткары Башкы прокуратура Кыргыз-орус славян университетине студенттердин мыйзамсыз киргизилгендигине депутат Каныбек Осмоналиевдин тиешеси бардыгын текшерүүдө. Бирок азырынча ага каршы кылмыш иши козголо элек.