«Тыңчылык» үчүн Кыргызстандын жараны кармалды. «АКИпресс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, кармалган адам мурунку өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө ылайык, 2014-жылдын 1-ноябрында мекеменин тергөөчүлөрү М.А. аттуу кыргыз жаранын кармашкан.

«АКИпресс» агенттигинин билдирүүсү боюнча, кармалган адам — өкмөттүн алдындагы эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев.

«Биз аны Муралиев деп айткан жокпуз. Азыркыга чейин анын аты-жөнүнүн баш тамгаларын гана билдирип жатабыз. М.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды», — деди УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагында камакта.

«Азыркы тапта тергөө жүрүп жатат. Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 302-беренеси боюнча. Башка маалымат бере албайм — тергөөнүн сыры», — деди Сулайманов.

Кылмыш кодексинин 302-беренесине ылайык, кызматтык сырды чет өлкөлүк уюмга чогултуп берген адам сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Басма сөз кызматтын өкүлү «тыңчылык» кайсыл өлкөнүн же кайсыл уюмдун пайдасына жүргүзүлгөндүгүн айтуудан жана ал өлкөнүн Кыргызстан менен чектешээр-чектешпестиги тууралуу берилген суроого жооп берүүдөн баш тартты.