АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен республиканын бийлиги кайсыл жакка интеграцияланып, кайсыл биримдиктерге кошулууну өз алдынча чечүүгө акылуу экенин билдирди. Бирок ал кыргыз бийлигин мындан ары да Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Мындай билдирүү Памела Спратлен менен АКШнын мамлекеттик катчысынын кеңешчиси Фатима Сумардын Кыргызстандын Дипломатиялык академиясынын студенттери менен болгон жолугушуусу маалында жасалды.

Спратлен өлкөнүн Бажы биримдигине киришине АКШ кандай көз карашта экендиги тууралуу берилген суроого жооп берип жатып Кошмо Штаттар Кыргызстандагы эркин сооданын өнүгүшүн колдой тургандыгын билдирди.

«Кыргызстан эркин өлкө катары каалаган альянска жана интеграциялык биримдиктерге кире алат. Бирок ошол эле маалда Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин бузбашы керек», — деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси.

Өз кезегинде Сумар эгер Кыргызстан инвесторлордун агымын кааласа бийлик Дүйнөлүк соода уюмунун «алтын стандарттарын» карманышы керектиги жөнүндөгү кеңешин берди.

«Кыргызстан геосаясий жактан Кытай, Индия, Европа сыяктуу ири өлкөлөр менен өз ара байланышка ээ болгудай жайгашкан. Эгер өлкө бийлиги инвесторлордун экономикага акча салышын кааласа Дүйнөлүк соода уюмунун алтын стандарттарын кармануусу керек», — деди Сумар.

2014-жылдын октябрынын ортосунда Борбордук Азияга байланышкан маселелер үчүн жооптуу мамлекеттик катчынын кеңешчиси Дэниэл Розенблюм да Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмундагы милдеттенмелеринин улантылышы керектигин жөнүндөгү пикирин билдирген.

«Менин оюмча, Кыргызстан сыяктуу анча чоң эмес өлкө үчүн — Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү өтө жакшы тандоо болгон. Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мындай жабык өлкө үчүн — бул ачык экономиканын өнүгүшү үчүн өтө жакшы практикалык кадам», — деп билдирген ал.

Кыргызстан өлкөнүн Бажы биримдигине кирүү процессинин башталгандыгы тууралуу расмий билдирген 2011-жылы Дүйнөлүк соода уюму алгач ал чечим боюнча кыршылыгын билдирген.

Дүйнөлүк соода уюмунун макулдугуна Бажы биримдигиндеги бажы төлөмдөрүнүн жогору болгондугу башкы тоскоолдук болгон — биримдиктеги бажы төлөмдөрү Дүйнөлүк соода уюмундагы төлөмдөрдөн болжол менен эки эсеге көп болгон.

Бирок 2012-жылы, Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши менен Бажы биримдигинин бардык нормалары Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына туураланган.

Элчинин макаласы

30-октябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен америкалык элчилердин кеңешинин сайтына обзордук макаласын жарыялады. Анда элчи Орусиянын Кыргызстандагы таасиринин күчөп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн жакындашы Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин белгилеген.

Анын айтымында, ички жана сырткы таасирлерге туш болгон президент Алмазбек Атамбаев Москванын жардамына ишенүү менен Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакындашууда. Бул кызматташуу «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун жабылышына, ошондой эле Канттагы орус авиабазасынын сакталып калышына таасирин тийгизген.