Саламаттыкты сактоо министри кызматына сунушталган Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги парламенттин көпчүлүк добушу менен жактырылды. Ал министрлик кызматка Динара Сагынбаева отставкага кеткенден кийин сунушталган.

Парламент Батыралиевдин талапкерлигин 5-ноябрдагы жыйынында жактырды — ал үчүн 92 депутаттын 91и добуштарын беришти. Батыралиевдин Саламаттыкты сактоо министрлигинын башчысы кызматына киришүүсү тууралуу акыркы чечим президент тарабынан кабыл алынат.

Батыралиев парламентарийлер тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция менен күрөшө тургандыгын убадалап, жалпысынан депутаттарга жакшы таасир калтырды.

«Медицинада каржы талап кылбаган нерселер бар. Бул ооруканалардагы медперсоналда жетишпей жаткан адамгерчилик, боорукердик. Алар бейтаптарды душман катары карашат. Дарыгердин Тереза Эне сыяктуу образын түзүңүз»,- деп жазган «АКИпресс» агенттиги депутат Нуркамил Мадалиевдин айткандарын.

Батыралиев көрүнүктүү кардиолог жана англис, түрк тилдериндеги илимий эмгектердин автору катары белгилүү. Анын талапкерлиги социал-демократтар фракциясы тарабынан сунушталып, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан колдоого алынган.

Ал саламаттыкты сактоо министри кызматына мекемеден үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аягында кеткен Динара Сагынбаеванын ордуна барганы жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Сагынбаеванын кызматтан кетишинин себептери көрсөтүлгөн эмес — болгону анын «өз каалоосу менен» кеткендиги гана белгилүү болгон.

Анда КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Сагынбаева эл өкүлдөрүнүн «туугандарын жакшы кызматтарга орноштуруу» өтүнүчтөрүн аткаруудан баш тарткандыгы үчүн аны министрлик кызматтан кетүүгө аргасыз кылышкан болуулары мүмкүндүгүн билдирген.

Жалпысынан акыркы эки айдын ичинде Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүндө төрт министр алмашты. Орун алмаштыруулар ички иштер, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат, энергетика жана өнөр жай министрликтеринде болду.