Кыргызстандык Бактияр Даутов президент Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган видео-кайрылуусун тараткандыгы үчүн 5 жылга эркинен ажыратылды.

23-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту экстремисттик материалдарды тараткандыгы үчүн Даутовго карата 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Даутов Атамбаевге жихад жарыялагандыгы тартылган видео-кайрылууну тараткандыгы үчүн 2012-жылдын августунун аягында кармалган — атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, видео-кайрылуунун өзү интернетте 2012-жылдын 2-июнунда пайда болгон.

Кыргызстандык видео-кайрылуусунда «Манас» эпосундагы кыргыз баатырына Москвада эстеликтин орнотулушуна карата нааразычылыгын билдирген. Даутовдун пикиринде, ал кадамы менен президент Атамбаев «шариат нормаларын бузган».

Кыргызстандыкка каршы Кылмыш кодексинин бир нече — «конституциялык түзүлүштү күч колдонуу менен өзгөртүүгө расмий чакырык», «улуттук, расалык, диний же регионалдык касташууга чакыруу» жана «экстремисттик материалдарды даярдоо, сактоо, пайдалануу, таратуу [...]» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Даутовдун кармалышы:

Бирок ал экстремисттик материалдарды таратуу эпизоду боюнча гана күнөөлүү деп табылды. Аны менен катар Даутов президентке жихад жарыялаган деп айыпталган берене боюнча акталды.

Биринчи май районунун прокурору Гүлнара Акимбаева «АКИпресс» агенттигине берген маегинде кайрылуу диний-идеологиялык мүнөзгө ээ болуп, конституциялык түзүлүштүн өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгондугун билдирген.

«Дин ишениминдеги өзүнүн башка тилектештерине таасир этүү максатында ал видео-кайрылуу даярдаган. Анда ал расмий түрдө биздин президентибизге жана өлкөнүн бардык башка жарандарына жихад жарыялаган», — деген Акимбаева.

Атамбаевдин өзү сүйлөгөн сөздөрүндө ага жихад жарыялаган учурду радикалдуу диний экстремизмдин мисалы катары пайдаланып, бир нече жолу Даутовдун видео-кайрылуусуна кайрылган.

Манаска байланышкан жихад тууралуу ал акыркы жолу дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы талкууланган Коргоо кеңешинин 3-ноябрдагы жыйынында айтты.

«Дагы бир укмуштуу көрүнүш — кээ бир молдолор биздин Айкөл Манасыбызды Жаратканга каршы коюп жатышат. Бул дагы кыргыздарды жок кылуу аракети. Биздин элди акырындап маңкуртка айлантууга аракеттенген молдолор бар», — деген Атамбаев.

Анда президент радикалдык исламдашуу кыргыз өзгөчөлүшүнө коркунуч жарата тургандыгын, а дин жергиликтүү менталитет, каада-салт жана маданиятты эске алышы керектигин кошумчалаган.