Москванын полиция кызматкери кош бойлуу кыргызстандык аялды зордуктаган деп айыпталууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирип жатышат. Жабырлануучунун айтымында, ошондой эле полиция кызматкери анын акчасын тартып алган.

Кыргызстандан барган кош бойлуу мигрант аялды зордуктаган деп айыпталып жаткан полиция кызматкерине каршы кылмыш иши козголуп, кызматынан четтетилди, деп билдирүүдө «Азаттык» радиосу Москванын ички иштер башкармалыгына шилтеме жасап.

Кылмыш иши «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге аргасыз кылуу» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча козголгон.

Lifenews телеканалы Кыргызстандан барган мигрант Гүлмира Х. аттуу аялды зордуктоого 31 жаштагы Валерий Говоров айыпталып жатканын билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, полиция кызматкери аны «Улица Академика Янгеля» метро станциясынан кармап, каршылык көрсөтсөң депортация кылам деп коркуткан.

«Качан биз полиция бөлмөсүнө келгенибизде анда дагы бир шериги бар болчу, алар өз ара бирдеме деп сүйлөшүштү да шериги чыгып кетти. Андан соң полиция кызматкер мага жабышып баштады. [...] Алгач жөн гана кармалап, андан кийин кийимимди чечүүнү буюруп, зордуктады. Мен кыйкырайын дегем, бирок ал мени депортация кылаарын айтып коркутту», — деп жазган Lifenews Гүлмиранын айткандарын.

Ал бул окуядан кийин жумушуна барып, кылмыш тууралуу полицияга билдиргендигин айтты.

Гүлмира полиция кызматкери анын жанында болгон бардык акчасын — 800 рублин тартып алганын кошумчалады.

Анын айтымында, бул андан акчасын тарып алган алгачкы учур эмес — октябрдын аягында кылмышка шектелип жаткан Говоров айып катары андан алты миң рубль тартып алган.