Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак телеканалдарына берген маегинде Өзбекстандын бийлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн Кыргызстанды «душман» катары кабыл алып «жаңылышып жатканын» билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин маеги анын Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алдында 24.kz порталына жарыяланган.

Кыргызстандын президентинин айтымында, Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы (ГЭС) аймактагы суу көйгөйлөрүн чечүүнүн жолу болуп эсептелет жана «аны сокур адам гана көрбөйт же көргүсү келбейт».

Ал Советтер Союзу маалында эле түзүлгөн долбоордун максаты — Токтогул ГЭСинен агып чыккан сууну Камбар-Ата-1 ГЭСинин плотинасында сактоо экенин кошумчалады.

«Азыр мына электр энергиясын өндүрүү үчүн күз-кыш мезгилдеринде Токтогул суу сактагычындагы сууну агызууга аргасызбыз. Суунун көп бөлүгү күз жана кыш мезгилдеринде кетет, а коңшуларга — Өзбекстан менен Казакстанга — суу беришибиз керек болгон жазында Токтогул суу сактагычында суу аз калып жатат», — деди өлкө башчысы.

Атамбаевдин пикиринде, долбоор «идеалдуу».

«Ооба, электр энергиясын Токтогул ГЭСинде өндүрүү керек, бирок сууну сактап, жазында коңшу өлкөлөргө беришибиз керек», — деп түшүндүргөн президент.

Ал курулуш долбооруна Орусия менен Казакстан катышып жатканын жана кыргыз бийлиги ага Өзбекстандын да катышуусун сунуштаарын кошумчалады.

«Алар [Өзбекстан] да долбоорго катышып, акционердик коомго кириши керек. Өткөндөгү менен жашоого болбойт. Газ берүүнү токтотуп, темир жолду жаап, кандайдыр бир көйгөйлөрдү жасап душман издебеш керек, болгондо да коңшулардан. Коңшулар бири-бирине жардам берүүлөрү керек», — деп билдирди Атамбаев.

Өзбекстан ири ГЭСтердин курулушу аймактагы суу балансынын бузулушуна алып келээрин айтып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна бир нече жолу каршы чыккан.

2012-жылдын сентябрында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Казакстанга болгон иш-сапары маалында Кыргызстан менен Тажикстандын бийлигин ири ГЭСтерди куруудан сак болууга чакырган. Айтымында, ал «аймакта суу согушун» жаратышы мүмкүн.

Камбар-Ата-1дин курулуш долбоору 2012-жылдын августунда, Орусия ГЭСке 2 млрд. АКШ долларына чукул каражат жумшоого макул болгондон кийин бекитилген. Орусия тараптан долбоорду ишке ашыруу менен мамлекеттик «Интер РАО» корпорациясы алектенүүдө.
играть игровые автоматы бесплатно вулкан