Ника Кабулдагы жардыруудан апасы каза болгондон кийин үй-бүлөсү менен Ооганстандан Кыргызстанга көчүп келген. Айтымында, анын үй-бүлөсү дайыма кайталанып турчу коркутуулар жана жөнү жок айыптоолордон улам башка жакка көчүп кетүү чечимине келген.
Баян Никанын [каармандын өтүнүчү менен анын аты-жөнү өзгөртүлдү] айткандары боюнча жүрөт.
«Ал Талибандын мүчөсүнө окшош көрүнгөн…»
Кайсыл жыл экени так эсимде жок, бирок окуя болжол менен 2002-жылы болгон — мен университетке тапшырып, ангис тили жана адабияты факультетинин дипломун алгам.
Университетте окуп жүргөнүмдө элчиликте жарым ставкада иштеп жүрчүмүн.
Биздин өлкөдө баары эле англисче биле беришпейт, а элчиликке ал тилде сүйлөй алган адамдар керек болуп жаткан. Анан алар мени англис тил мугалими катары жумушка алышкан.
Туугандарым менин элчиликте иштеп жүргөнүмдү билишчү эмес, ата-энем жана бир туугандарым билчү. Анткени оогандыктарда чет өлкөлүктөргө иштөөгө болбойт. Алар мага толук ставкада иштөөнү сунушташкан, бирок окуудан бошобогондуктан мен баш тарткам.
Бир күнү жумуштан үйдү көздөй бара жаткам, жолдон мени Талибан кыймылынын мүчөсүнө окшогон бейтааныш адам токтотту. Мен коркуп кеттим. Бирок чынында анын кыймылга эч тиешеси жок болчу.
Ал мага: «Динсиздер менен кантип иштейсиң? Мусулман эмессиңби? Ооган кызы эмессиңби? Ата-энең менен бир туугандарың чет өлкөлүктөр менен иштөөгө кантип уруксат беришти? Сен ал жакта иштебешиң керек», деди.
Ал окуядан кийин мен элчиликте иштебей калдым, эч нерсе деп айтпастан эле жумушка барбай койдум, сим-картамды сындырып салгам. Элчиликтегилер азыркыга чейин менин эмнеге жумушту таштап кеткендимди билишпейт.
Окууну аяктагандан кийин мен Джамал-ад-Дина колледжинде профессордун ассистенти болуп иштеп калдым. Ал мугалимдерди окута турган институт болчу. Анда мен бир күн бою иштечүмүн.
Бирок менде ал жакта да көйгөйлөр жаралды — менин жетекчимдин окуучулары актай кагаздар үчүн жакшы бааларды алгылары келген, бирок мен макул болгонум жок. Анан алар мени коркутушуп, үйгө чейин аңдып келе башташты.
Мен бул тууралуу үйдөгүлөргө айтканымда, атам менен иним бул жумушту да таштоого мажбур кылышты. Андан кийин ата-энем менин иштешиме уруксат беришкен жок. Алардын пикиринде, мен жумушка орношкондо дайыма жаман иштерге кабылат экенмин. Ошондуктан мен үйдө эле болуу чечимине келдим.
Апам террорист аял тарабынан өлтүрүлгөн
Биздин өлкөнү таштап кетүүбүзгө көптөгөн себептер болду, анан биз көчүп кетүүнү туура көрдүк. Алгач Пакистанга кайтып баруу чечимине келдик, бирок апамдын ден соолугу начар болчу. Дарыгерлер анын оорусунун себебин аныктай алышпай, Индияга алып барып көрсөтүп көрүү кеңешин беришти.
Анан атам менен апам виза алуу үчүн Индиянын элчилигине жөнөштү.
Дал ошол күнү террорист аял Индиянын элчилигинин алдынан өзүн-өзү жардырган, анын жыйынтыгында менин апам да каза болгон. Бул окуя 2008-жылы болгон.
Эми атам Ооганстандагы жардыруулар тууралуу кабар уккан сайын жаман болуп кетет, анткени ал ошол күндү жана апамдын каза болгондугун эстейт.
Кыргызстанга көчүү
Биз Кыргызстанга эки жыл мурун көчүп келгенбиз. Мен бул жакта болом деп такыр ойлогон эмесмин. Кокустан эле болуп калды: биздин жашообузда өтө көп көйгөй жаралды, анан биз аларды атамдын бир тууганы менен талкуулап көрөлү деп чечтик — ал Кыргызстандагы досу тууралуу айтып калды. Анан ал досунан бизге жардам берип коюусун өтүндү, анан ошентип биз өлкөдөн чыгып кетмей болдук.
Алгач биз Тажикстанга келип, ал жакта 20 күндөн ашык туруп калдык. Анан Кыргызстанга келдик.
Чынын айтканда, биз Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билчү эмеспиз. Мен Бишкек тууралуу таптакыр уккан эмесмин. Силердин кайсыл тилде сүйлөй тургандыгыңарды да билген эмеспиз. Качан биз бул жакка көчүп келгенде, биз үчүн бүт баары жаңы болду. Бүт бардыгы башкача сезилди, бирок биздин маданияттарыбыз окшошуп кетет экен, мисалы, үйлөнүү-үлпөт тойлорун өткөрүүбүз.
Биз англисче билсек тил жагынан эч кандай көйгөй болбойт деп ойлогонбуз. Качан биз англис тилинде сүйлөгөнүбүздө баары жылмайып, күлүп башташты. Биз туура эмес англис тилинде сүйлөп жатабызбы деп ойлогонбуз.
Анан орус тилин окуйлу дедик, анткени сөздөрдү сүйлөөдө кыргыз тили биз үчүн өтө оор экен.
Жаңы жердеги жашоо
Биринчи жылы мен үйдө болуп, иштеген жокмун, анткени орус тилинде сүйлөчү эмесмин. Анан билим берүү борборунда тил үйрөнүп, ошол жакта иштеп баштадым.
Атам көптөн бери ооруйт, иштей албайт, кээде өзүнүн аты-жөнүн да эстей албай калат. Иним да ооруйт, бирок ошентсе да кээ бирде акча иштеп табууга аракет кылат. Үйдө мен жалгыз иштейм, ошондуктан бизде көптөгөн экономикалык кыйынчылыктар бар.
Эжем Ооганстанда, бирок азыр анын кайсыл жагында экенин билбейм. Биз аны менен сүйлөшпөйбүз, анткени бул анын келечегине жаман таасирин тийгизиши мүмкүн, биздин сөздөрүбүздү тыңшап угуулары мүмкүн да. Биз анын кайсыл шаарда жашаарын да билбейбиз.
Кыргызстанда жашаган башка ооганчылар да бар, бирок алар менен сүйлөшпөйбүз.
Мен Ооганстандагы досторум менен байланышка чыгуудан корком, анткени менде бул жакта да ошондой көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Акчанын жетишсиздигинен башка өлкөгө да көчүп кете албайбыз.
Азыр бизде иштөөгө уруксат кагазыбыз жок, бирок жашап турууга уруксатыбыз бар. Мында мыйзамсыз иштейбиз, бирок алар [Кыргызстандын бийлиги] бул тууралуу билишет. Анткени эгер биз иштебесек кантип жашамак элек. Кыргыз бийлик органдары бизге жарандык берүүдөн баш тартышты.
Автор: Азат Рузиев
Сүрөттө: Ооганстандык качкын Пакистан менен болгон чек арада.
Сүрөттүн булагы: Бириккен Улуттар Уюмунун сүрөт кызматы