«Америкалык стартаптар» сериясы:
I бөлүк: Өсүп-өнүккүсү келбеген компания
II бөлүк: Элдин акчасы менен көтөрүлгөн компания
III бөлүк: Чоң корпорацияларга айланып, көптөн бери стартап болбой калган компаниялар (Google менен Facebookтун кеңселери)
Google жана Facebook корпорациялары көпчүлүк үчүн америкалык стартаптын эмнеге чейин өсүп жетиле тургандыгынын идеалын ишке ашырып келишет. Kloop.kgнин журналисттер командасы бул эки алптын ар биринин штаб-квартирасында болуп кайтышты.
Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт
Чынын айтканда, Kloop.kgнин командасы «Америкалык стартаптар» сериясынын алкагында «Гугл» менен «Фэйсбук» тууралуу репортаждарды жасоону пландаган эмес — ал компаниялар жөнүндө буга чейин деле көп жолу жазылган да.
Бирок аталган корпорациялардын кеңселерине барбай коюуга мүмкүн болгон жок. Биз алп компанияларга биригип кеткен стартаптар тууралуу маектерди топтоп жатканбыз, анан таптакыр күтүүсүздөн эле ал маектердин бирин Пало-Альто шаарчасындагы «Фэйсбуктун» штаб-квартирасына, экинчисин Маунтинвьюдагы «Гуглдун» башкы базасына белгилешти.
Анан албетте биз ал жактарга фотоаппараттарды алып, ал кеңселер тууралуу галереяларда өтө сейрек кездешкен нерселерди тартууну чечтик.
«Фэйсбук»
Бизди «Фэйсбуктун» штаб-квартирасына «Инстаграмдын» тарыхтагы он экинчи кызматкери Дэн Тоффи чакырды:
Менин Дэн менен жакшы тааныш досум (салам, Эрика!) бар. Ал бизди 2010-жылы эле, качан мен Вашингтондогу иш-чаралардын бирине барганымда жолуктурууга аракет кылган. Бирок биз анда жолуга алган эмеспиз, болгону бир нече имейл менен алмашып, ошол бойдон төрт жылдан бери байланыша элек болчубуз.
Бул убакыттын ичинде ал «Инстаграмга» жумушка орношууга жетишкен, болгондо да 2012-жылдын жаз айларында, ал фотосервисти «Фэйсбук» 1 миллиард долларга сатып алаардын алдында.
Андан көп өтпөй эле америкалык жана европалык маалымат каражаттарында «Инстаграмдын» «Фэйсбук» менен биригүүнүн алдында иштеп жаткан 13 кызматкери тең миллионер болгондугу тууралуу бир топ макалалар жарыяланган.
Дэн бул маалыматтарды ырастабайт дагы, төгүндөбөйт. Биз ал макалалар тууралуу айтканыбызда ал: «Кайсыл бир себептер менен мен дагы деле жумушка барып иштеп жатам го», — деп табышмактуу жоок берди.
Бүгүнкү күндө «Инстаграмда» жүздөн ашык киши иштейт, анын кеңсеси «Фэйсбуктун» Пало-Альтодогу комплексинин бир кабатын толугу менен ээлейт:
«Инстаграмдын» кеңсесине барган адам жогорудагы жазуу жок болсо «Инфтаграмдын» кеңсесинде жүргөндүгүн деле билбейт — Дэндин үстөлүнөн алыс эмес жерде турган кезектеги көргөзмө үчүн даярдалган текчелерди эле көрүп калбаса:
Жалпысынан «Инстаграмдын» кеңсеси болжол менен ушундай көрүнүшкө ээ:
Анын канчалык жайлуу жана ыңгайлуу экенине окурмандар өзүлөрү баа беришсин.
Кокустан кандайдыр бир коммерциялык сырды жарыялап жибербешибиз үчүн бизге кызматкерлерди жана алар отурган үстөлдөрдү жакындан тартуугу уруксат беришкен жок.
Бирок жеңилдикти окшоштуруп тууроого мүмкүн болгон «Инстаграмдын» кеңсесинин кире беришиндеги бөлмөнү каалашыбызча сүрөткө тартууга уруксат беришти:
Жыйынтыгы болжол менен мына мындай көрүнүштө:
Байланыштар үчүн жооп берген Дэн диктофонго интервью берген жок — жетекчилиги биздин макала даярдообуз үчүн «Фэйсбуктун» аймагында аудио жана видео материалдарды топтошубузга каршы болду.
«Инстаграм» жупуну стартаптан ири корпорациянын чоң бир бөлүмүнө айланды, эми анда тартип катуу.
Ошондуктан биз жөн гана маектешип, ортолорунда ички короолору бар ондогон имараттардан турган «Фэйсбуктун» штаб-квартирасында саякаттоо менен гана чектелдик.
Эң бийик имараттын чокусунда бардыгына таанымал элементтер тартылган желек желбирейт:
«Фэйсбукта» эч кандай дресс-код жок болгондуктан андагы кызматкерлер менен туристтерди айырмалоо оңойго турбайт. Бул адам мүмкүн кызматкер, а мүмкүн андай эмес:
Логотиби тартылган футболка да көрсөткүч эмес — көпчүлүк учурларда андай жазуулары бар футболкаларды корпорацияда иштебегендер кийишет:
Штаб-квартиранын аймагындагы көк чөптүн үстүн басууга уруксат берилген — ал тургай «Фэйсбук» кызматкерлерин чөптүн үстүндө көбүрөөк болууга чакырат:
Учурунда «Гугл» өз кеңселеринде кызматкерлерине бекер тамак берүү салтын баштаган. Андан бери ал Кремний өрөөнүндөгү интернет-корпорациялардын ийгиликтүүлүгү менен берекелүүлүгүнүн ажырагыс белгиси болуп калды — эгер сен бай болсоң, бекер тамак тарат.
Таң калычтуу, бирок биз «бекер» ашканага барганыбызда ал төмөндөгүдөй көрүнүштө болуп чыкты:
Бирок «Фэйсбуктун» кеңсесинде тамак үчүн акча төлөө керек болгон жалгыз жерде адамдар көп болуп чыкты:
XXI кылымдын башында «Гугл» тарабынан башталган дагы бир мода — бул кызматкерлер үчүн оюн бөлмөлөрүн уюштуруу. Бирок биздин байкоолорубузга ылайык, ал бөлмөлөр көпчүлүк учурларда бош болушат. Мисалы, «Фэйсбуктун» оюн бөлмөсүндө биз мына мындай көрүнүшкө күбө болдук:
Кремний өрөөнүндөгү көпчүлүк компаниялардай эле «Фэйсбук» да кызматкерлерин үйлөрүнө автобус менен жеткирет (эгер алардын унаалары жок болсо):
Штаб-квартиранын кире беришинде баарына таанымал болгон көрнөк турат:
Анын арткы жагында кеңсени буга чейин ээлеп турган «Сан Майкросистемдин» логотиби бар экенин көбү билбесе керек:
Бул текстте модаларды жаратуучу катары бир нече жолу «Гуглдун» штаб-квартирасына шилтеме жасадым. Эми ошол жакка баралы.
«Гугл»
«Гуглдун» штаб-квартирасына салыштырмалуу «Фейсбуктун» кеңсеси өтө эле кичинекей сезилет.
«Гугл» имараттардын топтомун гана ээлебейт — корпорациянын кеңселери Маунтинвью шаарчасына толук жайылган, анда штаб-квартиранын кайсыл экендиги жана анын чектери кайсыл жакта экендиги түшүнүксүз.
Имараттардын ортолорунда кызматкерлер таанымал болгон түстүү велосипеддер менен сейилдешет:
Имараттын башкы комплекси — Googleplex — көркөм тасмаларда көрсөтүлүп, көптөгөн туристтерди кызыктырган ажайып жайга айланган.
Googleplex комплексинин кире беришиндеги жазуулардын биринде Калифорниянын ченеми менен алганда болуп көрбөгөндөй калыңдыктагы чаңды көрдүк:
«Гугл» кызматкерлерине бекер тамак гана бербейт:
Корпорация Googleplexке келип, бекер тамак тараткан көптөгөн фуд-трейлердин ээлерине да акча төлөйт:
Мында тамак кызматкерлерге гана берилээри жазылган:
Чындыгында кызматкерлер тамакты өзүлөрү үчүн гана эмес, учурашуу үчүн келген достору менен туугандарына да алган учурлар көп болот. «Гуглдун» кеңсесиндеги бекер тамактын канча пайызы корпорациянын кызматкерлеринин өзүлөрү тарабынан желе тургандыгы так белгисиз.
Googleplexке бизди корпорацияда иштеген Кыргызстандын жарандарынын бири, эски досубуз Тилек Мамутов чакырды.
Кире бериштен уруксат кагаз алган соң биз башкы имараттын ичине кирдик:
Бирок мында туристтерге жеткиликтүү нерселер өтө аз. Стрит-карды көрүп, сүрөткө тартып алса болот:
Ошондой эле «Вёрджин» компаниясынын шыпта илинген алгачкы космос кораблин да сүрөткө тартууга болот:
«Гуглдун» картасы үчүн өтө ыңгайлуу жасалганы пайдаланса болот:
«Гуглдун» алгачкы серверлеринин бирин көрүүгө болот:
Бүттү. Андан ары кызматкерлер гана өтө ала тургандыгы жазылган эскертүү турат:
Бул бөлмөлөр чектешкен аймакта жайгашкан, ошондуктан мен аларды сүрөткө тарта алдым. Алардын дүйнө шаарларынын атынан аталгандыктарына көңүлүңүздөрдү буруңуздар. Googleplexтин башкы имаратында Африка темасы:
Мүмкүн штаб-квартиранын кайсыл бир башка жагында Bishkek бөлмөсү да бар чыгаар. Бирок бардык имараттарда биринчи кезекте ашыкча адамдардын жабык аймактарга кирип кетпешине көз салган «Гуглдун» көптөгөн күзөтчүлөрү жүрүшөт.
Бул сүрөттө бардык жагына көз салып турган, сергек күзөтчү кызматта:
Googleplexтин ички короосунда динозаврлардын толук масштабдагы скелети турат.
Бир жолу кимдир бирөө динозаврлардын алдына аларды эрөөлгө чакырып жаткансыган фламинголордун тобун тамашалап коюп койгон. Жооптуу тамаша катары ал фигуралар жок болуп, динозаврдын артында фламинголордун бөлүктөрү аралашкан заңы пайда болгон:
Googleplexтин айланасынан укмуштуудай карама-каршылыктуу көрүнүштөргө күбө болууга болот. Бул бурчтан караганда кооз көрүнүштөр:
А бир аз четке чыксаң кир каналды көрөсүң:
А бул Googleplexтин коңшулары. Сырткы көрүнүшү менен ал мага балалыгымдын бир аз бөлүгү өткөн Каракол шаарынан алыс эмес жайгашкан Маман айылын эске салды:
«Америкалык стартаптар» сериясы:
I бөлүк: Өсүп-өнүккүсү келбеген компания
II бөлүк: Элдин акчасы менен көтөрүлгөн компания
III бөлүк: Чоң омпанияга айланып, көптөн бери стартап болбой калган компаниялар (Google менен Facebookтун кеңселери)