Президенттин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши кытай инвесторлоруна зыянынан мурун мүмкүнчүлүктөрдү көбүрөөк бере тургандыгын билдирди. Сынчылар чиновниктер «каалоону чындык катары билдирип жатышат» деп эсептешүүдө.
Исаков бул тууралуу «Внешняя политика» басылмасына берген маегинде билдирген — маектин жүрүшүндө ал Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши кытай инвесторлоруна «зыяндан мурун мүмкүнчүлүктөрдү көбүрөөк бере тургандыгын» айткан.
«[...] кытай инвесторлоруна керектөөчүлөрдүн чоң рыногу ачылууда, андан сырткары биздин режим бизнес жүргүзүү үчүн ылайыктуу», — деген ал.
Чиновник кытай товарларын кайра экспорттоо маселеси «күн тартибинен алынып», Евразиялык экономикалык биримдикте белгиленген тариптердин негизинде ишке аша тургандыгын кошумчалаган — анын айтымында, азырынча Кытайдын бийлиги Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши боюнча каршы пикирин билдире элек.
«Мүмкүн маалымат каражаттарында кытай бийлигинин расмий позициясы катары эсептөөгө болбой турган кытай эксперттеринин пикирлери болгондур», — деп билдирген президенттин аппарат башчысынын орун басары.
Мурунку дипломат, учурдагы оппозиционер Адил Турдукулов Исаков кытай инвесторлору үчүн «чоң мүмкүнчүлүктөрдүн ачылаары» жөнүндө айтуу менен «каалоону чындык катары билдирип жатат» деп эсептейт.
Саясатчынын айтымында, аталган биримдиктерге кошулуу Борбор Азиядагы ири базар болуп эсептелген «Дордойдун» жылдык жүгүртүмүнө терс таасирин тийгизет — базардын соодагерлери кытай товарларын коңшу өлкөлөргө кайра экспорттоонун эсебинен акча табышат.
«Форбстун» [бизнес-басылмасынын] маалыматы боюнча, «Дордой» базарынын гана жылдык жүгүртүмү 4 млрд. АКШ долларынан 7 млрд. долларга чейинки сумманы түзөт. Бажы биримдигине киргенден кийин мунун бардыгы тең түп тамырынан бери терс жакка өзгөрөт», — деп эсептейт Турдукулов.
Дүйнөлүк соода уюму боюнча сүйлөшүүлөр
Исаков учурда Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болушу Дүйнөлүк соода уюмундагы кесиптештери менен болгон мамилелерине терс таасирин тийгизбегидей шарттарды түзүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмундагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.
«Биздин дипломаттар Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында шарттарды өзгөртүү боюнча бардык өнөктөштөрүбүз менен кеңешмелерди, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деп билдирди чиновник.
АКШнын бийлиги Кыргызстанды Бажы биримдигине киргенден кийин Дүйнөлүк соода уюмундагы милдеттенмелерден баш тартпоого бир нече жолу чакырган.
«Кыргызстан геосаясий жактан Кытай, Индия, Европа сыяктуу ири өлкөлөр менен өз ара байланышка ээ болгудай жайгашкан. Эгер өлкө бийлиги инвесторлордун экономикага акча салышын кааласа Дүйнөлүк соода уюмунун алтын стандарттарын кармануусу керек», — деп билдирген ноябрдын башында АКШнын мамлекеттик катчысынын кеңешчиси Фатима Сумар.
Тема боюнча: Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүнүн алдындагы бажы төлөмдөрүнүн жогорулашына даярданууда
Исаков Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү жөнүндөгү макулдашуу боюнча жол-жоболорду 2014-жылдын 23-декабрына чейин аяктоого ниеттенип жатканын билдирди.
Көрсөтүлгөн күнгө чейин Кыргызстандын парламенти мыйзамдарды Бажы биримдиктин талаптарына ылайыктоо үчүн 40ка чукул мыйзам долбоорун жана нормативдик-укуктук актыларга киргизилген 100дөн ашык өзгөртүүлөрдү кабыл алышы керек.
Исаков жылдын аягына чейин парламент бардык керектүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү кабыл алууга жетишээрин убадалаган жок, бирок парламентте биримдикке кирүүнүн «пайдалуу экендигин толук түшүнүп» жаткандыктарын айтты.
«Кыргызстанда бир гана жол бар – бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү, бизде башка альтернатива жок», — деди ал.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган, бирок ал идея өлкөдө ар түрдүү пикирлерди жараткан.
Өлкөнүн Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлерине Казакстан, Орусия сыяктуу чоң товар сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептеп келишет.
Алардын каршылаштары Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан жана Орусиянын Кыргызстанга карата саясий таасиринин күчөшүнөн чочулап жатышат.
Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болгон активисттердин тобу бир нече жолу Бишкекте нааразычылык акцияларын өткөрүүгө аракет кылышкан, бирок аларга дайыма укук коргоо органдары тоскоолдук кылып келишет.