Өзбекстандын чек арачылары «аткезчилик жүк алып өтүү аракетин көргөн» кыргызстандыктардын бирин жарадар кылышты, деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматы. Аймактык жергиликтүү маалымат агенттиги дагы төрт өзбекстандык жарадар болгондугун билдирүүдө.

Окуя 10-ноябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон — кыргыз чек арачыларынын билдирүүлөрү боюнча, Кыргызстандын жарандары Өзбекстан менен болгон чек ара аркылуу тооктун жана өрдөктүн «аткезчилик» эттерин алып өтүүгө аракет кылышкан.

«Кыргызстандын жарандары унаасын Кызыл-Кыя — Кадамжай транзиттик жолдун четине токтотушуп, жүк ташуучу унаадан аткезчилик жүктөрдү түшүрүп жатышкан», — деп билдирди чек арачылардын басма сөз кызматы.

Мекеменин билдирүүсү боюнча, өзбек чек арачылары колго түшүрүү маалында каршылык көрсөткөн «аткезчилерге» каршы курал колдонушкан — ок атуунун жыйынтыгында бир кыргызстандык жардар болгон.

«Өзбек чек арачыларынын аракеттеринин жыйынтыгында Кыргызстандын бир жараны жарадар болуп, Өзбекстан Республикасынын Вуадиль аймагындагы ооруканага жеткирилген», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Экинчи кыргызстандык кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Баткен облусунун Кадамжай райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Аймактык «Турмуш» агенттигинин укук коргоо органдарына шилтеме жасап берген билдирүүсү боюнча, ок атышуунун жыйынтыгында Өзбекстандын да төрт жараны жарадар болгон.

«Жарадар болгон өзбекстандыктарды Өзбекстандын Чек ара кызматынын кызматкерлери алып кетишти, жарадар болгон Кыргызстандын жаранынын абалы тууралуу маалыматтар такталууда», — деп жазган маалымат агенттиги.

Учурда кыргыз чек арачылары окуянын чыгуу себептерин иликтеп жатышат.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр

Үстүбүздөгү жылдын октябрынын аягында Чек араларды делимитациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандеров Өзбекстандын бийлиги чек араларды тактоо процессин улантуу жөнүндөгү эки нотага жооп бербегендигин билдирген.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо көйгөйлөрүнүн чечиле электиги Өзбекстан менен болгон чек арада жаңжалдарды жаратып, чек арачылар же жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы кагылышуулардын себептеринин бири болуп калууда.

Искандаровдун айтымында, акыркы жолугушуу Жалал-Абадда 14-июлдан 19-июлга чейин өткөн — анда кыргыз тарап буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой койгон.

Аны менен катар үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстандын вице-премьери Абдрахман Маматалиев сүйлөшүүлөр акыркы баскычка жеткендигин айтып ишендирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1300 чакырымды түзөт — анын 320сы тактала элек.

Сүрөт: EurasiaNet.