Илим жана технологиялар фестивалында кыргыз инженерлери 3D-принтер, адам жүздөрүн аныктоочу камера, учуучу аппараттар, виртуалдуу реалдуулук туулгалары жана башка ойлоп табууларын көрсөтүштү.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Мирбек Токтогараев Kloop.kgге фестивалдын максаты көп сандаган адамдарды жаңы технологиялар менен тааныштырып, кыргызстандыктардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу болгондугун айтты.

«Биз бул иш-чараны пландап жатканыбызда Кыргызстанда жаңы технологиялар менен алектенген адамдар барбы-жокпу деп күмөн санап, коркконбуз. Качан бул тууралуу расмий жарыялаганыбыздан кийин бизге телефон чалышып: «Балдар, менде робот, принтер бар», деп айтып башташты», — дейт ал.

Фестивалда Кыргызстанда чогултулуп, ойлонуп табылган 50гө чукул экспонат көрсөтүлдү.

Бешинчи курстун студенттери адам жүздөрүн аныктай турган камераны чогултушуп, өздөрүнүн андан бир аз натыйжалуураак иштей турган алгоритмин ойлоп табышкан.

Ал камера үйдөгү электр энергиясын үнөмдөө үчүн пайдаланылышы мүмкүн — эгер адам сыналгыны көрбөй турган болсо, анын экраны өзү өчүп калат.

Буюмдарды бир жерден экинчи жерге жылдырууга жөндөмдүү, негизинен сериялуу өндүрүштө пайдаланылган «Кара кол» деп аталган робот.

Андан сырткары 1000-2000 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, ал жерде 15 мүнөткө чейин кармалып турууга жөндөмдүү мультикоптердин, учуучу аппараттардын түрдүү үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери 600 долларга 3D-принтер ойлоп табышкан. Ал жаңылангандан кийин мисалы, медициналык протездерди басып чыгарууга мүмкүндүк берет.

Жаш инженерлер жаңы колдонмону түзүү үчүн алты ай талап кылынгандыгын жана келечекте аны жакшыртууну пландап жаткандыктарын айтышты.

«Долбоорду нөлдөн баштадык, бардык математикалык эсептөөлөр, чиймелер өзүбүздүкү. Программалык бөлүгү даяр болчу, биз аны аягына чейин жакшыртып жасадык, ал эми эсептөөлөрдү, көлөмдөрүн өзүбүз жасадык. Биз аны дагы да жакшыртып, бир нече экструдерлерди [басмада пайдаланылчу материалдарды жумшартуучу машина] коюп, аны түстүү кылалы деп жатабыз», — деп билдиришти алар.