Кыргызстанда ири өлчөмдө акча ташып жеткирген күзөт кызматтарына кол салып, карактап кеткен фактылар көбөйдү.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору Кубанычбек Жолдошев.

Бирок бир нече адам канына забын болуп, миллиондогон доллар акчаны карактаган чуулгандуу кылмыштардын бети ачылбай калууда. Бул иштер ачылбай жатканына байланыштуу жакында Башкы прокуратура иликтөөнү ички иштер органдарынан өзүнө алганы белгилүү болду.

Кесипкөй чекисттер мындай өзгөчө оор кылмыштардын артында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен айрым жетекчилери аралашкан уюшма кылмыш топтору турушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Ири өлчөмдөгү акчаны ташып бараткан күзөт агенттигине соңку кол салуу 3-ноябрь күнү чак түштө Токмок шаарында катталды. “Брент” деген май куюучу жайлардын акчасын чогултуп алып ташып бараткан күзөт тобунун автоунаасына беткапчан белгисиз бирөөлөр капысынан кол салган. Мунун жыйынтыгында жарадар болгон күзөтчүлөрдүн курал-жарагы жана унаанын ичиндеги ири өлчөмдөгү акча каракталган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурбек Токтосуновдун айтымында, каракчылардын тек жайы такталганы менен азырынча кармала элек:

- Мына ошол каракталган акча “Брент” деген компанияныкы болгон. Анда канча акча болгону азырынча тактала элек.Учурда тергөөчүлөр менен биргеликте эсеп-кысап жүрүп жатат. Ошондой эле мына ошол акчаны карактаган кылмыштуу топ боюнча ыкчам иликтөө иштери уланууда. Биздеги ыкчам маалыматтар боюнча карактоого катышкан адамдар төртөө болгон. Алардын болжолдуу өзгөчө белгилери аныкталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Соодагерлерди сыздаткан карактоо

Буга чейин Бишкектин чок ортосунда «Дельта-Восток» күзөт агенттигинин инкассатор машинесине мыкаачылык менен кол салынган. Анда күзөтчүлөрдүн башчысы атып өлтүрүлүп, эки кызматкер жараат алган. Жыйынтыгында «Аэро-Тур» жана «Адал-Туризм» деген туристтик компанияларга таандык 1 миллион 700 миң доллар каракталган. Бул акча “Дордой” базарынын соодагерлери Түркияга товар алууга жөнөткөн аманат болчу.

«Аэро-Тур» компаниясынын жетекчиси Александр Коптев бул кылмыш иши 45 күндөн бери ачылбай жатканын айтып, милициянын кайдыгер аракетине даттанды:

- Ушул кезге чейин бизге акчаны эч ким кайтарып бере элек. Бизге акчасын ишенип тапшырган адамдар күтүп жатышат. Биз аларга болгонун болгондой түшүндүрүп жатабыз. “Иликтөө жүрүп жатат, жаңы эч нерсе жок” дегенден башка милиция бизге эч нерсе айта элек. Чекисттер эки милиция кармалды дешти эле, бирок алар кийин башка бир ишке шектүү болуп чыкты деген маалымат беришти. Милиция бул иште кандайдыр бир илинчектер бар дегени менен ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыгарган жок. Мына ошол окуядан бери 45 күн өттү. Бирок ушул күнгө чейин кылмышкерлер туурасында эч кандай маалымат жоктугу бизди убактылуу соороткондой эле таасир калтырууда.

Тергөө органдарында бул кылмыш ишинде жабырлануучу катары өтүп жаткан жарадар күзөтчүлөрдүн көрсөтмөлөрү тууралуу маалыматтар негедир жашыруун кармалууда. Коопсуздук чарасы үчүн деген негизде алардын өздүгү жана кайсы жакта дарыланып жатканы боюнча маалыматтар да купуя сыр катары тосмолонгон.

Бирок көп өтпөй эле бул ишке катышы бар деп шаардык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эки кызматкери кармалганы туурасында маалымат тараган болчу. Бул атайын операцияны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин изкубарлары ишке ашырган. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев буларды айтты:

- Биздин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эки кызматкеринин кармалганын тастыктайбыз. Бирок алар башында мына ошол инкассаторлорго кол салган деген шекти коюп жатпайбы. Бирок териштире келгенде кайра алар башка бир ишке шектүү деп чыкпадыбы. Мына ошол оор кылмышка шектүү деп кармалды деген такталбаган маалыматты атайын койо беришкен. Бирок чындыгында андай болбой чыкты.

Айрым милиция кызматкерлери мыйзамсыз тыңшоолордун негизинде маалымат алып, аны өздөрүнүн кылмыштуу кызыкчылыгына пайдаланган болушу мүмкүн.

Бул чуулгандуу карактоону адегенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтеп, бирок бир жарым айдан бери жыйынтык чыккан эмес болчу. Ошондуктан прокуратура органдары жакында ишти иликтөөнү өзүнө кайтарып алды. Учурда атайын кызмат Бишкек милициясынын кармалган эки кызматкеринин жогорудагы чуулгандуу карактоого шектелип жатканын тастыктабай да, төгүндөбөй да жатат. Сот болсо жакында кармалган эки милицияны тергөө бүткөнгө чейин камакка алууга санкция берди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов башында коюлган шектенүү тастыкталбаган менен аларга белгисиз жагдайда башка бир жаңы иш ачылганын айтты:

- Бул ишти башынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергеп жатат. Мына ошол айыптоо боюнча эки милиция кызматкери бир топтон бери суракка алынып, ишти иликтеген соң эч кандай илинчек табылган эмес. Инкассаторлорго кол салуу фактысы боюнча шектенүү тастыкталбаган соң андан кийин тергөөнүн жыйынтыгы башкача болууга тийиш эле. Анан эми аталган эки милиция кызматкери башка бир ири өлчөмдөгү акча жоголгон уурулук ишке шектелди деп жатышат. Мына ушуга байланыштуу аларды сотко алып барышып, эки айга камакка алышыптыр. Бул иш эми канчалык деңгээлде так жана ачык экенин айтуу азырынча эртелик кылат. Бул боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы кандай болот, ошого жараша алардын айыбы бар экени, же жоктугу аныкталат.

Ыплас ыкмалар

Тергөөнүн жүрүшүндөгү табышмактуу жагдайлар бул шумдуктуу карактоо ишине кандайдыр бир таасирдүү күчтөр аралашкан деген түкшүмөлгө түртүүдө. Эгерде бул карактоолорго күч түзүмдөрүнүн өзүнүн өкүлдөрү аралашпаса, кылмыш иши эбак ачылмак деген жоромолдор бар. Адатта ири өлчөмдөгү акча ташыган күзөт агенттиктеринде күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери иштешет. Мындай шартта алардын учурда иштеп жаткан кесиптештери менен тыгыз байланышы болушу мүмкүн деген шектенүүлөр бар. Ошондуктан Бишкек милициясынын кармалган эки кызматкерине бекеринен шек түшүп жаткан жок деп жүйө келтиргендер жок эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков бул чуулгандуу иштердин ачылбай жатышын каракталган акчанын өлчөмү жана аны ишке ашыруудагы ыкчам ыкмалар менен байланыштырды:

- Ыплас жол менен акча табууга үйрөнүп алган укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери жоопкерчиликсиздиктин айынан мына ушундай кылмышка барып, ири өлчөмдөгү акча карактоолорду боло жүрчү көрүнүшкө айландырып алганы байкалат. Мында эми аларда чоң жетекчилер деле мына ушуга окшогон иштерге аралашып алып, анан жооп бербей эле жүрбөйбү деген маанай калыптанган. Анан калса аларда кандай өлчөмдөгү акча каяктан чыгарын билген ыкчам ыкмалар бар. Алар мыйзамсыз тыңшоолордун негизинде ошондой маалыматтарды алышып, аны өздөрүнүн кылмыштуу кызыкчылыгына пайдаланган болушу мүмкүн. Анан бул иштин ачылбай жатышы андагы из калтырбай, илинчектерди жок кылууну билген адистер аралашкан иш экенинен кабар берет.

Табылбай калган 4,5 миллион

Бул чуулгандуу карактоо өлкөдөгү ачылбай калган биринчи кылмыш иши эмес. Жакында эле Оштогу акча алмаштыруу жайларынын бирине кол салуу болуп, белгисиз куралдуу топ андан ири өлчөмдөгү акчаны карактап кеткен. Бирок ушул күнгө чейин аталган кылмышка шектүүлөр кармала элек.

Былтыр ноябрь айынын башында “Ош” аба майданында теги белгисиз ири өлчөмдөгү акчаны алып бараткан адамга кол салуу болуп, бирок ал тирүү калган. Тергөө учурунда каракталган акчанын өлчөмү төрт жарым миллион долларды түзгөнү белгилүү болгон. Кийин аны карактагандардын бири кармалып, акчанын төрттөн бир бөлүгү кайтарылган. Бирок аталган ири акчанын кимге таандык экени жана бул иштин аягы эмне менен бүткөнү ушул күнгө чейин белгисиз.

Эксперт-чекист Артур Медетбеков бул иште бир топ көмүскө жагдайлар бар экенин белгиледи:

- Былтыр ошол 4,5 миллион доллар борбордогу кайсы бир таасирдүү адамдарга жөнөтүлгөнү боюнча маалыматтар болгон. Аны билип калган кылмыштуу топ, Оштун аба майданынан ага кол салып, акчаны алып качып кетүүгө үлгүргөн. Кийин бул иштин аягы эмне болгону белгисиз бойдон калды. Анткени ошол акчанын теги да күмөндүү болгон. Ал акча кимден кимге жөнөтүлгөнү жана кандай максатты көздөгөнү жашырууну болгондуктан, бул териштирүүнү коомчулуктан белгисиз жагдайда бүтүрүп коюшту. Мындай иштерге таасирдүү бийлик кландары аралашканы анын табышмактуу жана көмүскө жагдайда калганы менен белгилүү.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев өлкөдө мыкаачылык менен коштолгон карактоолордун көбөйгөнүн курч криминогендик кырдаал катары сыпаттады. Айрыкча ишкерлердин маңдай тери менен табылган каражатын карактоону бийлик жоопкерсиздиги менен байланышкан коркунучтуу көрүнүш катары баалаган Өмүрбек Суваналиев бул иштердин башында өлкөдөгү таасирдүү уюшма топтор турушу мүмкүн деп шекшийт:

- Каракчылык болуп жатканы, ири өлчөмдөгү акча каражатын тоноп кетип жатканы түшүнүктүү. Демек мына ошого адистешип, ыңгайлашкан уюшкан кылмыштуу топтор бар. Милициянын практикасында керек болсо мына ошол кылмыштардын мүнөзүн, ыкмасын жана кол тамгасын иликтеп чыгуу жана алардын кайсы бир топторго таандык экенин анализдөө көп кыйынчылыкты деле жаратпайт. Болгону мына ошол кылмыштуу топтордун бетин ачууга кандай тоскоолдук бар деген маселе бар. Бул өтө маанилүү. Анан эми мына ушундай кылмыштар болуп жатса, аны тез арада ачууга жетишерлик көңүл бурулбай жатса, демек ага кызыкдар тараптар бар. Негизи мына ушундай жагдайда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери түздөн-түз жооп берүүгө тийиш эле. Бирок бизде андай болбой жатпайбы. Бул маселеге керек болсо өкмөт башчысы менен президент аралашып, мына ушундай мүнөздөгү кылмыштуулуктун саны өсүп жатканын тескөөгө алуусу зарыл.

Ошол эле кезде коопсуздук жана ички иштер органдарынын бир катар ардагерлери өлкөдөгү соңку криминогендик кырдаалды парламенттин талкуусуна алып чыгууну сунушташууда. Бирок парламенттин тиешелүү комитети муну өзүнүн күн тартибине киргизе элек.

Башкы прокуратура бул чуулгандуу кылмыш иштерин көзөмөлдөөнү жана иликтөөнү өзүнө алганы менен азырынча ири өлчөмдөгү акча каражатын карактоого адистешкен уюшкан топтор тууралуу маалыматтарды ачык жарыялоодон кетенчиктеп турат.