Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Сергей Глазьев Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кыргыз мигранттары бирдей эмгек укуктары менен камсыз боло тургандыктарын убадалады.

Глазьев мындай билдирүүнү 13-ноябрда, Бишкекке болгон иш-сапары маалында жасады.

«Бул Кыргызстан үчүн да өтө маанилүү, анткени сиздердин өлкөнүн экономикасы негизинен Орусияда иштеген мигранттардын которгон акчаларына байланыштуу эмеспи, а Евразиялык экономикалык биримдик биримдиктин бардык катышуучулары үчүн эмгек кылууга бирдей укук берет», — деп жазган «Вечерний Бишкек» жаңылыктар порталы Глазьевдин айткандарын.

Президенттин кеңешчи биримдикке кошулуу кыргыз мигранттарын социалдык коргоо менен камсыз кыла тургандыгын кошумчалады.

Орусиянын аймагындагы Кыргызстандан барган мигранттардын так санын аныктоо кыйын. Бирок Улуттук банктын акыркы маалыматы боюнча, акыркы он айдын ичинде алардын 1,4 млрд. доллардан ашык каражат которгондуктары белгилүү.

Кыргызстан Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге 2014-жылдын декабрынын аягында кирүүгө ниеттенүүдө. Бул боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы эле башталган, бирок идея өлкө жарандарынын ар түрдүү пикирлерин жараткан.

Өлкөнүн Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлерине Казакстан, Орусия сыяктуу чоң товар сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептеп келишет.

Каршылаштары болсо Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан жана Орусиянын Кыргызстанга карата саясий таасиринин күчөшүнөн чочулап жатышат.

Глазьев биримдик саясий эмес, а экономикалык мүнөзгө ээ экенин билдирди — айтымында, өлкөнүн биримдикке киришине каршы чыгып жаткан кыргызстандыктар «экономикадан алыс кишилер».

«[...] өлкөлөрдүн улуттук окшоштуктары сакталат. Эгер кандайдыр бир дооматтары бар болсо ар бир мамлекет калк башындагы органдарга кайрала алышат. Аны менен катар Бажы жана Евразиялык биримдиктин алкагында кандай гана жаңы чечим болбосун, алар биринчи кезекте улуттук өкмөттөр тарабынан бекитилет», — деп билдирди ал.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болгон активисттердин тобу бир нече жолу Бишкекте нааразычылык акцияларын өткөрүүгө аракет кылышкан, бирок аларга дайыма укук коргоо органдары тоскоолдук кылып келишет.