Чикагодо пицца ташып иштеген Абылбек Ызабеков белгисиз адамдар тарабынан 10-ноябрда атылып, алган жараатынан улам эртеси көз жумган. Анын туугандары сөөктү Кыргызстанга алып келүү жана жерге берүүгө акча топтоо боюнча краудфандинг өнөктүгүн башташып, бир күндүн ичинде 25 миң доллардан ашык каражат чогултушту.
Кыргызстандыктын сөөгүн Чикагодон Кыргызстанга жеткирүүгө жана жерге берүүгө каражат топтоо өнөктүгү 12-ноябрда краудфандингдик GoFundMe аянтчасында башталган.
«Достор жана мекендештер, биздин жалпы кайгыбызга кайдыгер болбой сөөктү жеткирүү жана биздин салттарыбыз боюнча жерге берүү үчүн анын туугандарына каражат топтоого жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деген чакырык жазылган компаниянын баракчасында.
Жалпысынан кайрымдуулук өнөктүгүнө 500 киши катышкан — GoFundMe компаниясынын баракчасындагы маалыматка ылайык, Ызабековдун тажиясына керектүү 25 миң доллар бир күндүн ичинде эле чогулган.
Кыргызстандык белгисиз адамдар тарабынан Американын Чикаго шаарында 10-ноябрда атылган — Ызабеков пицца ташып иштеген жана ошол күнү таанышы менен бирге кезектеги дарек боюнча пицца жеткирип барган.
«Абылбек пиццаны алып үйгө кирип кеткенде көчөдө калган акемди белгисиз бирөөлөр келип коркутуп, “жаныңда болгондун баарын бер” деп талап кыла башташкан. Ошол маалда Абылбек келип калат. Кылмышкерлер качат. Абылбек тап берсе керек, артка бурула басканда тигилер атып жиберишкен экен. Алар эки жолу акеме жана Абылбекке ок чыгарышыптыр. Абылбекке ок мойнуна тийген экен», — деп билдирген «Азаттык» радиосуна берген маегинде Ызабеков менен чогуу жашаган Хайрулло Кокиев.
Жараат алган кыргызстандыкты Чикаго ооруканасына жеткиришкен, бирок ал алган жараатынан улам эртеси өзүнө келбеген бойдон каза болуп калган. Ызабеков 31 жашта болчу.
Учурда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктын сөөгүн АКШдан Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштөөдө.
«Кыргызстан — Америка» альянсынын жетекчиси Арстанбек Саргалдаев «Азаттыкка» берген маегинде Ызабеков — киши колдуу болуп көз жумган биринчи кыргызстандык экенин билдирген.
«Менин билишиме караганда киши колдуу болуп каза болгон бул биринчи окуя. Буга чейин албетте авто кырсык же болбосо ар кандай оору-сыркоо, башка бир кырсыктан набыт кендер болгон. Бирок бирөөлөрдөн ок жеп өлкөн мекендештерибиз болгон эмес. Бул көчө каракчыларынын колунан келген иш окшойт», — деген ал.
Учурда кылмышкерлерди издөө иштери уланууда.