Бишкектин шаардык кызматтарынын жетекчилерин тандоо сынагы коомчулуктан жашыруун өткөрүлүүдө.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору Кубанычбек Жолдошев.

Анын жүрүшүнө байкоо салганы барган журналисттер менен байкоочулар ага киргизилген жок. Шаардык кеңештин айрым депутаттары жана кээ бир кызмат орундарына талапкерлер сынактар одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун жарыялашты. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мэриянын комиссиясы сынактарды калыс өткөрүп жатканын айтып, анын дарегине айтылган дооматты четке какты.

Айкындуулукка тартылган “көшөгө”

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы отуздан ашуун муниципалдык кызматтардын бош жетекчилик орундарына сынак жарыяланган болчу. Анын ичинде шаардын тейлөө кызматтарынын башчылары, эки райондун акимдигинин орду, алардын орун басарлыгы жана аппарат башчылык сыяктуу кызмат орундары бар. Сынакты мэриянын аппарат башчысы жетектеген комиссия өткөрүүдө.

Мыйзамга ылайык, сынактар ачык-айкын жана бейтарап шартта уюштурулат. Бирок мэриядагы сынакка көз салууга барган журналисттер менен байкоочулар ага киргизилген жок. Бишкек шаардык кеңешинин төрага орун басары Союзбек Салиев муну одоно мыйзам бузуу катары мүнөздөдү:

- Комиссия сынакты жабык өткөрөбүз деп чечим кабыл алганы туура эмес. Анткени биз ачык-айкындуулук боюнча маселе көтөрөбүз, бирок иш жүзүнө келгенде тескерисинче жасап жатканыбыз кандай? Бул деген мыйзамды одоно бузуу. Эгерде булар жаап-жашырып сынак, көмүскө шартта чечим кабыл алып жатса, демек булар өздөрүнө караштуу адамдарды гана өткөрүүгө бел байлап калды деп түшүнсөк болот. Президент өзү да муниципалдык кызматка идиректүү, чарбаны түшүнгөн, билимдүү адамдар келсин деп жатат. Бирок бул жакта иш жүзүндө тескерисинче болуп жатпайбы. Жең ичинен маселе чечкен заман өтүп кетти десек, ал дагы деле бар экен. Анан эми айкындуулуктун шарттарын бузуу менен прессаны сынактын жүрүшүн байкоого алууга киргизбей жатканы эле эмнени түшүндүрөт?  

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, шаардык кызматтардын жетекчилери ачык шартта тандалууга тийиш. Ошондуктан шаардык кеңештин депутаттары айкындуулукту камсыздоо үчүн сынактын жүрүшүн реалдуу убакытта видео аркылуу чагылдырууну сунушташкан. Бирок комиссия мүчөлөрү жана мэриянын жетекчилиги андай сунуштан баш тарткан.

Бишкек шаардык кеңешинин Социал-демократтар фракциясынан депутат Алмаз Кененбаев коомчулук шаардык кызматтарга кимдер тандалып жатканын билүү укугунан ажыратылганына токтолду:

- Бизде Шаардык кеңештин жыйыны өтүп жатканда да маанилүү маселелер каралганда түз байланышта интернет аркылуу чагылдырган учурлар болгон. Анан биз дагы комиссияга мына ошондой техникалык мүмкүнчүлүк болгон соң сынакты мына ошондой тартипте уюштурууну сунуштаган болчубуз. Бирок андай болбой калды. Негизи шаардык кызматтарга кандай адамдар келип жатканын жана алардын кандай дарамети бар экенин эл билүүгө тийиш эле. Мына ошондо сынактын жыйынтыгынан дагы эч ким күмөн санамак эмес. Бирок мындай мүмкүнчүлүктү түзүүнү каалашкан жок.

Сынакты өткөрүү боюнча мэриянын комиссиясы тандоонун ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча суроолорду жоопсуз калтырды. Ал турсун сынак комиссиясы тандап алуунун шарттары боюнча маалымат берүүдөн да баш тартты. Ошол эле кезде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов анын дарегине айтылган  дооматтарга мындай деп жооп берди:

- Сынактын жүрүшүн видео тасма менен чагылдырууну камсыздоо талабы эч кандай мыйзамда каралган эмес. Аны мыйзам бузуу катары кароого болбойт. Биз буга чейин деле бошогон муниципалдык кызматтарга беш-алты жолу сынак өткөргөн болчубуз. Бирок ошондо эмнеге мындай маселе көтөрүлгөн эмес, түшүнбөйм. Анан эми сынак ачык-айкын эле шартта өтүп, комиссияга Мамлекеттик кадр кызматынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктен өкүлдөр кирип отурат. Биз талапкерлерди эшиктен чакырып келип эле киргизип жаткан жерибиз жок. Талапкерлердин бардыгы буга чейин Мамлекеттик кадр кызматындагы тестирлөө борборунан сынактан өтүп, ошонун жыйынтыгы менен бул жакка экинчи турга келишти. Биз бул сынакты өткөрүү боюнча президенттин жарлыгын жетекчиликке алып жатабыз.

Ошол эле кезде муниципалдык кызматтардын башчылык ордуна ат салышып жаткан талапкерлердин айрымдары сынактын жыйынтыгы алдын ала эле чечилген деген жыйынтыкка келишти. Анткени мыйзамда жана жободо көрсөтүлгөн шарттар одоно бузулуп, жең ичинен чечим кабыл алуу үстөмдүк кылууда дешет алар. Шаардык кызматтардын эки позициясына талапкер болгон Алтынказы Кыдыршаев сынактын жүрүшү боюнча ой бөлүштү:

- Бул жерде кол ийрисине тартат болуп жатат. Бардыгы жең ичинен жүрүп, сынактын шарттарын ачык-айкын аткаруу көңүл сыртында калды. Мен адистигим боюнча жетиштүү билимим жана тажрыйбам бар адисмин. 6-ноябрда “Тазалык” ишканасынын жетекчилигине талапкерлигимди койгон элем. Бирок тестирлөө борборунан ийгиликтүү балл алганыма карабастан, мени комиссия өткөрбөй койду. Азы эми башка бир позиция боюнча экинчи ирет сынакка катышканы турам. Мен сынак болот десе, чын эле ачык-айкын болот экен деп катышып алган экем. Бирок бардыгы мурдагыдай эле окшойт.

Жакында Бишкек мэриясынын жаңы түзүмү Шаардык кеңеште бекитилет. Анда калган шаардык кызматтардын негизги жетекчилик орундары да аныкталып, аларга сынак жарыяланат.