Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийликтери көлдүн түштүк жээгиндеги катуу жер силкинүүдөн улам андагы Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдары электр жарыгы жок калгандыктарын билдиришти. ӨКМдин маалыматы боюнча, ири кыйроолор жана жабыркагандар жок.

14-ноябрь күнү эртең менен катталган жер силкинүү Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдарын электр жарыгысыз калтырды, деп билдирди Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Бакыт Рысбаев Kloop.kgге берген маегинде.

«Кайсыл бир жерде подстанция зыянга учураптыр. Кажы-Сайда, Тоңдо жана Бөкөнбаевде электр жарыгы жок. Учурда РЭС (райондук электр түйүндөрү) иштеп жатат, кайсыл жактарда көйгөй жаралган болушу мүмкүндүгүн карап, издеп жатышат», — деди ал.

Рысбаевдин айтымында, жер силкинүүдөн Ысык-Көл облусунун алты айылындагы үйлөр зыянга учураган.

«Учурда райондук комиссия, ӨКМдин райондук бөлүмү жана айыл башкармалыктарынын жалпы комиссиялары айылдарга барып, жер силкинүүнүн канчалык деңгээлде зыян алып келгенин текшерип жатышат. Негизинен турак үйлөр, аларда жарака кеткен жерлери бар. Кажы-Сай айылынан Ак-Сай айылына чейин. Анда үйлөрдө жаракалар пайда болгон алты айыл бар. Жергиликтүү жашоочулар телефон чалышып, үйлөрүндө жаракалар пайда болгонун айтып жатышат, ушундай көйгөйлөр. Комиссия жер-жерлерге барып карап жатат», — деди аким.

Кажы-Сайга жакын жайгашкан Бөкөнбаев айылынын Өмүрбек аттуу жашоочусу Kloop.kgге берген маегинде жер силкинүү «катуу» бирок эч кандай кыйроолорсуз болгонун айтты: «Ооба, жер титиреди. Катуу болду, бирок кандайдыр бир кыйроолор болгудай эмес. Азыр баары жакшы».

Жер титирөө 14-ноябрь күнү эртең мененки саат 7:24тө Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сай айылынан 8 чакырым алыстыкта башталган. Kloop.kg кабарчыларынын байкоолоруна ылайык, жер силкинүү Бишкек менен Алматыда да сезилген.

АКШнын геологиялык кызматынын маалымат боюнча, жер силкинүүнүн күчү 5,2 баллга жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов Kloop.kgге берген маегинде 7 жана 4 балга жеткен эки жер титирөө болгонун билдирди.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, кыйроолор жана каза болгондор жок. Бирок жарака кеткен имараттар бар. Жагдайды аныктоо үчүн жер силкинүү катталган жерге атайын топ жөнөтүлдү», — деди ал.