Бишкектик Акимжан Карасаев орусиялык Comedy Battle юмористтик шоусунун финалына өттү.

Карасаев сахнага чыгып өз өнөрүн көрсөтүп бүткөн соң калыстар аны күтүү бөлмөсүнө жиберишти — кыргызстандык калыстарды финалга өтүшү керектигине ынандыруусу үчүн импровизация кылуу боюнча кичи-сынакка катышышы керек болчу. Сынактын жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун мүчөсү Гарик Мартиросян Карасаев финалга катышууга татыктуу деген чечимге келди.

Карасаевдин андагы тамашалары популярдуу «Дизель» онлайн-форумунда талаш-тартыштарды жаратты — кээ бирлери анын юморунда интеллектуалдык түзүүчүлүктүн жоктугун айтышса, башкалары мекендешин коргоп, аны тымызын шылдың кылуу жөндөмдүүлүгү үчүн мактап жатышат.

«Тамак-аш тууралуу айткан тамашасын чынында эле сыйга жана көңүл бурууга татыктуу деп эсептейсиңерби?! Мен үчүн аталган шоунун силер мактап жаткан катышуучусунун ушунчалык бир беткей ой жүгүрткөнү, билими жана тарбиясынын деңгээлт уятат», — деп жазган kerrigan_990 аттуу колдонуучу.

«Тамашаларды түшүнүү — өтө субъективдүү нерсе! Бардык эле искусстводогудай эле… Жеке мен азырынча анын тамашаларынан уяттуу деле эч нерсе көргөнүм жок… А телевидение — бул эл үчүн апийим… Эмнени көрүү керек, а эмнени көрбөө керектигин жана кайсыга ишенип, кайсыга ишенбөө керектигин биз өзүбүз чечебиз! Менин оюмча, Акимжан жок дегенде жеке бизге гана эмес, башкаларга да таанымал болуп калгандыгы үчүн деле сыйга татыктуу!» — деп жактаган Карасаевди Nurik200 деген ысым менен катталган колдонуучу.