Дин таануу сабагы үчүн окуу сааттарын чет элдик тарых сабактарын кыскартуунун эсебинен киргизүүнү сунуштап жатышат, деп билдиришти президенттин алдындагы дин иштери боюнча эксперттик кеңешмеде. Аталган сабакты киргизүү боюнча сунуш динге болгон көзөмөлдүн күчөтүлүшүнүн фонунда айтылууда.
17-ноябрда президенттин аппаратынын алдындагы улуттар аралык жана дин саясаты боюнча эксперт Мира Карыбаева учурда орто жана жогорку окуу жайлар үчүн дин таануу концепциясы иштелип жатканын билдирди, деп жазган 24.kg маалымат агенттиги.
Карыбаеванын айтымында, сабактын киргизилиши «мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары» менен түшүндүрүлөт.
«Ал сабактын кандай уюштурулаары жана балдарды эмнеге окута тургандыгы баарын тынчсыздандырып жатат, ошондуктан бул маселе өтө кылдат иштелип чыгат», — деп жазган 24.kg агенттиги анын айткандарын.
Эксперттин бул билдирүүсү президент Алмазбек Атамбаев Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын жактырган күнү айтылды. Документ жана ага сунушталып жаткан өзгөртүүлөр дин чөйрөсүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү сунуштайт, өз кезегинде ал кичи конфессиялар менен диний уюмдардын нааразычылыктарын жаратууда.
Президенттин алдындагы Улуттар жана конфессиялар аралык өнүгүү боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Назира Курбанова Kloop.kgге берген маегинде мектептерге дин таануу сабагын киргизүү боюнча долбоор 2013-жылы эле иштелип чыкканын жана учурда Билим берүү министрлигинин каржылоосун күтүп жатканын билдирди.
«Бизге ал үчүн (дин таануу сабагы үчүн) чет элдик тарых сабактарын кыскартуу жолу менен саат таап берүүнү убадалашты», — деди ал.
Курбанова дин таануу сабагын 2013-жылдагы долбоор боюнча окутуу 5-класстан 11-класска чейин жүргүзүлүп, жогорку окуу жайларда улантылышы керектигин айтты — мамлекеттик теологдор бул «динди туура түшүнүүгө» жардам бере тургандыктарын билдирип келишет.
«Аталган сабак келечектеги муундун динди туура түшүнүүсү үчүн зарыл. Аны менен катар дин таануу кафедраларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жаңы жумуш орундары пайда болот», — деп белгиледи ал.
Динди көзөмөлдөө
17-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын жактырды — өлкө башчысы документ талкууланып жаткан айдын башында эле концепциянын алкагында сунушталып жаткан чаралар динди көзөмөлдөөгө багытталгандыгын билдирген.
Көзөмөлдүн күчөтүлүшү улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугу жана жихад үчүн араб өлкөлөрүнө кеткен кыргызстандыктар тууралуу билдирүүлөрдүн фонунда экстремисттерге каршы күрөшүү менен түшүндүрүлүүдө.
«Белгилүү болгондой, радикалдуу исламдашуунун чыныгы исламга эч кандай тиешеси жок. Ал жалпы мусулман дүйнөсүнө чоң коркунуч жаратат. Бирок бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлорго байланыштуу кыргыздарга, калыптанып келе жаткан кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө коркунуч туудурат», — деп билдирген Атамбаев Коргоо кеңешинин 3-ноябрындагы жыйынында.
Укук коргоочулар менен дин таануучулар мамлекеттин бул демилгесинен мыйзам чегинде иштеген диний уюмдар менен конфессиялар үчүн коркунучту көрүп жатышат — алар үчүн катталуу жана кайрадан каттоодон өтүү процессин катаалдаштыруу сунушталууда.
Конфессиялар аралык кеңештин өкүлү Галина Колодзинская Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде концепциянын алкагында сунушталып жаткан эксремизмге каршы күрөшүү чаралары ал көрүнүшкө каршы туруучу ресурстар менен техникалык камсыздоолордун жоктугунан улам натыйжалуу болбостугун билдирген.
«[Экстремисттик уюмдардын] калк арасында популярдуу болушунун себеби социалдык-экономикалык төмөндүктө жатат жана анын динге түздөн-түз тиешеси жок», — деп эсептейт ал.
Автор: Алтынай Жалмамбетова