Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Дастан Ходжаевдин үстүнөн “кызматтык абалынан кыянат пайдаланды”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алды же жок кылды” деген айып тагылып, ага кылмыш иши козголду.
Эми экс-вице-мэр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) тергөө бөлүмүнө суракка чакырылат, дейт аталган мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.
Сыдыков билдиргендей, Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн салынышына салым кошкон адамдардын көрсөтмөсүнүн негизинде Ходжаевге кылмыш иши козголгон.
“Бул кылмыш иши Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөгө салынган жарандардын салымдарынын жок болуп кеткендигине жана ошол салым кошкон адамдардын түздөн-түз көрсөтмөсүнө ылайык козголду”, - деп айтты Ош ШИИБ басма сөз катчысы Сыдыков.
Бул тууралуу комментарий алуу үчүн Ходжаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Тема боюнча кененирээк:
Ошто көпүрө куруу боюнча иш козголду
Ош: Көйгөйү бүтпөгөн көпүрө