Америка ашканасынын TGI Friday’s дүйнөлүк түйүнү Кыргызстандын борборундагы ошондой эле аталыштагы ресторанды алардын товардык белгисин мыйзамсыз пайдаланып жатат деп айыптады. Бишкектеги «TGI Friday’s» ресторанынан барыгы «мыйзамдуу» экенин билдиришти.

TGI Friday’s түйүнүнүн товардык белгиси «мыйзамсыз» пайдаланылып жаткандыгы жөнүндөгү билдирүү 21-ноябрда таратылды — анда компаниянын юридикалык өкүлдөрү Бишкектеги тамактануу жайынын ресторандардын бүткүл дүйнөлүк түйүнүнө тиешеси жоктугун билдиришкен.

«Жергиликтүү компания өзгөчө укуктун ээсинин эч кандай уруксат жок эле тамактануу жайынын аталышын, жасалгасын,  менюсун, ал эмес тейлөөчүлөрдүн формаларын да окшоштуруп алган. Бирок мыйзам бузуучу TGI Friday’s ресторандарынын атагын чыгарган кайталангыс тамактарын, чыныгы жасалгасын жана жайлуу атмосферасын окшоштура алган эмес», — деп жазылган билдирүүдө.

Юристтердин билдирүүлөрү боюнча, TGI Friday’sтин ээси алардын товардык белгисин пайдаланууну токтотуу талабы менен Бишкектеги ресторанга расмий дооматын жолдогон.

«Андай болбосо товардык белгиге ээлик кылган компания мыйзам бузуучуну мыйзамдын бардык катталдыгында жоопкерчиликке тартууга барат», — деп билдиришти юристтер.

Бишкектеги «TGI Friday’s» ресторанынын администратору Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ресторан «мыйзамдуу» иштеп жатканын билдирди, бирок ал кененирээк түшүндүрмө алуубуз үчүн жетекчилиги менен байланыша алган жок.

«Мында баары мыйзамдуу», — деди ал.

TGI Friday’s түйүнүнүн кызыкчылыктарын коргогон юрист Алексей Вандаев Kloop.kgге берген маегинде алар Бишкектеги ресторан тарабынан «товардык белгинин мыйзамсыз пайдаланылып жаткандыгы» маселесин сотко жеткирбей эле чечүүнү каалап жаткандыктарын айтты.

Анын айтымында, 30-октябрда юристтер дооматтарын жөнөтүшкөн, бирок Бишкектеги ресторан тарабынан анын аткарылуусу боюнча эч кандай жигердүү аракеттер көрүлгөн эмес.

«Биз соттук процесстерге, укук коргоо органдарына чейин жеткиргибиз келбей эле. Иштин ынтымакта чечилишин каалап жатабыз. [...] Маалыматтын ЖМКларда жарыяланышын өзгөчө укук ээсинин өзү каалады», — деди ал.

«Енот» интернет-басылмасы TGI Friday’sтын лизенциясынын Бишкектеги ресторан тарабынан пайдаланылышынын мыйзамдуулугу тууралуу маселени жарым жыл мурун эле көтөрүп чыккан.

«Кыязы, Бишкектеги ресторандын ага (түйүнгө) эч кандай тиешеси жок. Андай экени анын сайтындагы түйүндүн расмий картасында ал жайдын жок экендигинен, ресторанды алга жылдырууда «расмий» деген сөздүн жоктугунан, анын ээлеринин бул боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчүбүзгө жооп бербегендигинен, ошондой эле TGI Friday’s тарабынан андай жайга 5 000 000 доллар өлчөмүндөгү сумма жумшалышы керек деген талабынан (эгер Бишкектеги ресторанга анча акча жумшалганда ал өз алдынча имаратта жайгашмак) тарта кире беришинде “In Here, It’s always Friday” деген жазуунун жоктугунан көрүнүп турат», — деп жазган автор Сэвиндж Нуркиязова.

TGI Friday’s — дүйнөнүн дээрлик 60 өлкөсүндө иштеп жаткан америка ашканасынын ресторандар түйүнү.