6-ноябрда Швецариядан келген конок кызды жеке таксинин айдоочусу зордуктаган. Ал окуя кандай болгондугун жана милиция кандай аракеттерди көрүп жаткандыгы тууралуу айтып берди. Зомбулуктун курмандыгы менен Kloop.kgнин редактору Илона Пфеффер маектешти.

Материал Kloop.kgнин редакциясы тарабынан «БУУ Аялдар» түзүмү менен биргеликте «16 күн гендердик зомбулукка каршы» өнөктүгүнүн алкагында даярдалды.

6-ноябрь күнү кечинде борборго конокко келген швецариялык кыз үйүнө баруу үчүн такси кармаган. Жолдо бара жатканда айдоочу менен анын ортосунда сөз башталып, айдоочу ага шаардын кооз көрүнүшүн көрсөтүүнү сунуштап, унаасын Бишкектин түштүк тарабын көздөй айдаган. Караңгы тар көчөгө бурулгандан кийин таксинин айдоочусу түз эле жыныстык катнашка баруу ниетин билдирген. Унаанын эшиктери бекитилген, көчө ээн болуп, а айдоочу – кыздан эки эсе чоң болгондуктан ал эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.

Кызга швецариялык элчилик жардам берген. Мекеменин көмөгү астында тилди да, жергиликтүү укук коргоо органдарынын түзүмүн да билбеген кыз арыз жазып, учурда тергөө иштеринин илгерилешин күтүүдө.

Маек зомбулуктун курмандыгынын айткандары боюнча баяндалат. Каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү:

Илона Пфеффер: 6-ноябрда эмне болгондугу тууралуу айтып берсеңиз.

Диана: Окуя мындай болгон: мен курбум менен жолугуп, бирге кечки тамак ичкенбиз, ал дагы швецариялык. Анан жолугушуубуздан кийин биз үйлөрүбүзгө өз-өзүнчө кеттик, мен шаардын түштүк бөлүгүнө, а ал түндүк бөлүгүнө барышы керек болчу. Ал таксиге отуруп кетип калды, а мен аялдамада унаа күтүп туруп калдым.

И.П: Ошондо сиз таксини көчөдөн кармадыңызбы же чакырдыңыз беле?

Д: Мен таксини чакырган эмесмин, көчөдөн эле токтотком. Орусча жакшы сүйлөй албайм, ошондуктан мен такси чакырууну ойлогон да эмесмин, дароо эле көчөдөгү таксини токтотком. Мен отуруп, дарегимди айттым, анан жөнөп кеттик. Алгач унаада бизден башка дагы бир жүргүнчү бар болчу, аны жолдон түшүрдүк. Анан биз сүйлөшүп баштадык, мен билген жөнөкөй орус тилинде. Менин тилди билишим аны менен сүйлөшүүгө эптеп мүмкүндүк берип жатты.

IMG_2471

И.П: Сыр болбосо эмне жөнүндө сүйлөштүңөр?

Д: Кадимки эле темалар. Менин каяктан экендигим – бул дайыма биринчи берилчү суроо. Турмушка чыктың беле? Бул көбүнчө экинчи суроо болот. Биз жөн гана жалпы маалыматтар менен алмаштык. Ал менден Бишкек жагабы деп сурады. Мен: «Албетте!», деп жооп бердим. Анан ал мага шаарды көрсөтөйүнбү деп сунуштады. Кызыкканымдан макул болдум. Мен шаардын көпчүлүк бөлүгүн көрө элек болчумун, ошондуктан: «Ооба, макул» дедим. Ошентип, биз менин үйүмөн өтүп, андан ары жөнөдүк.

И.П: Ошол маалда сизде коркуу сезими болгон жокпу?

Д: Жок, ал маалда корккон жокмун. Эреже катары мен адамдарга ишенем, алардын жаман ою бар, алар жаман деп ойлобойм. Ошондуктан мен шектенген эмесмин. Мүмкүн көп саякаттап, өтүп бара жаткан унааларды тосуп, дайыма жалгыз жүрүп, баары жакшы аяктагандыктан болсо керек.

Ошондуктан аны менен андан ары кетүү мен үчүн нормалдуу эле көрүнүш болгон. Анан ал шаардын кооз көрүнүшүн көрсөтүүнү сунуштады. Жакшы жерди билээрин айтты. Мен: «Макул, эмнеге болбосун, кеттик», дедим. Бишкек шаарынын түштүк бөлүгү таптакыр күтүүсүз бүтүп калаарын билсеңиз керек. Мен ал тууралуу ойлоп да койгон эмесмин. Убакыттын кеч экенине карабастан жаңы эле жакшы жарыктандырылган, унаалар көп башкы жолдордун биринде кетип баратып эле анан күтүүсүздөн эле чыйыр жолго түшүп калдык. Бул өзгөрүү мен үчүн күтүүсүз болду.

Бирок ал унааны токтотуп, мени менен жыныстык катнашка барууну каалап жатканын айтты.

И.П: Бул болжол менен саат канчада болду эле?

Д: Биз ал чыйыр жолго түшүп калганыбызда саат болжол менен 0:30 болчу.

И.П: Ошол маалда силер жөө бараттыңарбы?

Д: Жок, биз дагы деле такси менен кетип баратканбыз. Ал чыйыр жолдо баратканыбызда мен биринчи жолу: «Ой, мында кандайдыр бир өтө чукул өзгөрүү болуп кетти, кокустан эле ээн жерде болуп калдык», деп ойлодум. Албетте, анда караңгы болчу. Андан кийин гана менде бир кызыктай сезим пайда болду. Бирок ал ойдон дароо эле кайттым, ал адам тууралуу жаман ойлобой эле коеюн, мени каякка алып бараарын көрөйүн дедим. Көп өтпөй биз ал жолдун ортосуна токтодук, мен эмнеге дал ошол жерге токтогондугубузду түшүнгөн жокмун.

Мен жол өтө начар болуп, унааны токтотуп кайра артка кетебиз го деп ойлодум. Бирок ал унааны токтотуп, мени менен жыныстык катнашка барууну каалап жаткандыгын айтты. Мен каалабай жатканымда айттым, бирок ал багынбастан эмнеге каалабасымда сурап баштады. Мен жөн гана каалабасымды кайталадым, ошол маалда ал мени кармалап баштады. Анан мен үнүмдү катуу чыгарып, жок деп кыйкырдым. Мен жыныстык катнашка барууну каалабай жатканымды даана көрсөттүм. Бирок ал токтогон жок. Ал мага өтө жакындады, бул жагымсыз болчу. Анан мен: «Бул унаадан чыгышым керек», деп ойлодум.

bishkek-at-night_10334

Мен эшикти ачууга аракет кылдым, бирок ал жабык экен. Ал унаада автоматика жок болчу, демек ал эшикти алдын ала бекитип койгон. Ал менин аркама колун созгондо болуптур да. Мен анда отургучту оңдоп жаткан го деп ойлогом. Кийинчерээк ал эшикти бекиткендигин, иштин тескери өңүттө өнүгүп жатканын түшүндүм. Ошондо мен өтө катуу коркуп, дүрбөлөңгө түшө баштадым, дем жетпей жатканын сездим, анткени ал мени азыр зордуктай тургандыгын түшүндүм.

Мен каршылык көрсөтүп, эшикти ачууга аракет кылдым, бирок ал мага мүмкүнчүлүк берген жок. Чөнтөгүмдө телефонум бар болчу, кимдир бирөөнө чалууга аракеттендим, бирок ал телефонду колуман жулуп алды. Аны алысыраак коюп, менин рюкзагымды арткы орунтукка ыргытты. Мен бул унаанын ичинде ага каршы эч кандай  мүмкүнчүлүгүмдүн жок экенин түшүндүм – ал менден чоң жана денеси чымыр болчу.

Ошол маалда мен өлүмдөн корктум. Альтернатива – жөн гана анын каалоосуна көнүп берүү – мага жакшыраактай сезилди.

И.П: Ал сизди кармап калуу аракетин көрүп жатканда зомбулук көрсөттүбү? Силердин ортоңордо күрөш болдубу же жөн эле багынып бердиңизби?

Д: Чыныгы күрөш болгон жок. Башында ооба, болду, кийин мен унаада камалуу экендигимди жана ага каршы мүмкүнчүлүгүм жок экенин түшүндүм. Аны менен катар менин буюмдарымдын бардыгы тең анда болчу да. Менде качып кетүү мүмкүнчүлүгү болгондо деле буюмдарым анда калып калмак. Тилекке каршы бардык керектүү документтерим жанымда болчу. Ноутбук, паспорт, банк картасы – бардыгы рюкзагымда болчу. Ошондуктан мен чындап каршылык көрсөтүүгө батынган жокмун.

Мен эгер каршылык көрсөтүп, аны урсам, мага эле жаман болоорун түшүндүм – ал интуицияга негизделген реакция болгон. Мен өтө корктум –  ал кезде чоң коркунучка кабылып калышым мүмкүн болчу. Ошол маалда мен өлүп калуудан корктум. Альтернатива – жөн гана анын каалоосуна көнүп берүү – мага жакшыраактай сезилди. Мен: же мен ал айла түгөнгөндүккө мага ээлик кылууга мүмкүндүк берем же өзүмдү токтотуп, чыдап, ал кырдаалдан аман-эсен чыгууга аракет кылаарымды түшүндүм. Менин реакциям ушундай болгон жана чынында эле тынчып калдым. Бул жалгыз жол болчу.

И.П: Демек сиз ал маалда ойлонуп, жетишээрлик деңгээлде рационалдуу аракет көрө алгансыз?

Д: Ооба, бирок менин көпкө ойлонууга убактым жок болчу. Менин башымда бир нерселер болуп, аман калуу ыгына өттүм. Балким ал рационалдуу болгондур. Бардыгы башка бир адам менен болуп аткандай болуп, өзүмдү байкоочунун ролунда сездим. Ал кезди ушундай эстейм.

Үйгө жетүү үчүн мага кайрадан башка таксиге отурууга туура келээри жөнүндөгү ой мен үчүн өтө коркунучтуу болду.

И.П: Баары бүткөндөн кийин эмне болду? Ал сизди жөн гана кое бердиби же дагы башка жакка алып бардыбы?

Д: Анын биринчи берген суроосу, менин милицияга бараар-барбасын жөнүндө болду. Мен албетте «жок» дедим, анткени бул ал үчүн кризистүү учур болчу, ал дал ошол маалда жаман бир нерсе жасагандыгын, эгер аны кармашса түрмөгө камай тургандыктарын түшүндү окшойт. Ошол маалда менде кайрадан коркуу сезими пайда болду, ал мени майып кылып коебу деп корктум. Ошондуктан мен: «Милицияга барбайм, албетте барбайм» деп айттым. Ошондо анын эшикке чыгып, унаанын номурун жашырып коюуга акылы жетти, анткени ал тобокелчиликке баруудан коркту. Ошондуктан ал номурун жашырып койду.

bishkek-at-night_10360

Ошол маалда менде качып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон, бирок биз киши жок, ээн жерде болчубуз. Бул мен үчүн анча жакшы вариант болгон эмес, баары бир бардыгы бүткөн да. Анан ал мени кайрадан шаардын четине алып барып, ошол жакта калтырып кеткиси келди, бирок мен каршылык көрсөттүм, анткени үйгө жетүү үчүн мага кайрадан башка таксиге отурууга туура келээри жөнүндөгү ой мен үчүн өтө коркунучтуу болду. Аны менен катар мен кайсыл жакта экендигимди так билген эмесмин. Менин жөн гана үйгө баргым келди да жеткирип кой дедим. Ал муну аткарды. Үйүмө жакын келгенде ал мени унаадан түшүрүп, кетип калды. Мен номурун көрүүгө аракет кылдым, бирок аны кара бир нерсе менен сүртүп, жашырып коюптур.

И.П: А телефонуңузду кайтарып бердиби?

Д: Телефонумду берди. Менде анын номуру жок болгондуктан, ал мында эч кандай деле коркунуч жок деп эсептесе керек. Рюкзагымды өзүм алдым, а телефонду мага өзү берди.

Менин тезирээк эле ал адамды, ал жытты, болгондун бардыгын өзүмдөн жууп салгым келди.

И.П: Анан ал башка эч нерсе кылбастан эле жөн эле кетип калдыбы?

Д: Ооба.

И.П: Анан сиз эмне кылдыңыз?

Д: Алгач мен – бул албетте туура эмес, бирок табигый реакция – жөн гана үйгө барып, дароо душка түштүм. Менин тезирээк эле ал адамды, ал жытты, болгондун бардыгын өзүмдөн жууп салгым келди. Бирок андай шартта дал ошондой кадамга барууга болбойт болчу, анткени милицияга ал тактар, белгилер керек болчу да. Бирок мен ал тууралуу ойлоп да койбостон душка түштүм. Ыйладым. Бир четинен аман калганыма сүйүндүм. Мунун бардыгы өтө эмоционалдуу болду. Анан жаттым: албетте жаман уктадым, бирок эс алууга аракет кылдым.

bishkek-at-night_10364

Эртеси эмне кылуу керектиги тууралуу ойлоно баштадым. Кимдир бирөөнө айтсамбы? Милицияга кайрылайынбы? Менде милициянын аны табууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жоктой сезилди. Мен алардан кандайдыр бир пайда болобу-жокпу билген эмесмин. Анан мен окуя тууралуу курбума айтууну чечтим, анткени ал менин эң жакын адамым жана ошол күнү дал аны менен бирге ресторанда болгом. Биз кечинде жолуктук. Мен ал тууралуу бир күн бою эч кимге айткан жокмун, кадимкидей эле жумушка бардым. Кечинде баарын курбума айтып, жеңилдеп калдым.

Аны менен досу милицияга эмес, алгач Швецариянын элчилигине кайрылуу идеясын айтышты. Тил билбегендиктен менмилицияда баары бир эч кандай деле жыйынтыкка жетишпейт болчумун. Биринчиден алар менин арызыма анчалык деле көңүл бурушмак эмес, экинчиден, алар баары бир эч нерсе түшүнүшмөк эмес. Алар котормочу деле таап беришмек эмес болуш керек. Ошондуктан мен элчиликке баруу жакшы тандоо болгон деп ойлойм. Эртеси милицияга барып арыз жазганыбызда элчиликтин кызматкерлери мага жардам беришип, мени колдошту.

И.П: Милицияда эмне болду? Тергөөгө жардам бергидей аларга кандай байкоолоруңузду айтып бере алдыңыз?

Д: Менде аны менен сүйлөшкөндө алган бир аз маалыматым бар болчу. Ал – 23тө. Аты – Михаил. Алар албетте менден унаасы жөнүндө да сурашты, бирок мен аны таптакыр эстеп калган эмесмин. Мен болгону анын кара түстө болгондугун жана номурун жашырып алгандыгын айта алдым. Унаалардын үлгүлөрүн да жакшы билбейм, менимче ал унаасынын белгисин да жашырып койгон окшойт. Бирок мен унаага отуруп жатканда ага көңүл деле бурган эмесмин.

bishkek-at-night_10355

Бирок мен анын өзү тууралуу фактыларды билчүмүн – мисалы, ал юрфакта окуй турганын айткан. Эгер анын бул айткандары чын болсо, укмуштуудай,таң калычтуу болмок. Мүмкүн ал мунун бардыгын оюнан чыгарып айтып койгондур. Дагы бир нерсе бар – мен муну маанилүү пункт деп эсептейм – ал мага смартфонунан бир сүрөттү көрсөттү. Ал спортчу, менимче бодибилдинг менен машыгат, бир канча медаль утуп алган. Сүрөттөрдө ал медалдарын тагынып алган. Менин оюмча, аны кайсыл бир жеңүүчүлөрдүн тизмесинен тапса болот. Мунун бардыгын мен милицияга айттым.

Аны менен катар алар менин белгилүү бир убакыттарда  кайсыл жактан өткөндүгүмдү билишет. Видео-көзөмөлдөр бар эмеспи. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция ал камераларды көргөн, бирок мага андагы маалыматтар менен эмне болгондугун айтып бере алышкан жок, жазылып алынган видеолордон эч нерсе таппагандыктарын билдиришти.

Албетте, милиция көптөгөн баалуу убакытты кетирип жатат.

И.П: Сизге тергөөдөгү жетишкендиктер тууралуу кантип кабарлап турушат? Алар дагы деле сизге бир нерселерди айтып жатышабы, же өзүңүзгө суроого туура келип жатабы?

Д: Алар мени менен маалыматтарын көңүлдөнбөй бөлүшүшөт. Кайсыл бир нерсени билүү үчүн мага суроого туура келет, өздөрү эч нерсе деп айтышпайт. Качан мен сураганымда түрдүү тесттердин жыйынтыктарын күтүү керектигин билдиришип, конкреттүү эч нерсе деле айта албай тургандыктарын билдиришет. Мисалы, алар өткөрүп жаткан ДНК тесттеринин жыйынтыктары.

Ошондой эле мага аларда ыйгарым укуктардын жоктугун айтышты – милиция аны кармаган күндө да аларда аны үч сааттан ашык кармап турууга укуктары жок. Ошондуктан алар алгач маалыматтарды чогултуулары керек. Албетте, милиция мунун эсебинен көптөгөн баалуу убакытты кетирүүдө. Видео-көзөмөл камералардын жазып алган видеолорун белгилүү бир мөөнөттөн кийин өчүрүшөт. Ошондуктан мени милициянын аракеттери капалантууда.

И.П: А алар сиздин жардамыңыз менен анын портретин тартууга аракет кылыштыбы, медициналык текшерүүдөн өткөрүштүбү?

Д: Медициналык текшерүү болду, ошол күнү мен кийип жүргөн кийимдерден ДНК алышты – тагыраагы, алар муну менен дагы деле алектенип жатышат. Сүрөтүн биз тарткан жокпуз. Алар сунушташты, бирок мага ал пайдасыз сезилди. Биринчиден, менде азиат жүздөрдү таанууда кыйынчылыктар бар. Мен алардын баары окшош деп айтпайм, бирок мага спецификалык сүрөттөлүштөрдү берүү кыйын. Сүрөт өтө эле болжолдуу болуп калмак, анткени анын кандайдыр бир өзгөчөлөнүп турган белгилери жок болчу, ал нормалдуу эле көрүнүштө болчу. Анын чачы деле өзгөчө эмес, көпчүлүктүгүндөй эле алынган болчу. Ошондуктан биз анын сүрөтүн тарткан жокпуз.

bishkek-at-night_10349

И.П: Милициядан сырткары сизге жардам берген дагы бирөөлөр болдубу? Мисалы, милицияга басым жасай алчу швецариялык элчилик сыяктуу? Мүмкүн сизди кимдир бирөө колдогондур?

Д: Элчилик мага башында жардам берген, өзгөчө котормо жагынан. Элчиликсиз мүмкүн менин арызымды кабыл алб й да коюшат беле. Аны белгилеп коюу керек – эгер алар милицияга кирип бара жатканда документтерин көрсөтүп, арыз жазууну каалагандыктарын айтышпаганда бардыгы тең эле эшик оозунан эле аяктамак. Чынында эле алар документтерин көрсөтө электе бизди эшикке түртүп чыгарып коюшкан. Ошондуктан элчилик мага абдан жардам берди деп айта алам.

Бирок азыр алардын жардамы токтоду. Кеңеш берүү үчүн алардын чектелүү гана убактылары бар — мен аларды эбак эле колдонуп бүтүп койгом – а кошумча убакыттар үчүн акча төлөө керек. Мага ошентип айтышты. Албетте, өкүнүчтүү, анткени милицияга басым жасап кое турган эч ким жок. Мен бул ишке дагы кандай уюмдардын киришкендигин билбейм – милиционер аларга жогору жактан басым жасалып жаткандыгын айтты. Бирок алардын «бир нерсе кылды» дегендиги, мени чакырып, кандайдыр бир көрсөтмө берүүгө же кайсыл бир жерге кол койдуруш үчүн чакырышат дегенди гана түшүндүрөт, мен алардын бул иш менен канчалык деңгээлде олуттуу алектенип жаткандыктарын билбейм.

И.П: Сизди психологиялык жактан колдоп жаткан кимдир бирөө барбы?

Д: Швецарияда жакшы программа бар экен, ал тууралуу мага элчиликтен айтып беришти. Мен ага жазылсам болот, анан Швецарияга барганымда алар мени менен дароо байланышышат. Мен жазылып койдум, анткени менин башыман өткөргөндөрүм алдыда дагы канчага чейин кордук көрсөтөөрүн так айта албайм.

И.П: Кол салууга чейинки жана андан кийинки өзүңүздүн коопсуздук сезимиңиз тууралуу айтсаңыз? Мага өтө чоң айырмачылык бардай сезилүүдө…Азыр шаар ичинде кантип жүрөсүз? Дагы деле таксиге отурасызбы?

Д: Андан бери мен таксиге бир гана жолу отурдум, бирок мага өтө кыйын болду. Биротоло тынчыганга чейин жолдун жарымына жеткенге чейин калтырап отурдум. Мен үчүн бул кол салууга чейинки учурга салыштырганда өтө чоң айырмачылык. Алгачкы күндөрү мен өзүмдү көчөдө өтө ишенимсиз сезип жүрдүм, адамдардын көздөрүнө карай албай, кезиккен эркектердин бардыгын жаман көрүп жүрдүм. Бактыга жараша позитивдүү жергиликтүү жаңы адамдар менен болгон жолугушуулардын аркасы менен андай сезимдердин бардыгы тең өтүп кетти.

Туруп, баарына айтуу маанилүү.

Таксиге отуруудагы коркуу сезими калды. Өзүңдү камалгандай, алсыз сезесиң. Теория жагынан алганда айдоочу сени каалаган жагына алып кете алат – бул мага жакпайт. А азыр айдоочунун жанына эмес, арткы орундукка отурам  – буга чейин бул тууралуу эч качан ойлогон эмесмин . Бул логикага негизделген – качан сиз айдоочунун артында отурганыңызда ал сизге карай албайт, оңой менен сөз баштай албайт – мен баарынан да ушундайда өзүмдү жакшы сезем. Негизинен шаар ичинде мен маршруттук такси менен жүрөм, а эгер кеч чыгып калсам дайыма такси чакырам же орусча сүйлөгөн тааныштарымдан чакырып берүүлөрүн өтүнөм. Көбүнчө мени досторум үйгө чейин же жарым жолго чейин жеткирип коюшат. Азырынча таксиге жалгыз отурууга батына албай жатам.

bishkek-at-night_10368

И.П: Азырынча зордукчу кармала элек, ал тууралуу маалыматтар жок. Ошондуктан мына мындай суроо: ал мындай кылмышты биринчи жолу жасады деп ойлойсузбу же мындай кадамдарга буга чейин да барган деген ойдосузбу?

Д: Менде ал мындайды биринчи жолу кылгандай сезилди. Биринчиден, ал өтө жаш болчу. Албетте, кылмышкердин жаш курагын аныктоо оңой эмес.Бирок ал өзүнө ишенбегендей туюлду, өзгөчө баары бүткөндөн кийин ,кыязы ал кылмыш жасагандыгын түшүнсө керек да. Аны кармашат деген үмүттөмүн, а эгер кармашпаса анда ал мындан кийин андай ишке барбайт деп үмүттөнөлү.

Дагы кошумчалап койгум келүүдө. Бул тууралуу азыр билгендердин баардыгына жана бул окуя тууралуу эмне үчүн айтып бергендигимди түшүнбөй жаткандарга :мен бул сыяктуу окуяларды ачыкка чыгаруу керек деп эсептегендигим үчүн ушул жакта турам. Бул сыяктуу окуяларга кабылган көптөгөн аялдар ал тууралуу эч кимге айтпай, көп болсо жакын досторуна же туугандарына гана айтат деп элестетип жатам. Алар милицияга деле кайрылышпаса керек. Алар бул системага болгон ишеничтерин жоготкон деп элестетем. Бирок ошентсе да мен бул жол аркылуу өтүп, ага туруштук беришибиз керек деп эсептейм, антпесек, биз дайыма көлөкөдө кала беребиз. Бул сыяктуу окуялардын канчалык тез-тез болуп жаткандыгы жана ага кабылгандар өздөрүн кандай сезип жаткандыктары белгисиз бойдон кала берет – ушундай жол менен гана бир нерсени өзгөртүүгө болот.Туруп, ал тууралуу баарына айтуу маанилүү.