Башкы прокуратура мурунку билим берүү министри, депутат Каныбек Осмоналиевге каршы кылмыш ишин козгоду. Ал «жогорку окуу жайга студенттердин мыйзамсыз кабыл алынышына» тиешеси бар жана «пара талап кылган» деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Осмоналиев 27 абитуриенттин ата-энесинен балдарын Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине өткөрүү үчүн 14 миң доллар алган.

«[Осмоналиев] Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору В. Нифадьев менен билим берүү министри Канат Садыковдон 27 абитуриенттин аталган окуу жайга кабыл алынышын талап кылып баштаган», — деп жазылган көзөмөлдөө органынын билдирүүсүндө.

Анын кайрылуусунан кийин 27 абитуриенттин 24ү Кыргыз-Орус Славян университетине контракттык негизде кабыл алынышкан.

Башкы прокуратура депутат Осмоналиевге каршы кылмыш ишин 25-ноябрда козгоду. Абитуриенттердин мыйзамсыз кабыл алынышына парламентарийдин тиешеси бардыгы боюнча тергөө иштери 2014-жылдын жаз айларынан бери уланып келген.

Көзөмөлдөө органынын билдирүүсү боюнча, кылмыш иши «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жара «пара талап кылуу» беренелеринин негизинде козголду.

Осмоналиевдин өзү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ага каршы тергөө иштеринин башталганына таң калып жаткандыгын бир нече жолу билдирген. Аны менен катар депутат абитуриенттерди кабыл алуу өтүнүчү менен Билим берүү министрлигине кайрылгандыгын четке каккан эмес.

«Мен депутат катары билим берүү министри Канат Садыковдун атына абитуриенттерди кабыл алуу өтүнүчү менен сунуштама кат жолдоп, 24 студенттин бардыгынын аты-жөнүн бергем. Болгону ушул. А андан ары министр алардын социалдык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен Кыргыз-Орус Славян университетинин кабыл алуу комиссиясына кабыл алуу тууралуу буйругун жөнөткөн», — деп билдирген ал «АКИпресс» агенттигине берген маегинде.

Өз кезегинде билим берүү министри абитуриенттердин кабыл алынышына тиешеси жок экенин билдирген — анын айтымында, депутаттын каты абитуриенттерди окууга алуу боюнча акыркы чечимди кабыл алган Кыргыз-Орус Славян университетине жолдонгон.

«Биз депутаттын кайрылуусу боюнча катты жогорку окуу жайдын — Кыргыз-Орус Славян университетинин өзүнүн кароосуна жөнөткөнбүз. Аны менен катар документтерге анализ жүргүзүп, абитуриенттердин калктын көрсөтүлгөн катмарына таандык экенин жана аны көрсөтө турган документтердин бар экендигин аныктоо зарыл экендигин көрсөткөнбүз», — деп жазган «Вечерний Бишкек» порталы анын айткандарын.