Казакстандын «маалыматтык коопсуздугу» үчүн жооптуу болгон Компьютердик инциденттерге аракет этүү кызматы «Ислам мамлекетинин» лагеринде машыгып жатышкан казак балдары жөнүндөгү материалды өчүрүү өтүнүчү менен Kloop.kgнин редакциясына кат жөнөттү.

Кат 24-ноябрь күнү күндүз Kloop.kg жаңылыктар порталынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин дарегине Казакстандын Байланыш жана маалымат министрлигинин алдындагы Компьютердик инциденттерге аракет этүү кызматынын өкүлү Бөтөгөз Абсаттарова тарабынан келди.

«Биз сиздерди бул шилтеме боюнча жарыяланган «Казак жихадчыларынын балдары моджахед болгону жатышат» деген эл аралык укуктар менен Казакстан Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жана тыюу салынган материалга көңүлүңүздөрдү бурууңуздарды өтүнөбүз», — деп жазылган билдирүүдө.

Кызмат БУУнун Коопсуздук кеңешинин өлкөлөр маалымат алмашуунун жардамы менен террористтик чабуулдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүлөрү керектиги тууралуу айтылган 1373-резолюциясына шилтеме жасаган.

Казакстандын бийлиги экстремизм менен терроризмди пропагандалоо жана актоого салынган тыюу Казакстандын Конституциясы жана башка бир нече мыйзамы менен бекемделгендигин жазган.

«Аны менен катар адамдарды үгүттө, жалдангычтарды үйрөтүү жана Казакстан Республикасынын жарандарынын билип туруп катышуулары Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 162чи жана 162-1 беренелерине ылайык, кылмыш болуп эсептелет», — деп жазылган билдирүүдө.

Компьютердик инциденттерге аракет этүү кызматы Kloop.kgнин редакциясы тарабынан кабыл алына турган чечим тууралуу аларга электрондук дареги аркылуу билдирүүбүздү өтүнгөн.

«Колдонуучуларды мыйзамсыз маалыматтан сактоо максатында биз жогоруда айтылган материалды өчүрүшүңүздөрдү өтүнөбүз», — деп билдирди Казакстандын бийлиги.

Кайрылуунун түп нускасы:

We do pay your attention to the material “Children of Kazakh jihadist are going to become Mujahideen”, posted on the following links: http://www.kloop.kg/blog/2014/11/24/video-islamskogo-gosudarstva-deti-iz-kazahstana-ugrozhayut-ubivat-nevernyh/ which contrary to and forbid for distribution according to the international law and the law of the Republic of Kazakhstan.

According to the section 2, subsection b) of the United Nations Security Council Resolution No. 1373, adopted on 28 September 2001 all States shall take the necessary measures to prevent the commission of terrorist acts, including provision of early warning to other States with the help of information exchange.

Interdiction of propaganda and justification of extremism and terrorism in the Republic of Kazakhstan established by the Constitution of the Republic of Kazakhstan (Article 20, Section 3); Laws of the Republic of Kazakhstan on Mass Media (Article 2, section 3), on Combating Terrorism (Article 10, section 1, subsection 1), on Countering Extremism (Article 12) and on National Security of the Republic of Kazakhstan (Article 21 section 2 subsection 1).

In addition, the Recruitment, Training of Mercenaries, willful misconduct participation of citizens of the Republic of Kazakhstan in armed conflict is a crime under Article 162 (mercenarism) and 162-1 (participation in international armed conflicts) of the Criminal Code of the Republic of Kazakhstan.

With purpose to prevent the users from illegal information we ask you to delete abovementioned materials.
We ask to inform about a taken decision by sending to the following email: info@kz-cert.kz.

Компьютерлік инциденттерге әрекет ету қызметі
Служба реагирования на компьютерные инциденты
Computer Emergency Response Team
info@kz-cert.kz
call-center 1400

Kloop.kgнин редакциясынан жооп:

Урматтуу Бөтөгөз,

Катыңыз үчүн рахмат. Сиздин өтүнүчүңүздү аткаруудан баш тартууга бир канча себеп бар, катары менен айталы.

  1. Сиздер терроризмге каршы күрөшүүгө байланышкан эл аралык нормаларды туура эмес түшүндүрүп жатат окшойсуз. Террористтик топтордун ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды таратуу кайсыл бир эл аралык норманын бузулушу катары эсептелбейт. Андай болсо «Ислам мамлекети» уюмунун ишмердүүлүгүн чагылдырып жаткан бардык дүйнөлүк маалымат каражаттары эбак эле массалык куугунтукка кабылышмак. Бирок андай болбой эле.
  2. Kloop.kg веб-сайты Кыргыз Республикасында катталган «Клооп Медиа» коомдук кору тарабынан башкарылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бизге терроризм көйгөйүн чагылдырууга тыюу салбайт. Аны менен катар Кыргыз Республикасынын Конституциясы бизге маалымат таратуу эркиндигине болгон укуктарды кепилдейт. Биз Казакстандын кайсыл гана мыйзамы болбосун анын аракеттерине туш келбейбиз.
  3. Журналистиканын нормаларын колдонуу менен биз «Ислам мамлекети» жана террористтик деп табылган башка умдардын ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды коом үчүн өтө маанилүү деп эсептейбиз. Биз коомчулукту кабардар кылуу — бул кайсыл бир терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири деп эсептейбиз.  Маалымат таратып жаткан журналисттерден көйгөйдү издөөнүн эч кандай кажети жок. Эгер Казакстандын бийлиги жаш балдардын жихадизмге тартылышы көйгөйүн чечкиси келсе, анда медиа-чөйрө — бул жамандыктын себебин издөөчү акыркы нерсе.
  4. Биздин материал толугу менен бейтарап жана анда эч кандай терроризмди пропагандалоо жок. Биз видеону сүрөттөп жазуу менен адамдарга эмне болгондугу тууралуу кабар берип, Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлүнүн айткандарын жазуудабыз. Жогоркуда айтылгандай, биз коомчулукту көйгөй менен тааныштыруу үчүн «Дэйли Мэйл» гезитиндеги кесиптештерибиз тарабынан монтаждалып жасалган видеону жайгаштырдык. Биз «Ислам мамлекети» уюму тарабынан жасалып жаткан кылмыштар тууралуу коомчулук билүүгө укуктуу деп эсептейбиз.

Урматтоо менен Kloop.kg порталынын негиздөөчүсү Бектур Искендер.

«Жихадчы-балдар»

Жихадчы казак балдар жөнүндөгү материал 24-ноябрь күнү «Ислам мамлекетинин видеосу: Казакстандан барган балдар капырларды өлтүрө тургандыктарын билдиришүүдө» деген темада жарыяланган.

Материалдын автору, башкы редактор Эльдияр Арыкбаев Кыргызстанда жана дүйнөнүн дагы бир нече өлкөлөрүндө террористтик деп эсептелген «Ислам мамлекети» уюму тарабынан 22-ноябрда жарыяланган видеороликти сүрөттөп жазган.

Ал видеодо Казакстандан барган 8-10 жаштардагы балдардын «Ислам мамлекетинин» лагеринде курал колдонууга үйрөнүп, араб тилин окуп жаткандыктары көрсөтүлгөн.  Аягында балдардын бири «капырларды өлтүрүп», «жихадчы» боло тургандыгын айткан.