Kloop.kgнин журналисттери медициналык кызматтын өз учурунда көрсөтүлбөй калышынын себептерин билүү үчүн тез жардам кызматынын Бишкектеги станциясында болуп кайтышты. Станциянын директорунун айтымында, унаалардын жетишсиздиги менен унаа тыгындары — дарыгерлердин башкы көйгөйлөрүнүн бири.

Тез жардам кызматынын кечигип келүүсү — медициналык жардамдын өз учурунда көрсөтүлбөй калышынын себептеринин бири. Өз кезегинде ал кээ бир учурларда дарыгерлерди күтүп жаткан оорулуунун өлүмү менен аякташы мүмкүн.

Тез жардам кызматынын Бишкектеги станциясынын башкы дарыгери Жаркынбек Касымбеков Kloop.kgге берген маегинде дарыгерлер бир нече себептерден — унаалардын жетишсиздиги, унаа тыгындары, номурсуз үйлөр, унаалардын начар техникалык абалдарынан улам кечиге тургандыктарын айтты.

Анын айтымында, ар бир көйгөй «далилденбеген айлампаны» түзүп, ал калгандарын жаратат — учурда станциянын балансында 42 тез жардам унаасы бар, а Бишкектин масштабы үчүн 80 унаа талап кылынат.

«Унаалардын жетишсиздиги биздин өз учурунда чыгып кете албагандыбызга себеп болот. Алардын техникалык абалынан улам тез жете албайбыз. А эгер кеч барсак — бул биздин кызматка болгон ишенбестик», — деди ал.

Касымбеков кээ бир учурларда тез жардам кызматынын кечигип барышына шаардык инфраструктура — номурлары же ажыратып билүү белгилери жок жана чоң тосмолуу үйлөр таасирин тийгизе тургандыгын айтат.

«Кээ бирде бизди чакырганда апыртып, өтө коркунучтуу себептерди айткан учурлар кездешет. А барсаң жөнөкөй гана кан басымын өлчөп коюу гана талап кылынып же ал адам кимдир бирөөнү сагынып, сүйлөшкүсү келип жаткан болот», — деди башкы дарыгер.

Сүрөтбаян: Тез жардам кызматынын иши кабарчынын көзү менен