26-ноябрь күнү болжол менен саат 15:30дардан тарта Kloop.kgнин жаңылыктар бөлүмү Казакстандагы колдонуучулар үчүн ачылбай калды. Медиа-порталдын негиздөөчүлөрү казак бийлигинин мындай чечимине кайгырышууда. Тосмолоо сайтка «казак жихадчы-балдар» жөнүндөгү материал жарыялангандан кийин болууда.

Kloop.kg жана анын жаңылыктар бөлүмүнүн бардыгы тең Казакстандагы колдонуучулар үчүн ачылбай калды — аны материалга кире албай жаткан казак колдонуучуларынын жазган пикирлери менен дүйнө өлкөлөрүндөгү сайттардын иши боюнча онлайн-сервистердин маалыматтары ырастоодо.

«[Kloop.kg] сервис 8 секунддун ичинде жооп бербегендиктен операция үзүлдү», — деп билдирүүдө «Пинг Админ» онлайн-сервиси сайттын Алматы, Алатау, Караганда жана Костонай шаарларындагы жеткиликтүүлүгүн текшерүүдө.

Kloop.kgге Алматыдан кирүүгө аракет кылганда «Хост Трэкер» сервиси да ката кеткендигин көрсөтүүдө.

Бирок аны менен катар порталдын блогдук бөлүгү тосмолоого кабылган эмес — blogs.kloop.kg менен порталдын калган сайттары Казакстандын аймагында ачылып жатат.

Сайт 24-ноябрда Kloop.kgге «Ислам мамлекети» уюмунун лагерлеринде машыгуудан өтүп жаткан 8-10 жаштардагы казак балдар тууралуу материал чыккандан кийин тосмолонду. Аталган уюм дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө террористтик деп табылган.

Материалга «Дэйли Мэйл» жаңылыктар агенттигинен алынган видео-үзүндү жана видеодон алынган скриншоттор да жайгаштырылган.

Азырынча бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Казакстандын Байланыш жана маалымат министрлиги менен Башкы прокуратурасы жеткиликсиз болууда, бирок 24-ноябрда эле Казакстан Республикасынын башкы көзөмөлдөөчү органы ал видеону тосмолоо боюнча чаралар тууралуу кабарлаган.

«[…] Казакстан Республикасынын Инвестициялар жана өнүгүү боюнча министрлигинин Байланыш, маалыматташтыруу жана маалымат комитетине жогорудагы видеону тосмолоо боюнча чараларды кабыл алуу жана аны мыйзамсыз деп таап, соттук тартипте Казакстандын аймагында таралышына тыюу салуу тууралуу жазуу түрүндөгү буйрук киргизилди», — деп билдирген Казакстандын Башкы прокуратурасы.

Kloop.kg порталынын негиздөөчүлөрү Бектур Искендер менен Ринат Тухватшин Kloop.kgге берген маектеринде сайттын Казакстандын аймагында тосмолонгондугуна кайгырып жаткандыктарын билдиришти — алар сайттын тосмолонушу балдардын терроризмге тартылышына каршы күрөшүүдө таптакыр жардам бербейт деп эсептешет.

Бектур Искендердин комментарийи:

«Казакстандын бийлиги өз аймагында Kloop.kg веб-сайтын тосмолоо менен кезектеги жолу адекватсыз экенин көрсөттү.

Бул биринчи жолу эмес — 2008-жылдан бери Казакстанда «Живой журнал» платформасы тосмолонгон бойдон турат. Платформа бир блог үчүн толугу менен тосмолонгон. Эми Казакстандан барган балдар террористтик «Ислам мамлекети» уюмунун лагерлеринде аскердик даярдыктан өтүп жаткандыктары тууралуу айтылган бир материал үчүн жаңылыктар порталы толугу менен тосмолонууда.

Биз кандай гана жаман нерсе болбосун, ага каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири катары маалымдоону деп эсептеп келгенбиз, учурда да ошондой деп эсептейбиз жана мындан ары да ошондой деп эсептей беребиз. Казакстандын бийлиги билдирип жаткандай, биздин материалдарда эч кандай «терроризмди пропагандалоо» болгон эмес. Аны менен катар биздин материалда Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин түшүндүрмөсү да болгон.

Биз адамдарга ал көйгөй тууралуу билүү мүмкүнчүлүгүн бердик. Эми бизди ошонубуз үчүн тосмолоп жатышат.

Казакстандын бийлигинин көйгөйдү чечүү жолу катары башын кумга көмүп, көйгөйдөн жашырынууну эсептеп жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Тилекке каршы, маалымат сайттарын тосмолоо балдардын терроризмге тартылышына каршы күрөштө таптакыр жардам бербейт.

Тескерисинче, мындай аракеттери менен Казакстандын бийлиги аны менен алектенип жаткандардын колун бошотууда. Анткени ал тууралуу эч ким билбей турганда кылмыш жасоо кыйла жеңилирээк болот.

Ринат Тухватшиндин комментарийи:

«Биз сайтыбыздын Казакстан Республикасынын аймагында тосмолонушуна кайгырып жатабыз. Биз өз ишибизди сапаттуу аткарып жатабыз деп эсептейбиз. «Ислам мамлекетиндеги» балдар тууралуу материалыбызда  эч кандай терроризмди пропагандалоо жок.

Kloop.kgнин максаты биздин регион үчүн маанилүүрөөк болгон окуяларды, кубулуштарды чагылдыруу. Казакстандык балдардын Сирия аймагындагы куралдуу каршылашууларга катышып жатышы түздөн-түз ошол категорияга туура келип калат. Биздин сайтка жайгаштырылган видео-үзүндү «Ислам мамлекети» тараткан видонун түп нускасынын 10 пайыздан аз бөлүгүн гана камтыйт жана ал тексттик материалды ырастоо үчүн керек.

Террористтердин жасаган кылмыштарын так жана бейтарап чагылдыруу терроризмге каршы туруудагы башкы элемент болуп эсептелет. Мындан улам мен Казакстандын бийлигин журналисттерге эмес, а терроризмге каршы күрөшүүгө чакырам».

Буга чейин Казакстандын бийлиги сайтты толук эмес, аталган материалды гана тосмологон.

«Жихадчы-балдар» жана бийликтин реакциясы

«Ислам мамлекетинин» лагеринде Казакстандан барган балдардын машыгуудан өтүп жаткандыктары жөнүндөгү материал 24-ноябрь күнү Kloop.kg маалымат порталына жарыяланган. Анда балдардын араб тилин окуп, курал колдонуу ыкмаларын үйрөнүп жаткандыктары тартылган видео сүрөттөлгөн.

Видео келечекте «капырларды өлтүрүп», «жихадчы» боло тургандыгын айткан баланын маеги менен аяктайт.

«Бул машыгуучу лагерде биз ыйык Куранды, араб тилин, таджвид (Куран окуу эрежелери) жана фикх (мусулман укугу) окуп атабыз. мунун бардыгын биз Алланын ыраазычылыгы үчүн окуп үйрөнүп жатабыз. Азыркы тапта биз лагерде машыгып атабыз. Биз силердей капырларды өлтүрөбүз», — дейт кичинекей бала казак тилинде көрүүчүлөргө кайрылып.

Казакстандын бийлиги ал материалга карата реакциясын ошол эле күнү билдирди — Байланыш жана маалымат министрлигинин алдындагы Компьютердик инциденттерге аракет этүү кызматынын өкүлү Бөтөгөз Абсаттарова порталдын негиздөөчүсүнө жөнөткөн катында материалды өчүрүүнү өтүнгөн.

Шилтеме: Казакстандын бийлиги жөнөткөн каттын түп нускасы

Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы туруу боюнча 1373-резолюциясы менен Казакстандын экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдарына шилтеме жасаган.

«Аны менен катар адамдарды үгүттө, жалдангычтарды үйрөтүү жана Казакстан Республикасынын жарандарынын билип туруп катышуулары Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 162чи жана 162-1 беренелерине ылайык, кылмыш болуп эсептелет», — деп жазылган билдирүүдө.

Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер материал толугу менен бейтарап экенин жана анда эч кандай терроризмди пропагандалоонун жоктугун билдирип, Казакстандын бийлигинин материалды өчүрүү өтүнүчүнө баш тартуу менен жооп берген.

Шилтеме: Kloop.kgнин негиздөөчүсүнүн берген толук жообу

«Сиздер терроризмге каршы күрөшүүгө байланышкан эл аралык нормаларды туура эмес түшүндүрүп жатат окшойсуз. Террористтик топтордун ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды таратуу кайсыл бир эл аралык норманын бузулушу катары эсептелбейт. Андай болсо «Ислам мамлекети» уюмунун ишмердүүлүгүн чагылдырып жаткан бардык дүйнөлүк маалымат каражаттары эбак эле массалык куугунтукка кабылышмак. Бирок андай болбой эле», — деп жазган Искендер.

Казакстандын бийлигинин өтүнүчүнөн кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги дагы Kloop.kgнин материалды өчүрүшүн өтүнүп, андан аркы чечимдерди кабыл алышы үчүн материалдарды прокуратурага жөнөткөн.