Казакстандын жарандары бир ай мурун операция маалында электр жарыгы өчүп калган Жалал-Абаддагы оорукана үчүн генераторго акча чогултушту.

26-ноябрда акча чогултуу боюнча акциянын уюштуруучуларынын бири Адилет Саткеев казакстандыктар Жалал-Абаддагы ооруканада жүрөккө операция жасалып жаткан маалда электр жарыгынын өчүп калгандыгы тууралуу уккандан кийин ал жакка генератор сатып берүү үчүн акча топтоп баштагандыктарын билдирди.

«Биздин Казакстандагы досторубуз алдыда мындай окуялардын кайталанбашы үчүн 50 килловаттык генератор сатып алууга акча чогултушту. Алар генераторду сатып алуу үчүн зарыл болгон сумманын калган бөлүгүн бүгүн которушту! Эми операцияны жарыксыз жасоого туура келбейт жана дарыгерлерибиз мындан да көптөгөн адамдардын өмүрлөрүн сактап калат деген үмүттөбүз!» — деп жазган ал Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына.

Акциянын уюштуруучусу Каспарс Кукелис генераторго казакстандыктар болжол менен 7 миң доллар чогулткандыктарын жазды.

«Достор, бүгүнкү күн үчүн статус — бизде $5000 бар! Андан сырткары Adilet Satkeyevдин колунда $400 бар, эгер эч нерсе болуп кетпесе эле Kuat Dombai жакынкы арада $200 жеткирип берүүнү убадалады. Жалпы сумма — $5600, бир аз гана калды — $1400! Келгиле биргелешип чогултуп, аягына чейин чыгаралы!» — деп чакырган ал 12-ноябрда Facebookтагы досторун.

Жалал-Абадга генераторду 28-ноябрда жеткиришти — Саткеевдин айтымында, жабдууга 14 адам акча кошкон.

Оорукананын директору Калдарбек Абдраманов активисттерге Facebookтагы жеке баракчасы аркылуу ыраазычылыгын билдирип, генератор жеткирип берген казакстандыктарын ордунда кыргыз өкмөтү болушу керектигин жазды.

«Жардам үчүн Казакстандын жигиттери менен биздин кыргыз ишкерлерине рахмат! Жакында операция жасап баштайбыз! 100дөн ашык оорулуу күтүүдө. Ар бир сакталган өмүрдө сиздердин үлүшүңүздөрдүн катышы болот!» — деп жазды ал.

Телефондун жарыгында жасалган операция

Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк аймактык илимий борборунун директору, профессор Калдарбек Абдраманов 10-октябрь күнү Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жүрөккө жасалып жаткан операция тартылган видео жайгаштырган.

Ал видеонун өзгөчөлүгү операциянын уюлдук телефондун жарыгында жасалгандыгында болгон — операция маалында ооруканада электр жарыгы өчүп калган.

Видео Кыргызстандын сыртындагы ондогон маалымат агенттиктерине чейин жеткен.

Хирургдун өзү окуяга баа бербестен, өлкөдөгү энергетикалык каатчылыктан улам электр жарыгы дайыма өчүп жаткан шартта медиктердин эмне кылуулары керектиги боюнча бир нече суроо узаткан.

««Мен үчүн буга жооп табуу кыйын болууда — кылмышпы же баатырдыкпы? Биз кантишибиз керек? Операциялык үстөлдөгү оорулунун өмүрүн негизсиз тобокелчиликке салып, операцияны уланталыбы? Операциялык топту стресске түшүрөлүбү? Жүздөгөн оорулууларды мезгилсиз өлүмдүн тобокелдигине дуушар кылып таштап коелубу? Биздин иштөөбүз үчүн тиешелүү шарттарды түзгөнчө канча күтүшүбүз керек?» — деп жазган ал.

Ал операциядан кийин Абдрамановдун өзүнө сөгүш жарыяланган.