Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген маегинде Кумтөрдү улутташтыруу абалдан чыгуунун «жалгыз жолу» болуп калышы мүмкүндүгүн, ал эми кыргыз-канада биргелешкен ишканасын түзүү учуру «өтүп кендигин» билдирди.

Атамбаевдин маеги анын президенттигинин үч жылдыгына карата кыргыз телеканалдарында 1-декабрда көрсөтүлгөн. Анда өлкө башчысы Кыргызстандын бийлигинде бир гана — Кумтөрдү улутташтыруу жолу калышы мүмкүндүгүн айтты.

Кумтөр — канадалык «Центерра» компаниясы тарабынан иштетилип жаткан Кыргызстандагы алтын кени. Өз кезегинде кыргыз бийлиги «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат.

Бирок Кыргызстандын «Центеррадагы» 77 млн. акциясынын 47 миллиону үстүбүздөгү жылдын октябрында башка иш боюнча соттук териштирүүлөрдүн алкагында камакка алынган.

«Мындай кырдаалда биз биргелешкен ишкана да түзө албайбыз, анткени биздин акцияларыбыздын көпчүлүк бөлүгү камакта. Тактап айтканда, тилекке каршы биз Кыргызстан менен «Центерранын» ортосунда биргелешкен ишкана түзүш керек болгон учурду өткөрүп жибердик», — деди Атамбаев.

Президент өкмөт менен парламент Кумтөр боюнча чечимдин кабыл алынышы үчүн жоопкерчиликти өзүлөрүнө алгылары келбей жатат деп эсептейт.

«Факты жүзүндө биз бардык резервдерди, ресурстарды бүтүрүп, убакытты өткөрүп жибердик. Декабрь айынын ичинде чечим кабыл алуу керек деп эсептейм», — деди Атамбаев.

Ал кээ бир учурларда «бардык маселелерди өз жарлыгы менен чечип жибергиси келээрин» кошумчалады. Бирок айтымында,  «мүмкүн тилекке каршыдыр, мүмкүн бактыга жарашадыр» ал мындай кадамдарды жасай албайт, анткени Кыргызстан — президенттик эмес, а парламенттик өлкө.

12-1

Атамбаев маегинде мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн «Центерра» менен кыргыз-канада биргелешкен ишканасын түзүү боюнча 2013-жылдын аягындагы чечимин парламенттин колдобой койгондугуна өкүнүп жатканын билдирди.

«Өкмөт дагы мурунку өкмөттөн кийин коркуп жаткансыйт, бүгүнкү күндө ал башын кумга тыгып алып, эч нерсе  көрбөй элем, эч нерсе укпай элем деген төө куштун абалында. Жыйынтыгында бизде бир гана — улутташтыруу жолу калабы деп коркуп турам», — деди ал.

Атамбаев Кыргызстандын «Центеррадагы» акциялары камакка алынган октябрь айында «чечкиндүү чараларды көрүү керектигин» айткан. Бирок анда ал эмне болгон «чечкиндүү чаралар» экенин тактап айткан эмес.

«Улутташтыруу, андан кийин эмне болот?»

Укуктук маселелер боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов Kloop.kgге берген маегинде эгер Кумтөр улутташтырыла турган болсо Кыргызстанды «келечеги баалана элек чоң юридикалык териштирүүлөр» күтөөрүн билдирди.

«Кыргызстанда алтын запасынын көп экендигине карабастан аларды иштетүү кыйын. Кумтөргө байланышкан кырдаал өлкөгө болгон ишенимдин төмөндөшүнө алып келет. Анткени компания менен өкмөттүн ортосундагы келишим инвесторду коргойт деген кепилдик жок да. Кыргызстан насыяларды кайра төлөөгө кудуретүү мамлекеттердин бир дагы рейтингине кирбейт, аларга ылайык, инвесторлор өлкөгө келүү же келбөө боюнча чечимдерди кабыл алышат», — деди ал.

Эксперт кендин улутташтырылышы ыктымалдыгынан кийин Кыргызстандын Кумтөр кениндеги алтынды иштетүүнү колдой ала тургандыгынан күмөн саноодо.

«Албетте, жабдууларды да улутташтырса болот, бирок андан ары эмне болот деген суроо жаралат. Кенди ким колдоп, ким иштетет? Жаңы жабдууларды ким сатып алат, ким жеткирет? Анда жүк ташуучу унаанын бир дөңгөлөгүнүн эле баасы эки бөлмөлүү батирдикине барабар», — деди ал.

Бактыгулов ишкана улутташтырылгандан кийин ишин уланткан күндө да алтынды сатууда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

«Бизде ал алтын Кыргызстандын чегинен чыгаары менен эл аралык ордер менен камакка алынбайт деген кепилдик барбы? Канадалык компания доосунда көрсөтүлчү сумманы алмайынча камактар боло берет», — деп жыйынтыктады эксперт.

«Центерра» менен сүйлөшүүлөр

Ал ортодо Кыргызстандын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өкмөттүн 3-декабрдагы жыйынында биргелешкен ишкана түзүү боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди.

«Азыркы учурда канадалык тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилүү бир пункттар боюнча карама-каршылыктар бар, бирок алардын үстүнөн биздин эксперттер иштеп жатышат. Жыйынтыктары 2-3 күндүн ичинде жарыяланат деген үмүттөбүз», — деп жазган КирТАГ маалымат агенттиги Сарпашевдин айткандарын.

Анын айтымында, кыргыз тарап эгер 2015-жылдын январында жаңы келишимге кол коюлбаса дагы баары бир дивиденттер теңме-тең бөлүштүрүлөт деген пункту киргизүүгө аракет кылып жатат.

2014-жылдын октябрында Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларын башкарган мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасынын башчысы Токон Мамытов тараптар теңме-тең үлүштөрү менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашкандыктарын билдирген.

«Жакынкы арада биз Бишкекте биргелешкен ишкана түзүүгө байланышкан акыркы маселелер чечиле турган сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатабыз», — деп билдирген анда Мамытов.

Кыргызстан акыркы эки жылдан бери «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Өлкөнүн бийлиги алтын иштетүү ишканасы боюнча 2003чү жана 2009-жылдары түзүлгөн келишимдерден кийин Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан 33 пайызга чейин азайгандыктан ал келишимдерди «адилетсиз» болгон деп эсептөөдө.

Улутташтыруу тууралуу кептер

2014-жылдын күз айларында, Кыргызстандын «Центеррадагы» 47 млн. акциясы камакка алынгандан кийин депутат Өмүрбек Текебаев башында турган парламенттик «Ата Мекен» фракциясы Кумтөр кенин улутташтыруу маселесин көтөрүп чыккан.

Депутаттар Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун өкмөт менен парламенттин кароосуна киргизишкен. Бирок социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ал демилгени «популизм» деп атаган.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кумтөрдү улутташтыруу маселесин биринчилерден болуп парламенттик «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары көтөрүп чыгышкан — алар 2012-жылдын октябрында кенди мамлекеттин менчигине өткөрүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.

Бирок акция депутаттарга каршы соттук териштирүүлөр менен аяктаган. Анын жыйынтыгында эл өкүлдөрү парламенттеги орундарынан кол жуушкан. Ал эми улутташтыруу боюнча талаптар Ысык-Көл облусунун кен жайгашкан районундагы жергиликтүү тургундар тарабынан айтыла баштаган.

Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу алгачкы билдирүү 2007-жылы айтылган — бул маселени кыргыз парламентинин ал кездеги вице-спикери Кубанычбек Исабеков менен депутаттардан турган топ көтөрүп чыккан. Бирок анда өкмөт кенди улутташтыруудан баш тарткан болчу.

Со-автор: Медина Жумашева