Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдик биримдиктин аймагында доллар менен евродон баш тартышы мүмкүн, деп билдирди «Известия» гезити. Кыргызстан аталган биримдикке 2015-жылдын башында киргени жатат.

Орусиялык «Известия» гезити Орусиянын Улуттук төлөө кеңешинин директорлор кеңешинин төрагасы Александр Мурычевго шилтеме жасоо менен Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөр аралык эсептешүүдө доллар менен евродон баш тартышы мүмкүндүгүн билдирди.

Билдирүү орусиялык Казан шаарында интеграциялык биримдиктин аймагындагы төлөө системаларын өнүктүрүү концепциясы сунушталгандан кийин жасалды.

Мурычевдун айтымында, биримдикке мүчө өлкөлөр улуттук валюталарда — рубль, теңге, белорус рубли жана драмдар менен эсептешүүгө өтүшөт. Ал доллар менен евродон баш тартуу 2025-2030-жылдары ишке ашышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Колдо бар статистикалык маалыматтар боюнча, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн жарымына жакыны башка валюталарга — АКШ доллары менен еврого туура келет. Бул биримдиктин ал экономикаларга болгон көз карандылыгын күчөтөт. Кандай гана бүтүм болбосун ага контрагенттердин доллар же евро-эсептери ачылган батыш банктары катышат эмеспи», — деп жазган «Известия» Мурычевдун айткандарын.

Гезит ошондой эле доллар менен еврону интеграциялык биримдиктин аймагында да колдонууга тыюу салуу сунушталып жатканын билдирди.

«Известия» Орусиянын Мамлекеттик думасы менен Федерация кеңешинде Мурычевдин идеясы колдоо тапкандыгын жазган.

Казакстандын Ишкерлердин улуттук палатасы республика доллар жана евро менен эсептешүүдөн баш тартууга даяр эмес экенин билдирди.

«Жогоруда айтылгандардан улам, Казакстандын Ишкерлердин улуттук палатасы доллар менен евродон баш тартуу жөнүндөгү билдирүү Александр Мурычевдун жеке пикири болуп саналат деп эсептейт жана ишкерлерди расмий булактар тарабынан таратылган маалыматтарга багытталууга чакырат», — деп жазган «Свобода» радиосунун казак кызматы ишкерлер палатасынын билдирүүсүн.

Материал жарыяланып жаткан маалга карата бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Кыргызстандын Улуттук банкынын басма сөз кызматы жеткиликсиз болду.

Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү тууралуу келишим 2014-жылдын 29-майында Астанада түзүлгөн. Бул Бажы биримдигинин өнүгүүсүнүн кийинки баскычы. Келишим 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү тууралуу келишимге төрт өлкө — Орусия, Беларусь, Казахстан жана Армения кол койгон. Кыргызстандын биримдикке кирүү тууралуу келишимге 2014-жылдын 23-декабрында кол коеору күтүүлүүдө, ал эми биримдикке 2015-жылдын 1-январында кириши пландалып жатат.

Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматы боюнча, 2013-жылы Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы жалпы товар алмашуу $64,1 млрд. түзгөн. Биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдүн 50 пайызы рубль менен, 40 пайызы доллар, 8-9 пайызы евро жана 1 пайызы башка валюталарда жүргүзүлөт.

Доллар менен евродон баш тартуу ыктымалдыгы тууралуу билдирүү аталган валюталардын кунунун Орусияда, Казакстанда жана Кыргызстанда өсүп жатышынын фонунда жасалды.

Google Finance сервисине ылайык, жыл башынан бери кыргыз сомунун куну долларга карата 17 пайызга, ал эми орус рублиники 60 пайызга арзандаган.

Кыргызстандын Улуттук банкынын билдирүүсү боюнча, жыл башынан бери өлкөдө инфляция 8,7 пайызды түзгөн.