Биздин замандын V кылымында жасалган алтын жасалга Лондондогу «Сотбис» аукционунда 320 миң долларга сатылды. Ал Бөкөнбаев айылындагы кыргыз үй-бүлөсүндө муундан-муунга берилип келген.

Аукцион 3-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталган. Биздин замандын V кылымында жасалган Кыргызстандан алынып барылган жасалга сатууга 320 миң доллардан 490 миң АКШ долларына чейинки старттык баада коюлган — ал бүгүнкү аукциондо коюлган 114 лоттун эң кымбаты болду.

Жасалга хунндар доорунда жасалган. Ал XIX кылымдын аягында ээси Сансызбай Үмүткөрдүн атынан «Үмүткөрдүн жакасы» деп аталган.

Баалуу буюмду XIX кылымдын аягында Кыргызстандагы жогорку социалдык абалдагы Үмүткөр алган. Жасалга 2013-жылы Словакияга жөнөтүлгөнгө чейин үй-бүлөдө муундан-муунга берилип келген.

«Үмүткөрдүн жакасы» согулуп токулган алтындан, кара кочкул асыл таштардан жана айнектен жасалган.

Sothebysfifthcenturycollar003

«Ал кезде хунндар европалык урууларды басып алып, Рим менен Константинополдон көп сандаган алтынды алып кетишкен. Бул баалуулуктун байкалып турган кылдат чеберчиликте жасалгандыгы алардын өтө кылдаттыгы жана сыпайылын билдирип турат. Дизайн чеберлерде жогорку сапаттагы кара кочкул асыл таштарга оңой эле жетүү мүмкүнчүлүгү бар болгон хунну дооруна мүнөздүү», — деп жазган «Сотбистин» өкүлү Эйс Эндерсон.

Sothebysfifthcenturycollar002

«Сотбистин» европалык искусство менен скульптуралар боюнча адиси Эрик Биджет хуннулардын баалуулуктарынын бөлүктөрү да сейрек кездеше тургандыгын жазган.